Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Кызмат талаш курч болчудай


Кыргызстанда Укук коргоочулар кеңеши акыйкатчы шайлоону саясатташтырбоо тууралуу Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду.

Анда акыйкатчы кандай критерийлерге жооп бериши керектиги да көрсөтүлгөн. Айрым парламент өкүлдөрүнүн пикиринде бул процесстен саясат издебөө зарыл.

Акыйкатчыны шайлоо тууралуу сынак жарыяланганда бери эле ал мыйзамдык талаш-тартыш менен да коштолуп жатат.

Акыйкатчылыкка талапкер болуп көрсөтүлгөндөрдүн арасында мурунку юстиция министри Марат Кайыпов да бар. Экс-министр эмнеге акыйкатчы болгусу келгенин “Азаттыкка” айтып берди:

- Өмүр бою ушу тармакта алектенип келатам. Мамлекеттик кызматта, өкмөттүк эмес уюмда иштегенде деле алектенгем. 2000-2001-жылы бейөкмөт уюмдардын жетекчилери болуп чогулуп, ЕККУнун алдында “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамды жазганбыз. Ошондуктан бул кызмат мага тааныш. Бул кызматтын деңгээлин дагы алдыга жылдырса болот. Каалайбызбы, каалабайбызбы Жогорку Кеңеш – бул эң жогорку саясий орган. Акыйкатчы бийлик менен элдин ортосунда арачы болуп турган көз карандысыз кызмат адамы. Каалайбызбы, же жокпу, парламент кимди шайласа да анын чечими баары бир саясий болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев да акыйкатчылык үчүн ат салышып жатат:

- Кызмат үчүн барган жокмун. Элдин укугун биз деле коргоп көрдүк. Укук коргоонун да түрлөрү бар да. Жеке кишинин артынан чуркап коргогон, анан жалпы элдин кызыкчылыгын коргош бар. Мыйзамдардын башын оңдобосо, адам укугун коргоонун деле кажети жок. Укук коргоону жеңилдетүү үчүн мыйзам так болуш керек. Эми митингге чыгып жүргөн укук коргоочулар менен мен талаша албайм. Мен андай көз карашты таптакыр туура көрбөйм. Албетте эл чогултуп митинг кылуу деле укук коргоонун бир жолу. Бирок башка жолдор да бар да.

Ал арада укук коргоочулар кеңеши акыйкатчы шайлоо процессин саясатташтырбоо тууралуу парламентке кайрылды.

Аталган кеңештин өкүлү, акыйкатчылыкка талапкер Азиза Абдирасулова анда өлкө омбудсмени кандай талаптарга жооп бериши керектиги да көрсөтүлгөнүн белгиледи. Мисалы, адам укугун коргоо жаатта тажрыйбасы бар, эл аралык укуктун нормаларын билүү, кынтыксыз жүрүм-турум, укук коргоо уюмдардын ишенимине кирген деген сыяктуу жоболор каралган:

- Коомдук уюмдар таптакыр эле фракцияларга көз каранды болуп калдык. Ошолор колдосо парламентте каралат, колдобосо каралбайт. Акыйкатчы деген адам укугу жаатында иштеген, бардык тарапка тегиз караган болушу керек деген критерийлерди Укук коргоочулар кеңеши иштеп чыгып, ушундай адам болсун деп жатабыз. Фракциялар, саясатчылар гана эмес, керек болсо саясаттан алыс, кайсы партия болсо да бирдей караган, басмырлоого жол бербеген, эркек-аял дебеген деген адам керек деп жатабыз.

Акыйкатчынын шайлоо Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзамга ылайык тандалып жатат. Укук коргоочулар буга чейин атайын мыйзам боюнча сынак жарыяланбаганын сынга алган болчу. Учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун тандоо мөөнөтүнөн эрте башталган деп билдирген.

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укугу комитетинин төрага орун басары, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов акыйкатчыны шайлоо саясатташып жатат деген кинени четке какты:

- Конституцияда “Акыйкатчыны парламент шайлайт, парламент бекитет” деген гана жобо бар. Ал жерде омбудсменге талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт деген жобо жок. Азыр талапкерлер арызын фракция аркылуу берип жатат. Бул жаңы тажрыйба болуп жатат. Бул жерде андай деле саясий кызыкчылык жок, баягы эле симпатия, антипатия деген нерсе бар. Ар бир фракция өзү сыйлаган, көзү түз болгон кишилерди көрсөтүп жатат. Алар Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат. Жеке ар бирине добуш берилсе керек, же “жумшак рейтингден” өткөрүп туруп добуш береби, аны чечебиз.

Учурда Жогорку Кеңештеги беш фракция тең талапкерлерди тандап бүттү. Ага ылайык, Социал-демократтар БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариевди колдоду. “Ата Мекен” ага кайрылган 9 талапкердин, “Республика” 18 талапкердин баарына макул болду. Алардын арасында азыркы акыйкатчы Турсунбек Акун, анын орун басары Токтокан Боромбаева, укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана мурунку юстиция министри Марат Кайыпов да бар. “Ата-Журт” 4 талапкерди тандады, ал эми “Ар-намыс” өзүнүн депутаты, мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун гана сунуштады. “Ар-намысчылар” жарандык коомдун бир дагы өкүлүнүн арызын алган эмес экен.

XS
SM
MD
LG