Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.

Бишкекте оппозициянын митинги аяктады

Улуттук оппозициялык кыймылдын тынчтык митингдери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өттү. Мындан тышкары Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да эл чогулду.

Бүгүн оппозиция тынчтык митинги өтөөрүн бир апта мурун жарыялаган.
01:56 10.4.2014

Кыргызстанда жаңы оппозициялык кыймыл түзүлдү (14.02.2014)

Бириккен Улуттук оппозициялык кыймыл деп аталган бирикмеге “Улуттар биримдиги”, “Ата-Журт”, “Чындык”, “Акыйкат”, Элдик демократиялык партиясы жана “Эл үнү”, “Каршылык көрсөтүү” кыймылдары кирди. Кыймылдын төрагалыгына Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков шайланды. Кыймыл учурдагы бийликтин авторитардык саясатына каршы иш жүргүзмөкчү.

Равшан Жээнбеков Киевдеги Майданда, 15.12.2013
Равшан Жээнбеков Киевдеги Майданда, 15.12.2013

02:00 10.4.2014

Улуттук оппозициялык кыймыл түзүлгөндөн тарта алгачкы ирет өткөргөн маалымат жыйынында анын мүчөлөрү бийликке каршы активдүү аракетке өткөнүн жарыялады.

Оппозиция митингдерди чектөөгө каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00
02:07 10.4.2014
Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалга тынсызданган, оппозициялык күчтөрдү кескин айыптаган кайрылуулар күн сайын чыга баштады. Бир катар коомдук бирикмелер, айрым улуттардын ассоциациялары, коомдук, маданий ишмерлер жана окумуштуулар тобу өлкө жетекчилерин Украинадагыдай окуяларга жол бербөөгө, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоого чакырууда.
Оппозицияны айыптагандар эл Саруудагы кырдалга тынчсызданып жатканын айтууда. Сүрөттө: Саруудагы митинг, Ысык-Көл облусу, 26-ноябрь, 2013.
Оппозицияны айыптагандар эл Саруудагы кырдалга тынчсызданып жатканын айтууда. Сүрөттө: Саруудагы митинг, Ысык-Көл облусу, 26-ноябрь, 2013.
02:10 10.4.2014

Оппозиция: саясий куугунтук күчөдү

Улуттук оппозициялык кыймыл бийлик тараптан өз мүчөлөрүнө карата саясий куугунтук күчөп жатканын сындап чыкты. Бийлик мындай дооматты четке какты.

Мамбетжунус Абылов, Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Кубанычбек Кадыров маалымат жыйында. Бишкек, 3.04.2014
Мамбетжунус Абылов, Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Кубанычбек Кадыров маалымат жыйында. Бишкек, 3.04.2014

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG