Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:33

Бакытка жетүү үчүн эмгек керек


Жашоо бул Алла Таала берген белек,
Жашоону сыйлап өтүү керек демек.
Жашоодо Бакыт деген улуу сөз бар,
Бакытка жетүү үчүн эмне керек?

Эмгегиң болбосо эгер элге арнаган,
Бакытты бербейт сага бирөө "ме"- деп

Жашоо бул жакшы максат, жакшы тилек,
Жашоодо жакшылыкты жүргүн тилеп.
Жетем деп ийгиликке үмүт кылсаң,
Жетелеп ошол тилек алга сүрөп.
Тынчтыктын ыры ырдалат жер бетинде,
Тынчтык деп согуп турат ар бир жүрөк.

Төрөлгөм миң чакырым алыста мен,
Киндик кан тамган жерим "ЛЕЙЛЕК" деген.
Туулган жердин ырас, топурагын,
Ар дайым алтынга мен теңеп келем.
Дүйнөнүн кай жеринде болбоюн чын,
Даңктанам сыймыктанам "Лейлек" менен.

Учурда студентмин окуп жаткан,
Жашоом нугу менен өтүп жатат.
Бир кезде ата-энеме эркелесем,
Бул кезде күн кечирем өзүм жашап.
Агарып ар күн сайын ак таң атып,
Кызарып кайра барып күнүм батып.

Жашоо ал карыга да, жашка керек,
Жашоодо кийим-кече башка керек.
Жашоонун кадырын билип калдым,
Кээ кезде калганымда ачка демек.
Айылда акчасы жок бассаң болот,
Шаарда кадам сайын акча керек.

Максатым жакшы деген атка конуш,
Колумда журөт дайым үч кыл комуз.
Туу туткан устаттарым бүгүн менин,
Намазбек, Нурак, Атай, Руслан, Болуш.
Алардын купулуна толсом эгер,
Жасаган болоор элем мен бир чоң иш.

Жашоонун мыйзамына багынамын,
Жол алыс ата-энемди сагынамын.
Төө-Ашуу, Ала-Белди ашкан кезде,
Кудайга миң мертебе жалынамын.
Кээде мен көлдөй болуп толкуп турсам,
Кээде мен дайра болуп агыламын.

Студент болгон демек сыймык ырас,
Студент болбой кайдан билим алам?
Айтылуу агайлардай, эжелердей,
Ааламга кантип анан чыйыр салам?
Канчалык кыйынчылык болсо дагы,
Студент болгонума сыймыктанам.

Жараткан ыйман салсын жүрөгүмө,
Баш ием билим алган түнөгүмө.
Жашоодо таазим кылып келе жатам,
Жаштыктын жалындаган илебине.
Элиме кызмат кылып жетсем деймин,
Эңсеген максатыма тилегиме

Аа, дебей бир нече жыл өтүп мына,
Аз калды окуу жайды бүтөөрүмө.
Баш ийип табыйгаттын мыйзамына,
Аз калды мен үй-бүлө күтөөрүмө.
Туура жол тандап туруп келечекте,
Турмуштун чоң жолуна түшөөрүмө.

Мен дагы окутаармын ата-энемдей,
Студент болгон кезде балдарымды.
Карт мезгил калчап өзү таразалаар,
Жашоонун башка салган калганын.
Эрте-кеч салым кошуп көтөрсөм дейм,
Элимдин маданият тармагын.

Өмүрзаков Бегмат, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 3-курсунун студенти.
XS
SM
MD
LG