Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Ат-Башыда кар көчкүдөн бир улан набыт болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Нарындын Ат-Башы районундагы кар көчкү астында калган 19 жаштагы улан каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн кабарлагандай, кырсык 20-февралда Таттыбек кыштоосунда болгон. Маркум кой кайтарып жүргөндө кар басып калган.

Издөө иштерине аталган министрликтен, райондук милициядан жана жергиликтүү тургундардан турган 75 киши тартылган. Сөөк 21-февралга караган түнү саат бир жарымда табылган.

19-февралда кар көчкүдөн Чоң-Алайда эки бала, Кара-Сууда бир аял набыт болушкан. (SE)

XS
SM
MD
LG