Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Маданият жана өкүрүк


Өкмөт үйүнүн алдына өкүрүп чыккан маданият ишмерлери. Бишкек, 24-апрель, 2014
Өкмөт үйүнүн алдына өкүрүп чыккан маданият ишмерлери. Бишкек, 24-апрель, 2014

Маданиятты коргоо, сактоо жана ага кам көрүү - мамлекеттин эле эмес, жалпыбыздын жарандык милдетибиз, мында эч бир талаш жок. Ошону менен бирге, маданиятты коргойм деген азаматтардын өзү да маданияттуу болушу, маданиятсыздарга адеп менен ахлактын, жакшы жосун менен таасын тарбиянын үлгүсүн көрсөтө жүрүүсү ар дайым милдет экени айтпаса да түшүнүктүү иш го. Улуу философ Карл Маркстын кара кылды как жара айткан сөзү бар: “Тарбиячы адегенде өзү тарбиялуу болушу керек”…

Өткөн аптада жалпы журтчулуктун көңүлүн жапырт бурган бир окуя болуп өттү. Аны теледен жана интернеттен көрүп отуруп, бир чети таң калсак, экинчи жагынан жаканы кармадык. Таң калып, жаканы кармаганга олуттуу эле дегидей себеп болду: маданиятка күйөм, коргойм деген жакшы ниети бар жоон топ эркек Өкмөт үйүнө “Эсил кайран, маданият, эми кайдан көрөйүн” деп, тамаша же азил эмес, кадимки эле өкүрүк-ый менен боздоп келишсе болобу... Колдор бөйрөктө, көздөрдө болсо чолок жаш дегендей. Алар өңгүрөгөн өкүрүктү Өкмөт үйүнө жеткенден кийин да бир нече мүнөткө “чоюшту”.

Эми эмне үчүн таң калдык деген сөзгө келели. Таң калтырганы - ошол маданиятты сактайлы жана коргойлу деген жакшы ниет же адал демилге эмес, ошол ниет-демилгени азыркы бийликтин кулагына жеткирүүнүн ыкмасы же формасы болду. Эске түшүрөлүчү: Өкмөт үйү, анын жанындагы жоон топ журналистттер, ошо маалда алыстан үн салып, өңгүрөгөн өкүрүк менен боздоп келе жаткан жоон топ маданият ишмерлери… Аларды карап туруп, денеси үрккөн, дагы эмне болуп кетти деп элейген эл-журт… Ырасын айталы - өтө эле копол көрүнүш болду. “Маданият майданына тиешем бар” деп санаган жигиттерибиздин ошол жоругу, тилекке каршы, тескери эффект жаратты. Кандай караганда деле коошпогон, өтө эле осол, орунсуз окуя көз алдыга тартылды.
Кудай бар, ошол протестти, ошол нааразылыкты коомчулукка жеткирүүнүн көп эле формалары, ыкмалары бар эле. Коллективдүү кат, пикет, пресс-конференция, ал да аз болсо ачкачылык, нааразылык маршы, д.у.с. Керек болсо мамлекет башчысына кирип, арай көз чарай сөз айтып, андан соң өкмөт башчысына барып, алка-жакадан алып, спикерди төбөлөп дегендей. Бирок өкүрүк... Ошол күнкү истерика, өлүк өлгөндөгү өкүттүү жосунду тирүүлөй жасоо, экстремизм…

Ырас, азыркы бийликке нааразы боло турган, кадр саясатындагы караманча алгылыксыз иш-аракеттерди сынга ала турган себептер толмок тургай, ашып-ташып кетти. Кайда караба, жанды кашайткан компетентсиздик, саясий фракциялардын өз ара “соода-сатыгы”, Ак үйдөгү саясий Дордой, регионалисттердин Баткен базары.

Адилеттик үчүн айта кетели: өңгүрөгөн өкүрүккө өбөлгө болуп, биздин жигиттердин жинин келтирген, кыжырын кайнаткан маселе - маданият тармагынын башына Камила Талиеванын келгени болду. Чынын айтсак, кантсе да маданият тармагына далайдан бери аралашып, бир чети жазуучу, экинчи чети драмтург катары көрүнүп калган Султан Раевди орун бошотуш үчүн ачыктан-ачык “жыга чабуу” көп эле кишиге жаккан жок. А бирок ошол нааразылыкты билдирүү үчүн ансыз да эки колу жакасында турган (айрыкча көз көрүнөө ушаланып бараткан Украина менен аннексияланган Крымдан кийин) калайык-калкты караманча маданиятсыз, жосунсуз жорук менен үркүтүүнүн эч бир зарылдыгы жок эле деп ойлойм. Чакалайдын чак түшүндө мамлекетибиздин символу болгон Өкмөт үйүнө келип ый жасаган, өкүрүк салган адамдардын жосуну бери болгондо талаш туудурган нерсе болду.

Эми маданиятыбыздын маселелерине келели. Жан кашайткан маселелер чынында да арбып кетти. Маселен, опера театры өтө кыйын акыбалда. Кемпирдин ыштанындай чаар-ала матага жазылган кесинди кулактандыруулар шамалга тим эле “чоң жеңишке” жеткенсип желбирейт. Эч кандай эстетикасыз чампаланган жарнак-кулактандыруулар кайран театрыбыздын кебете-кешпирине же бир жарашсачы. Кечкисин карасаң, ээнсиреген театр караңгынын кучагына батып, элсиз эңгирейт. Орус драма театры болсо жегичтер менен криминалдардын айынан кебетеси биротоло кетип бүттү. Айрыкча ага жабыштыра салынган бир эмес, үч кафе маданият сарайынын эмес, кадимки “колхоз” клубунун белгисин берүүдө. Биздин “ишкерлер” эми опера театрына, керек болсо Ак үйгө да жабыштыра там салып, кафе менен ресторандарга бизди “тундура” турган сыяктуу.

Айтор, айта берсек арман көп. Жогоруда биз кеп кылган нааразылык акциясынын бир эле жакшы жагы болду - канткен менен маданиятыбызга жаны кейиген адамдарыбыз арабызда арбын. Канткен менен дымактуу жаштарыбыз, маданият майданында көзгө көрүнгөн бир иш жасап кетсем деген таланттуу инсандарыбыз четтен чыгат. Демек, уучубуз кур эмес. Келечегибиз, кудай буюрса, бар. Бир эле каалоо - маданиятсыздарга маданияттын өрнөгүн көрсөтсөк. Экстремизмдин эч бир формасына жол бербей, элди үркүтүп, жаман жоруктан алыс болсок. Анткени биз - маданияттын адамдарыбыз. Демек, башкалар бизди карап өзүн алып жүрсүн, бизден таалим алсын.

“Жакшыга жанаш бол, жамандан азат бол” деген накыл сөз ошондон улам жаралган эмеспи.

Өкмөт үйүнүн алдындагы өкүрүк, 24-апрель

Өкмөт үйүнүн алдындагы өкүрүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG