Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Кулчулуктун бир тамыры


Отун ташып бараткан кыз менен бала, Жалал-Абаддын бир айылынан тартылган сүрөт.
Отун ташып бараткан кыз менен бала, Жалал-Абаддын бир айылынан тартылган сүрөт.
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдарды ушул күнү гана эстеген болобуз. Ушул күндүн урматына балдарга арналган иш-чараларды уюштуруп, балдар үйлөрүнө жардам берген болобуз...

Бирок дал ушул күнү да кабыргасы ката элек балдардын бир тобу таң аткандан кеч киргенге чейин чоңдор менен калышпай талаа бетин тырмалайт. Жайдын ысык аптабы куйкалап, тердеген денеге кирдеген кийим жабышат. Сууга кайнатылган макарон же күрүч тамакты даамсыз, кунарсыз болсо да жеп, чаңкаганда муздак чайдан же жармадан ичип коюп пияз отогон, кызылча чапкан балдар…

Бишкекте базардын чаалыктырма опур-топуруна аралашып, араба түрткөн, жашылча-жемиш, гезит саткан, желим бөтөлкө чогулткан балдар көбүрөөк акча табууну бир ойлосо, тезирээк кеч кирсе экен деп миң ойлойт. Өтүк майлаган, чакадагы сууга салып лимонад ташыган, бири-бирине кыр көрсөткөн, чоңдордун акаарат сөзүн уккан, чогоолураактары тил кайтарган балдар…

Жалкытуу жана жалкоолук

Ырас, кичинекейинен эмгекчил болуп өссө, ата-энесинин кадырын билет, өз алдынча турмуш жолуна аттанганда көп кыйналбайт деген пикир да жүйөлүү. Чын эле, өзүн койорго жер таппай колоктоп бош жүргөнчө, иштеп акча тапканы, үй-бүлө бюджетине кичине болсо да салым кошкону оң эмеспи. Балдардын чыдамкай, жоопкерчиликтүү, күйүмдүү, чарбачыл болуп өсүшүнө эмгек зор өбөлгө түзөрү илгертен эле белгилүү. Жалкоолук, бекерчилик, шалаакылык, кайдыгерлик, таш боордук, сабырсыздык, өзүмчүлдүк – булардын баары бүгүн жаштарды жапайылантып, «маймылга» айлантып баратат. Мунун бир дабасы туура уюштурулган, ченемден аша чаппаган эмгек экендиги талашсыз.

Бирок кептин баары ошол ченемдин азыр сакталбай жатканында. Сөөгү ката электерди чоңдор үчүн белгиленген 8 сааттык жумуш күнүнөн да ашыкча иштеткен учурлар кеңири кездешет. Айрыкча түштүктө күрүч сугарып, пахта терген, тамеки тиккендердин абалы жан кейитет. Эл аралык стандарттар боюнча бул иштер эмгектин балдар үчүн эң зыяндуу түрлөрүнө кирет экен.

Ден соолукка тийген зыяндан башка мунун дагы бир зор кесепети бар. Жаштайынан өтө оор түйшүккө малынып, эзүүдөн башы чыкпагандар мүнөзү мокок, акылы чабал, эрки бошоң (шалаакы), дили керең болуп өсүшү көбүрөөк ыктымал. Иштегенден жалкып калган адам жалкоо болот, ал коркутуу же кыстоо, мажбурлоо менен гана кыймылдайт. Кулчулуктун бир тамыры ушуякта.

Эмгек гигиенасы жөнүндө эки ооз сөз

Тажикстандын Жерге-Талындагы кыргыздар Совет бийлигинин тушунда деле жалданма эмгекке аралашып келген. Кышы кыйла узакка созулган бул жерде совхоздун берген айлыгы чай-нанга араң жетчү. Андыктан там салуу же үйлөнүү үчүн жыл сайын бойдок жигиттердин көбү Өзбекстанга барып дубалга иштеп, түзүк эле акча таап келчү. Ошондо пакса дубал койгондор өздөрүнүн бир тамашасын айтып жүргөнү эсимде.

Өтө катуу чарчаганча иштеген адамдын кетмени тик койгондо жыгылса же өзү чалыштап, мүдүрүлүп кетсе, ага шериктери айып салчу экен. Шылдыңдан кутулуу үчүн ал өз эсебинен атайын палоо демдетип, эт салдырат да, шылтоо менен баары көңүлдөрүн бир сергитип, эс алышат.

Бир караганда зериккендердин эле чыгарган эрмегиндей көрүнсө да, бул салттын мааниси зор. Чындыгында адам иштөө (акча табуу) үчүн жашабайт, жашоо үчүн иштейт (акча табат), бирок тилекке каршы, муну унутуп койгондор көп. Жетилген курактагылардын эмгек гигиенасы ушунчалык зор мааниге ээ, демек эми гана өсүп бараткан, табият тартуулаган дараметин ачууга жол издеп жаткан балдар үчүн бул ого бетер зарыл экендигин ата-энелер унутпаса экен?!

Кедейкандын заманында

Абхаздардын орус тилдүү жазуучусу Фазил Искандердин «Адам турагы» («Стоянка человека») аттуу чыгармасы бар. Анда Октябрь революциясынан кийинки балдарга кызыктуу мүнөздөмө берилген. Мурдагы байлардын балдары оокатка тың, элпек, кедейлердики көбүнчө ишке эби жок эрке, жалкоо же шалаакы экендигине таң калган өспүрүмдөрдүн суроосуна алардын тыңчыкма тапаны минтип жооп кайтарыптыр: «Мунун себеби жөпжөнөкөй – байлар малайсыз калып, эми өз балдарын жумшап жүрөт. Кедейлер байсыз калып, өз балдарына кул болуп алган».

Чындыгында, кедей балдарынын жакырчылыкты «мурастап» калуусунун эң орчундуу себептеринин бири мындай. Өмүр бою кыйналып иштеп жүрүп, орто оокаттуу болууга жетишкендер көбүнчө «биз көргөн азапты тартпасын» деп балдарын ашкере аяп жүрүп, жүүнү бош, жатып ичер, жоопкерчиликсиз кылып алышат. Ал эми негизги байлык колдун кири болгон акча, мал ж.б. эмес, аны таба билүү, сарамжалдуу иштете билүү жөндөмү экендигин өз тажрыйбасынан түшүнгөн салмактуу байлар балдарын тырмактайынан иштиктүү, чарбачыл кылып өстүрүүгө умтулат.

Таалим уясыбы же наадандыктын уюгубу?

Гигиена демекчи, азыр бул талап мектептерде (айрыкча шаарлардагы гимназия, лицей ж.у.с. аталып алган орто билим берүү мекемелеринде) да жакшы сакталбай калды. Сабактар илгеркидей эле 45 мүнөттүк убакыт алкагында окутулуп жатканы чын, бирок билген-билбегенине карабай окуучулардын баарын акы төлөнүүчү кошумча сабактарга келүүгө мажбурлаган мугалимдер көбөйүп кетти. Алардын көпчүлүгү өздөрү деле муну каалабаса керек, бирок айлык акысы эч нерсеге жетпегенде аргасыздан ушинтишет го. Шаардык мектептерде ата-энелерден чогултулуп жаткан ири өлчөмдөгү акчанын канчасы мугалимдин айлыгына кошумчаланат?..

Совет доорунда бүтүрүүчү класстар эң көп окуганда күнүнө 5-6 сабактан ашчу эмес, азыр башталгыч класстын окуучусу 7-8 сабакка чейин мектепте кармалган учурлар да кездешет. Муну көзөмөлдөгөн эч ким жок. Текшерсе да, буга окшогон толуп жаткан катачылыктарды жоюу үчүн эмес, «үлүш алуу» (ооз басырык өндүрүү) үчүн гана текшеримиш кылат окшойт.

Келечекке ким жооптуу?

Балдардын мектептен качып, иштеп кетүүсүнүн бир себеби ушул. Албетте, мындан да оор себеби кадимки эле жакырчылык экендиги бештен белгилүү. Бирок кедейлик деп кейий бергенден эч пайда чыкпайт. Андан көрө мунун себебин издеп, жойо албасак да, азайтуунун жолун табышыбыз керек. Азга канаат кылып, төшөгүбүзгө жараша бут сунганды үйрөнөлү. Насыя алып аш-той өткөрүү, ашкере ысырапчыл шаан-шөкөттөр, жалтыр-жултур кийим, башкаларга эрегишип, мактаныч үчүн гана сатып алынуучу машина ж.у.с. курсагы тоюп-тойбой оор иштерге эрте аралашкан балдарыбыздын тагдырына балта болуп чабылып жатат.

Ата-энелер менен бирдей деңгээлде мамлекет да буга жооптуу. Билим берүү, тарбия тутумун түп тамырынан өзгөртүп, аны инсандын чыныгы муктаждыктарын канааттандырууга ылайыктоо зарыл.

Жагабы, жакпайбы – капиталисттик коомго баратабыз. Азыр анын жапайы мезгилин баштан өткөрүүдөбүз. Андыктан социалдык теңсиздик, бай-кедей болуп катмарлануу өкүм сүрө баштаган ушул мезгил тилкесинен эң аз жоготуу менен өтүүгө умтулуубуз зарыл. Эмесе, жаш муундун тагдырына кайдыгер карабайлы!

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист
XS
SM
MD
LG