Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Чуулгандуу тасма чуусу басыла элек


Эрлан Өмүралиев
Эрлан Өмүралиев

"Юпигейт" деп аталган чуулгандуу тасманын жаңы өңүтү белгилүү болууда. Тасмада оппозициянын планын ишке ашырат дегендердин бири Бактыбек Жуматаев Нарын дарыясын ууландыруу боюнча план тууралуу мурдатан кабардар болгонун айтып чыкты.

Өзүн “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөсү деген Жуматаевдин айтымында, быйыл жазында мындай планды Эрланбек Өмүралиев сунуштап, ал аны аткаруудан баш тарткан.

Бишкекте маалымат жыйын өткөргөн Бактыбек Жуматаев “Юпигейт” планын ишке ашырууга катышы тууралуу маалыматты четке какты. Анын айтымында, оппозициянын максатын ашкереледи делген Эрланбек Өмүралиев менен мурдатан тааныш болгон.

Өмүралиев быйыл жазында ага келип, Нарын дайрасын ууландыруу боюнча планды ишке ашырууну сунуштаган. Бирок Жуматаев андан баш тарткам деп ишендирүүдө:

- Биринчиден, Эрландын бул программага мени катышмак дегени жалган. Мен мусулман катары мындай бузукулукка барбайм. Экинчиден, быйыл март-апрель айларында Эрлан Өмүралиев мага келгени чын. Ал мага келип, "ушундай план бар, анын артында чоң акча бар" дегенде эле, “муну токтот, мен мусулман катары сууну булгоого кантип катышам” деп айткан болчумун.

Жуматаев ошол сүйлөшүүдөн соң Өмүралиев менен көрүшпөгөнүн, тасмада аты аталган оппозициячыл саясатчылар менен эч байланышы болбогонун ырастап жатат.

Мындан сырткары Бактыбек Жуматаев Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөсү экенин ачыкка чыгарды. Анын айтымында, бул уюмдун мүчөлөрү “Юпигейт” планын ишке ашырууга катышы жок. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да Жуматаевди аталган уюмдун мүчөсү катары тааныштырып, көрсөтмөлөрүн коомчулукка жарыялаган.

Улуттук коопсуздук комитетинен учурда Жуматаевдин көрсөтмөлөрү текшерилип жатканын билдиришти. Аталган органдын маалымат кызматынын өкүлү Жоодар Исакуновдун айтымында, Жуматаевдин бул “Юпигейт” чуусуна тиешесине жана тыюу салынган уюмга катышы аныкталса, жазага тартылат:

- Жуматаев биздин кызмат тарабынан профилактикадан өткөрүлүп текшерилүүдө. Ал эми анын “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөсүмүн дегени үчүн эле камап коюуга мыйзам жол бербейт. Анын башка иштерге катышы такталууда. Анын кылмыштуу аракеттери аныкталса, жоопко тартабыз.

Ошондой эле Исакунов “Юпигейт” чуусу учурда тергелип жатканын, анын жыйынтыгы качан чыгаары белгисиз экенин кошумчалады.

Анткен менен Бактыбек Жуматаевдин айткандарын Эрланбек Өмүралиевдин атасы Шайлообек Өмүралиев четке кагууда. Анын “Азаттыкка” билдиришинче , Жуматаев УКМКнын айдактоосу менен жалган маалыматтарды таратышы мүмкүн:

- Мен бул адамды түшүнүп жатам. Анын куйругунда калбыр болсо керек. Ошондуктан Эрланды шыбаган маалыматтарды таратып жатат.

Ошол эле учурда Шайлообек Өмүралиев уулунун өмүрүнө коркунуч болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, күч органдары Эрланбек Өмүралиевди башка өлкөгө чыгып кетүүгө үндөгөн. Бирок ага карабай Кыргызстанда эле жүрөт:

- Мен УКМКнын төрага орун басары Дүйшөнбек Чоткараев менен жолукканда, ал Эрланды коопсуздук үчүн Орусия же Казакстанга чыга турсун деп айтты. Ошондой эле алар Эрланды өлтүрүүгө буйрук болгонун да билдиришти. Бирок мен "өлсөң да Кыргызстандан чыкпа" деп, Эрлан бул жакта эле.

3-сентябрда Коомдук телеканал Эрланбек Өмүралиев аттуу жарандын оппозиция мүчөлөрү 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын цианид менен булгоону пландаганын айткан тасманы көрсөткөн.

Бул тасма коомчулукка “Юпи операциясы” деген ат менен тараган. Оппозиция өкүлдөрү тасмада айтылган сөздөр чындыкка дал келбесин айтып, аны бийликтин уюштурган чагымы деп сыпаттаган. Улуттук коопсуздук комитети болсо Нарын дайрасын ууландыруу планын далилдей турган фактылар топтолуп жана тергелип жатканын, иш соңуна чыкканда коомчулукка чыгарарын билдирген.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG