Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

"Онлайн ферма": Түшүм виртуалдуу эмес


Кыргызстанда "Онлайн ферма" аттуу жаңы долбоор ишке ашырылып жатат. Анда шаардыктар каалаган өсүмдүгүн айылдагы фермердин жана интернеттин жардамы менен өстүрүп терип алышат.

Асел Имангазиева бүгүн фермасынан биринчи түшүм – бир жашик бадыраӊ алды. Бишкектин борборундагы кеӊселердин биринде иштеген Асел жайдын күнүндө эзилип, жер тытпай эле, интернет аркылуу өз жер-жемишин багуу жараянына катышууда:

- Анда-санда бизге интернет аркылуу "бүгүн мунуӊарды сээп койдук, бадыраӊ гүлдөй баштады, же картошкаңар чоӊойо баштады" деген кат келет. Анан ошого жараша биз байкап турабыз. 11-августта фермер менен жолугушууга барабыз, анан өз тилкелерибизди көрүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Асел Имангазиева
Асел Имангазиева
Аселдин жер-жемишин Чүй облусунун Бирлик айылында турган Манар Мусахунов деген дыйкан өстүрөт, кантип багылып жаткандыгы тууралуу интернет аркылуу билдирип турат.

Манар ата отуз жылдан бери жер-жемиш өстүрүп багбанчылык менен жанбагып келатат. Бышып калган жемишин таӊ эртеден кечке чейин зарыгып базарда саткыча, анык алуучуларга өстүрүп берүү кыйла ыӊгайлуу, дейт аксакал.

- Долбоор алкагында бизге беш соткеге эле заказ түштү. Маселен, "Сорос" фонду үчүн кичинеден сабиз, бадыраӊ, помидор, капуста, сабиз жана калемпир өстүрүп жатабыз. Ал эми "Кока-Кола" болсо жалаӊ гана помидорду сурады. Эми акырындан өсүп баратат, аба ырайы анча деле көп жакшы болбой жатат, бирок жалпысынан, Кудайга шүгүр, жакшы болуп атат.

Асел Имангазиева менен Манар Мусахунов "Онлайн ферма" долбооруна катышып, жаз келери менен Асел долбоордун сайтында өзү каалаган жер-жемишти, тизмедеги бир нече дыйкандардын бирин жана анын огород тилкесинин көлөмүн тандап, фермерчиликке киришкен десек болот. Жалпысынан 1238 сом төлөптүр. Ал эми Мунар Мусахунов болсо өз үйүндө ал сайтка кирип, ага келген заказдарды тигип, өстүрө баштаган.

Мунар Мусахунов
Мунар Мусахунов
Бул долбоорду өлкөдөгү кичи кредиттик ишканалардын бири ишке ашырды. Долбоордун агрокеӊештер боюнча менеджери Сыргак Кадыралиевдин айтымында, бул идеяны ишкананын үч кызматкери "Дыйкан" деген компьютердик оюнду ойноп жатканда ойлоп табышкан.

Бул долбоор бир эле учурда дыйканды да, экологиялык таза жемиш жегиси келген шаардыкты да багып атат, - дейт Сыргак Кадыралиев.

- Кулпунайды төртүнчү жолу алып келдик, себеби майдан баштап быша баштайт. Анан тоок боюнча багытыбыз бар – үчүнчү жолу жумуртка таратып жатабыз. Кудай буйруса бадыраӊ боюнча бүгүн башталып жатат. Түшүмдү биздин кардарларга жеткирүү акырындан башталып жатат.

Интернет аркылуу дыйканчылыкка 65 киши кол тийгизиптир, ал эми алардын жер-жемишин 13 дыйкан багып, өстүрүп атат.

65 жаштагы дыйкан Манар Мусахунов ага берилген нетбук жана модемди колдонгонду үйрөнө албай коюп, өзүнүн кардарларына отчетту интернет аркылуу анын небереси жөнөтүп турат экен. Манар ата процесс кантип өтүп жатканын небересине кабарласа, ал компьютерге терип, кат жөнөтөт.

Бүгүн болсо Манар атанын кардарларынын биринин бадыраӊы жетилип даяр болуп, долбоордун координаторлору келип алып кетишти.

Алгачкы түшүмүн алган Асел Имангазиеванын бадыраӊы 10 килограмм чыгыптыр. Негизги түшүмүн күзүндө күтүп, акырындап кышкыга экологиялык таза жемишти камдап жатат.

- Июлдан баштап биринчи жемиштерди алып келип турат, август жана сентябрда башка продуктылар болот дейт. Анан кышка даярдап салат, приправаларды жасайбыз.

Долбоордун координаторлорунун айтымында, мындай идея биринчи жолу Борбор Азия мамлекеттеринде Кыргызстанда ишке ашырылып жатат. Бул жылы ага Чүй облусунун дыйкандары эле катышса, кийинки жылы өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу пландаштырылууда.

XS
SM
MD
LG