Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен Чехия экспорттук банкы кызматташат


Быйыл март айында Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган делегация Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан.
Быйыл март айында Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган делегация Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан.

28-сентябрда кол коюлган меморандумга ылайык, алар Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы соода жүгүртүнүн көлөмүн жогорулатуу, ишкерлерди эки өлкөдө тең салык төлөөдөн бошотуу багытында иш алып барышмакчы.

Чехиянын Кыргызстандагы элчиси Элишка Жигова эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2014-жылдагы деңгээлге, тагырак айтканда, 25 млн доллардан ашырууга жетишүү зарылдыгын белгиледи. Элчи бул үчүн узак мөөнөттүк долбоорлорду ишкекиргизүү, айыл чарбасына жана инфраструктурага биргелешкен инвестиция салуу керектигин айтты.

Ал эми Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматов Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн өнөр-жайды көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

28-сентябрда Бишкекте кыргыз-чех ишкерлеринин форуму болуп өттү. Ага Чехиядан 40 компания, ал эми жергиликтүү 350 компания катышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG