Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Акыйкатчы фракциянын көзүн карайбы?


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду колдогон акция. 18-сентябрь, 2013-жыл
Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду колдогон акция. 18-сентябрь, 2013-жыл

Эртең Жогорку Кеңеш акыйкатчыны шайлашы керек. Учурда бул орунга фракциялар көрсөткөн сегиз талапкер ат салышууда. Алардын арасында юристтерден тышкары, инженер-гидротехник, эки филолог жана мугалим бар.

Алардын айрымдары депутаттарды түрө кыдырып, үгүттөп, атургай тааныш-тамырларын ортого салган учурлар да айтылууда.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду журналисттер бир айдан бери парламентте жүргөнүн көрүшөт. Ал азыр акыйкатчылыкка талапкерлигин коюп, ар бир депутаттын кабинетине баш багууда. Аны менен депутат Кубанычбек Жумалиевдин иш бөлмөсүнөн чыгып келатканда беттештик:

- Атайын тизме түзүп алдым. КСДПнын депутаттарынын тизмеси, телефонунун, кабинетинин номерлери жазылган. "+" жана "–" деп белгилеп койдум. "+" жолуккан, колдойт деп ишенип тургандар. Бул эми оңой эмес да. Ар бир депутатка кирип, программамды түшүндүрүү керек. Мен кирбеген төрт-беш эле депутат калды, - деди Турсунбек Акун.

Акун мырза башкалардан көбүрөөк аракет кылып чуркаганы менен, калгандары деле жөн отуруп калган жери жок. Жаш депутат Жанар Акаев бул орунга келгиси келгендер акыркы убакта тынбай келип жатканын айтты:

- Акыйкатчыга шайлоо болот дегенден бери талапкерлердин төрт-бешөө күндө ушул жерде. Депутаттарга бир эмес, үч-төрт жолудан киргендери бар. Бирөө жердеш болобуз дейт, бирөө экөөбүз тең жашпыз, колдоп койчу дейт. Өң-тааныштык аябай чоң роль ойноп атат. Программасын бирөө да көрсөткөн жок.

Талапкерлер арасында өздөрү кирип үлгүрбөгөндөрүнө санаалаштарын жиберген учурлар да бар. Өң-тааныштык, кол ийрисине тартмай буга чейин деле болуп келгенин, бул жолу деле андан алыс кетүү кыйынга турарын тажрыйбалуу депутат Өмүрбек Текебаев да моюнга алат. Анын айтымында, мунун айынан бир топ адам талапкерликтен баш тарткан:

- Талапкерлер арасынан татыктуу, сабаттуу адис, эл арасында аброю барлар койгон жок. Көбү баары бир өтпөйбүз, ал жерге барып келеке болгондон көрө өз ишибизди кыла берели деп жатат. Жогорку Кеңештин объективдүүлүгүнө ишенгендер аз болууда.

Мындан тышкары бул кызматтын саясатташып кеткени да коомчулукта аркыл пикирлерди жаратууда. Журналист Мырзакат Тыналиевдин оюнда, бул орун таасирдүү бийлиги болбосо деле көптүн көзүн кызартканынын жөнү бар:

- Биринчиден, кыргызды кандай болсо да кызмат кызыктырат. Дагы бир жагы ал орунда эл аралык уюмдар менен ар кандай иштерди алып барганга болот. Карьералык тепкич катары көргөндөр да бар. Андан башка эч кызыкчылык деле жок. Акыйкатчынын жылдык баянында атайын тиркеме бар. Анда кайсы мамлекеттик уюм, мекеме адам укуктарын бузууга жол берди, деген маалымат бар. Бирок ал эч кимге таасир бербейт. Анын айынан бирөө сөгүш алып, кызматтан кеткенин уга элекпиз.

Ошол эле учурда акыйкатчылык орунга талапкерлерди парламенттеги партиялаштар көрсөтүп жаткандыктан кийин бирөө өтүп калса, ошол фракциянын кол баласы болуп калбайбы деген чочулоо да күч.

Учурда акыйкатчынын ордуна сегиз талапкер ат салышууда. Алардын арасында юристтерден тышкары инженер-гидротехник, эки филолог жана мугалим бар. Үч талапкерди "Ата Мекен", калганын башка фракциялар көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG