Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Мурдагы вице-премьер-министр, “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча эки тараптуу келишимдин башында тургандардын бири Эсенгул Өмүралиев бул кендин айланасындагы кырдаал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Эсенгул мырза, жакында эле Балыкчыда “Кумтөр” кениндеги ишкананын өндүргөн алтындын 68 пайызын элге берүүнү талап кылган митинг өттү. “Центерра Голд” компаниясы ошол “Кумтөрдү” иштеткен "Центерранын" Торонтодогу акциялары биржада 300 миллион долларга түшүп кеткени тууралуу билдирүү таратып атат. Бул ошо митингдердин өтүп атканына, улутташтыруу жөнүндө сөз болуп атканына байланыштуу деп түшүндүрүп жатышат. Сиз кандай ойлойсуз, ушундай талаш-тартыштар, ушул сыяктуу каршы болгон митингдер мурдатан бери эле уланып келатат?

Эсенгул Өмүралиев: Өзүң айткандай, бул маселе жаңылык эмес. “Кумтөрдүн” тегерегиндеги оюндар “Кумтөр” долбоору башталгандан бери эле келатат. Эми анын ичинде кээ бир объективдүү учурлар да бар. Көпчүлүк убакта бул маселенин тегерегинде баягы саясий оюндар жатат. Менин оюмча Балыкчыда көтөрүлгөн маселеде так ушул саясий маанидеги нерсе жатат. Себеби, менин билишимче, 2006-жылы Барскоондо, Балыкчыда, Тоңдо ушундай чоң маселе көтөрүлгөндө, өкмөт тарабынан ошол маселелердин баары каралып, негизинен жергиликтүү элдин пайдасына көп маселелер чечилип, негизги социалдык маселелер жабылган. Ошондуктан ушундай маселе жок болушу керек эле. Бирок чыгып калганы, демек мунун артында бир кандайдыр бир кызыкчылыктар жаткандай көрүнүп атат.

Ал эми “Кумтөрдүн” тегерегинде саясий туруктуулук болбой калган убакта албетте биржада реакция болот. Ошого жараша акциянын деңгээли өйдө же төмөн түшүп турат.

“Азаттык”: Мурда иш башталып атканда “Кумтөр” боюнча чет элдик компания менен түзүлүп атканда абал кандай? Мамлекеттик кызыкчылык каралбай калган деп эле айтылып келет. Башында келишим кандай эле?

Э.Өмүралиев: Эң биринчи келишим түзүлгөндө биз ошол компания менен алтынды иштетүүнүн негизги принциптерин сүйлөшкөнбүз. Биринчиден, алтынды өндүрүү үчүн чоң кредит керек болгон. Ал акча бизде да жок, ал компанияда да жок болчу. Ал компания өзүнүн акчасы менен иш баштап, 50 миллион доллар менен, андан кийин кредит алып, ошонун эсебинен долбоорду ишке ашырмак. Ал кредитти жапканча, 10 жылдын ичинде “Кумтөрдөн” түшкөн пайда 67, 33 пайыз эрежеси боюнча алтын кенди иштетип компанияга түшүп турмак. Кредиттер жабылгандан кийин, 10 жылдан кийин Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз, тигилердики 33 болмок. Анан кредиттер такыр жабылып бүткөндөн кийин компания Кыргызстандын менчигине өтөт деген келишим болгон.

Кийин ар кайсы убакта ар кандай өзгөртүүлөрдү жүргүзүп атып, ушундай эрежелер жоголуп кеткен. Азыр биз “Центерранын” ичиндеги акциябыз менен калып калдык да. Эми анын көлөмү, салмагы ошол биринчи түзүлгөн келишимдин салмагына барабарбы же жокпу, аны изилдеш керек. Аны мен карабай туруп айта албайм.

“Азаттык”: “Кумтөрдөгү” акцияларын мамлекет сатып жиберсе эле туура деген пикирлер да айтылып жүрбөйбү. Негизи эле “мамлекет карамагындагы объектилерди жакшы иштете албайт, анткени мамлекет ар качан начар башкаруучу” деген кеп бар эсемпи?

Э.Өмүралиев: Ар бир тараптын өз акциясы бар да бул жерде. Аны кимиси кааласа өзү сата берет. Мисалы, биздин 33 пайыз акциябызды Кыргыз мамлекети сатам десе, эч кимден уруксат сурабай эле сата берет. “Центерра Голд” өз акцияларын сатам десе, сата берет. Булар биргелешкен ишкана да. Бул жерде улутташтыра турган эч нерсе жок. Бул эл аралык келишим менен бекиген келишим. Мунун өзүнүн макамы бар, аны улутташтыруу деген маселе болушу да мүмкүн эмес бул жерде.

Бул жерде менеджерлик команда өкмөттүкү эмес. Биз жанагы компанияга бергенбиз, алар иштетип атат. Эгер биз кенди алып, өзүбүз ишететебиз десек, анда биз аны өлтүрөбүз. Себеби бизде андай менеджерлик команда жок. “Кыргыз алтын” канча жылдан бери “Макмал” кенин иштетип атат, биз көрүп атабыз го анын жыйынтыгы эмне болуп атат.

“Азаттык”: “Кумтөрдүн” тегерегиндеги талаш-тартыштар башталганда, туруктуулук бузулганда Торонтодогу акциялар түшүп кеткен учурлары, инвестициялык жагдайга таасирин тийгизери айтылып эле келет. Туруктуулук болушу үчүн кандай чаралар керек?

Э.Өмүралиев: “Кумтөр” деген Кыргыз мамлекетинин экономикасында өзгөчө орду бар долбоор да. Маселен өнөр-жай өндүрүшүнүн 40 пайызын бүгүнкү күнү ушул кен берет. Бюджеттин чоң үлүшү ушул “Кумтөрдөн” келет. Ошондуктан менимче жок деген ушул иштеп аткан, мамлекеттик казынага акча түшүрүп аткан ишканаларга жакшы шарт түзүп бериш керек. Булар иштеп туруш керек. Башкасын иштете албай атып эми бу иштеп аткан долбоорлорду кыйратсак, эртеңки күнү ансыз да ыдырап турган бюджетибиз такыр көтөрүмсүз болуп калат.

Ошондуктан мунун тегерегиндеги оюнду токтотуш бийликтегилердин бардыгынын кызыкчылыгында болушу керек. Булар оюнду карап турбай, тескерисинче, ошол оюндарды тезирээк токтотуп, туруктуу абалга алып келиш керек. Ошондо жанагы Торонтодогу түшүп кеткен акциялардын баасы көтөрүлөт. Эгер алар көтөрүлсө, ал деле биздин кызыкчылыгыбызда да. Себеби "Центеррадагы" өзүбүздүн акциябыз бар. Анын деңгээли жогору болсо, ошол жердеги биздин үлүшүбүз да жогору болот. Ошондуктан бул маселе боюнча өкмөт туруктуу абалга алып келип, бул компанияны колдоп, шарттарды түзүп бериши керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG