Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

ӨКМ: Чаткалда кар көчкү коркунучу жогору


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Красная-Горка - Ак-Таш жолунда кар көчкү түшүп, жол каттамы жабык турат.

Кар көчкүдөн жабыркагандар болгон жок. Учурда бул жолдо дагы деле кар көчкү коркунучу жогору болуп турат. Түзүлгөн кырдаалды жоюу үчүн атайын техника жеринде иштеп жатат.

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде Ала-Бука - Каныш-Кыя, Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолдору убактылуу жабылды.

Мындан башка ӨКМ Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу сакталып жатканын маалымдайт.

Ошондой эле 23-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул району аймагында кар көчкү түшүп, кечки саат 20:10до бир жактуу тазаланып ачылды. Жолду кеңейтүү жана тазалоо иш-чаралары уланууда.

Ал эми Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Чөгөм айылында дагы кар көчкүнүн кесепетинен жол жабылды. ӨКМ бул табигый кырсыктан жабыркагандар жок деп, бирок Ошко барчу жол буулганын айтууда.

Ушундай эле кар көчкү Ош - Кичи-Алай унаа жолунда катталып, жол жабык турат. Аба ырайынын өзгөрүп жатканына байланыштуу ӨКМ айдоочуларды ашууларда этият болууга чакырат. (SDz)

XS
SM
MD
LG