Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:36

Май-июнь айларындагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иштери коомдук-саясий турмушка кандай таасир этиши мүмкүн?

Жалал-Абад облустук администрациянын имаратын ээлеп алуу, жол тосуу, Жети-Өгүз районундагы жол тосуу, массалык башаламандык, стратегиялык ишкананы ээлеп алуу, “Ата-Журт” фракциясынын үч депутатын актаган Бишкек шаардык сотунун акыркы отурумундагы башаламандык фактылары боюнча тергөө иштеринин алды сотко өттү.

Саясий жаңжалдар менен коштолгон бул окуялардын мыйзамдык негиздерин териштирүү жараянынын оң-терс жактарын “Азаттык” Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери, депутат Чыныбай Турсунбеков менен мурдагы юстиция министри Марат Кайыповдун жана радиоугармандардын катышуусунда “арай көз чарай” талкуулады.

Талкууда козголгон кылмыш иштер саясатсыз, мыйзам чегинде тергелет деп ишенсе болобу, акыйкаттыкты орнотуунун радикалдуу эмес жолдорун табуу эмне үчүн мүмкүн болбой жатат, эмне үчүн бийлик-оппозиция бирдей көтөргөн мыйзамдуулук урааны сөз бойдон калууда деген өңдүү маселелер көтөрүлдү.

“Азаттык”: Адегенде сиздердин көз карашты тактап алсак, удаалаш болгон бул окуялардын бири-бирине канчалык байланышы бар? Учурунда окуяларды Кумтөргө, камактагы үч депутатка байланышкан талаптар жалпылап турганы айтылып, мунун артында жалпы бир кызыкчылыктарды көздөгөн саясий күч бар деген божомолдор чыкты эле.

Чыныбай Турсунбеков: Бүгүн албетте митингдерди уюштуруу, жол тосуу, имараттарды басып алуу чоң жаңылык эмес. Акыркы он жылдан бери улам-улам кайталанып келаткан көрүнүш болуп калган. Анын ичинде негизги күчтөр - саясий күчтөр экендиги эч кимге жашыруун сыр эмес. Анткени коомдогу, жашоодогу ар кандай шылтоолорго таяп, элдин бүйүрүн кызытып, элдин бүйүрү кызып, нааразыланган кезде ошолорду пайдаланып бийликти солкулдатуу, алын кетирүү, соодалашуу сыяктуу ыкмалар акыркы кездери турмушубузга бекем сиңип калды. Мунун артында сөзсүз күчтөр тургандыгы бардыгыбызга белгилүү.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:


Марат Кайыпов: Биринчиден, кайсыл өлкөдө бийлик алсыз, кудуретсиз болсо, ошол өлкөдө башаламандык болот. Бул азыркы бийликтин кудуретсиздигин, алсыздыгын көрсөтүп жатат.

Экинчиден, Жалал-Абадда дагы, Ысык-Көлдө дагы, ошол эле Бишкек шаардык сотунун ичинде дагы башаламандыктар болмок эмес, эгерде, саясий буюртма процесс болбосо. Үч депутатты камап койбосо. Мунун адилетсиз экендигин элдин бардыгы көрүп-билип туруп, адилетсиз бийликке, адилетсиз, мыйзамсыз жол менен чыгып атышат. Эгер бийлик адилеттүү иш алып барбаса мындай нерселер кайталана берет.

Өндүрүш Токтонасыров, угарман: Тилекке каршы Кыргызстан баскынчы, чыккынчы, имараттарды басып алуучулар катары тааныла баштады. Бул абдан өкүндүрөт. Мен Жалал-Абадда козголгон иш ийгиликтүү болуп, соттор акты ак, көктү көк деп, акыйкат чечим чыгарышын каалаар элем.

Облмамадминистрацияны басып алгандар сөзсүз түрдө жазаланышы керек. Бул, кечирип коюңуздар, шермендечилик да. Мен Чүй облусунун тургунумун. Губернатор жакпай калса, элди уюштуруп алып, мамадминистрацияны басып алууга үгүттөшүм керекпи? Качан маданияттуулукка үйрөнөбүз, сабырдуулукка үйрөнөбүз?
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG