Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:39

Жогорку Кеңеш 16-апрелде акыйкатчынын баяндамасын угуп, бирок ал боюнча добуш берүүнү кийинки жумага калтырды.

Буга депутаттардын акыйкатчынын баяндамасына баа берүү керекпи, же жөн гана маалымат иретинде угуп коюу мыйзамдуубу деген талаш-тартышы негиз болду.

Андан сырткары Бакыт Аманбаев укук коргоочу эмес, саясатчы болуп алды деген доомат айтылды. Парламенттеги оппозициячыл депутаттар болсо тескерисинче, акыйкатчынын позициясын колдоп жатат.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев баяндамасында Башкы прокуратураны акыйкатчы институту менен кызматташпайт, жөнөткөн арыздардын көбү көңүл сыртында калат деп сынга алды. Сот системасындагы, жабык жайлардагы адам укугун бузган алешемдиктерди санап өттү:

- Башкы прокуратура өлкөдөгү саясий маселелерге байланыштуу иштерди абдан тез, ыкчам карап, ал эми укуктары бузулган карапайым адамдардын арыз-даттанууларына кайдыгер мамиле кылат. Алардын укуктарын тебелеген чиновниктерге карата чара көрбөй, арыздарын кароодон сылык-сыпаа эле баш тартып коёт. Сот реформасын тез арада соңуна чыгабай туруп адам укугу менен эркиндигин сактоону жана коргоону жакшыртуу дээрлик мүмкүн эмес. Андан сырткары дагы бир көйгөйлүү маселе - убактылуу тергөө абактарындагы кыйноо, уруп-согуу фактылары.


Бакыт Аманбаев баяндамасында Коомдук телерадио корпорациясына кеңири токтолду. КТРКга бир жактуулук боюнча доомат айтты:

Акыйкатчы Коомдук телеканалдын дарегине сын узатты.

Акыйкатчы Коомдук телеканалдын дарегине сын узатты.

- Кыргызстанда ар бир адамдын күнөөсү сот менен далилденмейинче, аны күнөөлүү деп айтууга эч кимдин укугу жок. Бирок Коомдук телеканал мурдагы Акаевдин, Бакиевдин мезгилиндегидей эле каралап жатат. Экинчиден, КТРКнын жетекчилиги 10-апрелде Бишкекте өткөн митингди бир тараптуу, адилетсиз көрсөттү. Үчүнчүдөн, КТРКнын жетекчилиги акыйкатчы көтөргөн маселелерди көрсөтпөй, дайыма тоскоол болуп жатат. Ар кандай себептер менен кармалган саясатчыларга, сиздердин кесиптештериңиздерге, тактап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековду, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду жана башка саясатчыларды соттун чечими жок эле бир жактуу күнөөлүү кылып, коомчулукка аларды “мокочо” кылып көрсөтүү аракетин улантууда.

Депутаттар талкууга өткөндө мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кеткен кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Азиз Батукаевге байланыштуу да суроо берилди. Бакыт Аманбаев Батукаев боюнча аткаруу бийлигин күнөөлөдү:

- Батукаев маселесинде бийлик тараптан одоно кемчиликтер кеткен. Аны Жогорку Кеңеш үч күн бою талкуулап, кимдер күнөөлүү экенин аныктап, токтом кабыл алган. Ошол токтом аткарылышы керек деп ойлойм. Бул абдан туура чечим болгон.

Баш прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу өз кезегинде аталган органга карата акыйкатчынын дооматтарын четке какты:

- Мүмкүн кемчиликтер бардыр. Бирок прокуратура органдары колунан келишинче жаңы ыкмаларды колдонуп, текшерүү жүргүзүп жатат. 2011-жылдан бери жаңы буйруктун негизинде кыйноолор боюнча көзөмөл жүргүзүү күчөтүлгөн. Ошонун негизинде күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзөбүз. Алардын саны жыл сайын 3-4 миңге жетет.


Бакыт Аманбаев жасаган баяндама талаштуу талкуу жаратты. Оппозициячыл маанайдагы депутаттар күч органдарындагы, сот системасындагы алешемдиктерди айтып чыкканын колдоого алды. Бирок Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева Бакыт Аманбаев укук коргоочу эмес, саясатчы болуп алды деп сындады:

Дамира Ниязалиева.

Дамира Ниязалиева.

- Акыйкатчы институту – бул мамлекеттик орган болгондуктан урматтуу акыйкатчы сиз бийликтин бир бутагысыз. Ошол эле учурда сиз оппозиция менен позицияңыз дал келбейт деп айттыңыз. Бирок баяндамаңызда оппозициячыл саясатчыларга гана токтолдуңуз. Эмне себептен, карапайым адамдардын укутарына токтолбогонуңуз белгисиз. Баяндамада бардык маселелер майдаланып кеткен. Корутунду жалпы мүнөздө болуп, түшүнүксүз болуп калган. Жасаган иштери, баяндамасы Акыйкатчы институтундай эмес, бейөкмөт уюмдай таасир калтырып жатат.

Парламентте талкуу учурунда акыйкатчыга маал-маалы менен коомдук телерадиокорпорациясынан чыгып сүйлөп турууга мүмкүнчүлүк берүү керек деген сунуш айтылды. Бирок ал колдоо тапкан жок. Колдобогондордун арасында Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков да болду:

- Бул мамлекеттик эмес, коомдук телеканал. Биз ал жакка Байкоочу кеңеш шайлаганбыз. Ар бир программасына, кимди, эмнени көргөзө турганына ошолор кийлигишкенге акылуу. Анан биз ушул жерде отуруп алып кимге эфирден канча убакыт берүү керектигин, кимди көрсөтүү зарылдыгын чечип отурган болбойт. Анда парламент бийликтин баарын эле өзү алып, башкалардын баарын таратып ийиши керек го деген да ой туулат.


Парламентте акыйкатчынын баяндамасына баа берүү керекпи, же маалымат иретинде угуу мыйзамдуубу деген узакка созулган талаш-тартыштан кийин добуш берүү кийинки аптага калды.

Бул 2013-жылы октябрда шайланган акыйкатчынын алгачкы баяндамасы болду. Мурунку акыйкатчыны кетирүү да, жаңысын шайлоо да бир топ чуу менен коштолгон. Кызматка келгенине жарым жыл болгонуна карабастан Бакыт Аманбаевди президент Алмазбек Атамбаев кабыл ала элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG