Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:43

13-июлда Талды-Булак сол жээк кениндеги кытайлык инвесторлор иштетүүгө киришип жаткан “Алтын кен” ишканасына нааразы болуп келген Орловка айыл элинен комиссия түзүлдү.

- Мен Орловка айылынын жашоочусумун. Кудай буйруса “Алтын кен” иштей баштаса, сууга таасир этеби же этпейби?

- Таасир этпейт. Эч качан таасир бербейт.


Бул Орловканын канчадан бери нааразы болуп келген эли менен "Алтын кендин" өкүлдөрү айылдык клубда бетме-бет отуруп сүйлөшкөн жыйында айтылган сөз. Алардын жергиликтүү бийлик, ишкананын жетекчилеринен сырткары мамлекеттик Кыргызалтын ишканасына да суроолору бар экен.

“Эмнеге кытайлык компанияга уруксат берет, негизги жоопкерчилик ошолордо” деген пикирлер айтылды. Талды-Булак сол жээкти иштетүүгө кытайлык компанияга лицензия берген Кыргызалтын ишканасынын өндүрүш башкармалыгынын башкарма орун басары Арстан Насыровдун буга жообу бар:

- Жумуштарын көрдүк, аябай жакшы жүрүп жаткан экен. Казактар алган 2006-жылдан бери 5 жылда эч кандай жумуш жасалган жок деп айтылбадыбы. Булар болсо 2013-жылдын аягы - 2014-жылдын башында биринчи продукцияны бериш керек.

Элдин эң орчундуу талабы - жаштарды жумушка орноштуруу. Келишим боюнча ишканада 90 пайыз жергиликтүүлөр, 10 пайыз кытайлыктар иштеши керек. Орловканын эли болсо кытайлыктар көп экенин айтып, жаштарды жумушка албай жатканына басым жасашты. Айыл тургуну Гуля Курманова ишкананын эмгек шартына нааразы:

- Кечээ бир күнгө сыноо мөөнөтүн берип, баламды жумушка чакырышты. Алар “биздин шартыбыз мындай: дем алыш жок, үйгө барбай 30 күн иштейсиң, ушундай шартка макулсуңбу, жокпу” деп айтыптыр. Анан балам иштебейм деп кетип калды, биздин кыргыз балдарга ошондой мамиле жасап жатышат.

Деген менен жоопкерчилиги чектелген “Алтын кен” уюмунун директорунун орун басары Түркмен Дүйшөбаев элдин маалыматы туура эмес дейт. Анын айтымында, бардык иштер мыйзамдын жана эки тараптуу келишимдин чегинен чыккан жок.

- “Алтын кенде” 224 кыргызстандык, Кытайдын 24 жараны иштеп жатат. Дагы адистер келип турат. Ар ким өзүнүн адистиги боюнча келип, долбоорду адаптация кылып кетип жатат. Мисалы, бүгүн геологдор келсе, эртең маркшейдерлер келет.

Кирешени эсептешүүдө

Жергиликтүүлөр андан сырткары кытайлыктардын жүрүм-турумуна нааразы. Кенжебүбү Эсеналиева жолдо баратып кытайлыктар менен айтыша кеткенде, алар сөгүнгөнүн, анын ар-намысын тебелегенин айтты. Милицияга арыз жазып, соттошуп жүрүшөт. Жергиликтүү тургун Кенжебүбү элдин мүдөөсүн мындайча түшүндүрдү:

- Биз “эмнеге ушуларды жолотуп атышат, башкалар иштетип бүтүп эми ушулар калдыбы” деп жатабыз. Малайзиялыктар келди, Африкадан келди, Австралиясы келди. Экология эмне болот? Биздин кийинки жаш муундар кантип жашайт бул жерде? Ансыз деле радиация бар.

Кыргызалтындын өкүлдөрү “Алтын кен” экологиялык эрежелерди сактаганга ылайык долбоор түзүп жатат дейт. Кытайлык инвесторлор камдануу иштерин дээрлик бүтүрүшүптүр. Бирок долбоор кабыл алына элек. Ал өкмөт тарабынан кабыл алынып калса, быйыл алтын өндүрүү башталат деди ишкананын директор орун басары Түркмен Дүйшөбаев. Ал эми Кемин районунун акими Умар Изабаев бул ишкана иштей баштаса, казынага салык түшө баштайт деп басым жасайт.

- Андан тышкары кытайлар сатып алгандан кийинкиси келишимге киргизилген. Өндүрүлгөн ар бир унциядан 7,5 доллардан Кемин районуна жана Кеминдин өнүктүрүү фондуна ай сайын каражат түшүп турат. Күтүп жатканыбыз ошол, комбинат иштеп кетсе, ошол акча менен Кемин районун өнүктүрсөк деп жатабыз.

Ошондой эле келишим боюнча кирешесинин 40 пайызы мамлекеттик ишкана Кыргызалтынга түшүшү керек. Алдын ала изилдөөлөр боюнча, Талды-Булак сол жээк кенинде 65 тоннадай алтындын запасы бар. Кыргызстанга түшчү жалпы кирешени эсептеш үчүн 65 тоннаны алтындын баасына көбөйтүп, 40 пайызын чыгарыш керек.

Жыйындын соңунда 15 кишиден турган комиссия түзүлдү, алар каалаган мөөнөттө “Алтын кенде” канча адам кайдан келип иштеп жатканын териштирип чыгышат, ошого жараша сүйлөшүүлөр уланат. Ошондой эле жумушка кирүүнү каалагандардын тизмеси түзүлдү.

Орловкадагы бул “Алтын кенди” мурда алыскы өлкөлөр баш болуп, ар ким изилдеп келген, 2011-жылы Казакстандан Кытай сатып алган. Алардын лицензиясынын мөөнөтү 2026-жылы бүтөт. Эгер дагы баалуу металл табылса, андан ары иштеши мүмкүн. Талды-Булак Кыргызстандагы ири кендердин катарына кирет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG