Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Сирияда армия оппозициялык күчтөргө сокку урду


Алеппо, 23-сентябрь, 2016-жыл
Алеппо, 23-сентябрь, 2016-жыл

Сирияда куралдуу оппозиция көзөмөлдөп жаткан аймакты бомбалоо токтобой жатканын Reuters агенттиги маалымдады. Абадан сокку урулуп жатканын жарандардын укугун коргоо боюнча Сирия борборунун мониторинги да тастыктады.

Бүгүн эртең менен Алеппонун чыгыш аймагы бомбаланды. Шаар жашоочулары өтө чоң кыйроолор болуп жатканын кабарлашууда. Укук коргоочулар жума күндөн бери токтобой жаткан соккулардан элүүгө жакын адам набыт болгонун, алардын арасында балдар да бар экенин айтышты.

22-сентябрда өкмөттүк армия оппозиция жайгашкан аймакка чабуул башталганын жарыялаган. Алгач Алеппого гуманитардык жүк менен бараткан оор жүк ташуучу унаалар аткыланган.

Мунун алдында Орусия жана АКШ ок атышууну токтотуу тууралуу келишим түзүшкөн. Тынчтык келишиминин бузулушуна АКШ Орусияны күнөөлөсө, расмий Москва бул айыптоолорду четке кагып келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG