Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Жалал-Абадда эс алуу жайынын ээсин аткан адам кармалды


Шаардагы "Тажимахал" кафесинин кожоюну Абдусатор Азизовго ок аткан 24 жаштагы адам кармалды. Облустук милициядан билдиришкендей, ал кафе кожоюну анын апасына акарат кетирип, ыза кылган соң, жазалоо максатында ушул кадамга барганын айткан. Учурда кармалган адам сурак берүүдө.

18-январда шаардын Индустриал көчөсүндө өз унаасында бараткан Азизовго белгисиз бирөө кол салып, травматикалык тапанча менен башка аткан. Жараланган ишкер учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Милиция бул иш боюнча кылмыш ишин козгогон.(RsK)

XS
SM
MD
LG