Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

АКШнын коргоо министри Эш Картер Ооганстанга барды


АКШнын коргоо министри Эш Картер
АКШнын коргоо министри Эш Картер

Кошмо Штаттардын коргоо министри Эш Картер 9-декабрда Ооганстанга күтүлбөгөн сапар менен барды. Ал америкалык аскерлер менен жолукту. Бүгүн Эш Картер Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен да жолугары күтүлүүдө. Бул Картердин коргоо министри кызматындагы Ооганстанга акыркы сапары болушу мүмкүн. Кийинки айда Вашингтондо жаңы администрация ишке киришет.

Картердин маалымат катчысы Питер Куктун айтымында, министр “ооган күчтөрүнүн өсүп бара жаткан дараметин жана аларга мындан ары колдоо көрсөтүү тууралуу” президент менен сүйлөшөт.

Ооганстанда 10 миңдей америкалык аскер бар.

XS
SM
MD
LG