Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

ЕККУ тобу майдан тарта түштүктө иштей баштайт


Maй айынан тарта Кыргызстандын түштүгүндө Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйырма чакты өлкөсүнүн өкүлүнөн турган топ ишке киришет.

Алар негизинен жергиликтүү калктын калың катмарынан, айрыкча алар менен тыгыз иштешип жаткан бийлик кызматкерлеринен жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн куралат.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Оштогу талаа кеңсесинин укук маселелери боюнча кеңешчиси Росс Браундун ырасташынча, уюмга мүчө жыйырма чакты өлкөдөн куралган топторго жергиликтүү бийлик кызматкерлеринен тышкары ар түрдүү улуттардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү тартылмакчы.

- Долбоордун уникалдуулугу ушунда: Ош облусунун райондорунда жети, Жалал-Абад облусунда алты-сегиз, ал эми Ош шаарында сегиз топ такай иш жүргүзмөкчү. Алар, биринчиден, тынч жаткан элди дүрбөлөңгө салгандар менен тыгыз иштешет. Бул аркылуу ар кандай чыр-чатактарды алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчиден, ар кандай маданий иш-чаралар жана спорттук мелдештер уюштурулуп турмакчы. Үчүнчүдөн, бул аракеттердин артында жанагы түзүмдөр бара-бара мамлекеттик чоң күчкө айланмакчы.

Анткен менен Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары Жумагүл Эгербердиева муну жаңылык катары эсептебейт.

- Бизде улуттар аралык гана эмес, ар кандай диндер ортосундагы чыр-чатактарды, ошондой эле жөн-жай араздашууларды элдик дипломатия аркылуу жөнгө салып келишкен. ЕККУнун бул долбоорунда, менимче, материалдык кызыкчылык эмес, жарандардын бейпилчилигинин туруктуулугу үстөмдүк кылууга тийиш. Ошондуктан долбоорго жарандык позициясы бекем, патриот адамдар тартылууга тийиш.

Президенттин кеңешчиси Виктор Черноморец түштүк аймагында былтыркы тополоңдун алгачкы күндөрүнөн бери жүргөнүн эске салды.

- Ар күнү райондорду кыдырып, ар түрдүү мүнөздөгү жарандар менен сүйлөшүп турам. Азыр чоңу да, кичинеси да тынчтыкты эңсеп турат. Чындыгында, нан экинчи планга сүрүлүп калды. Ошондуктан ЕККУнун долбоорунун келечеги чоң деп эсептейм. Ошол себептүү биз өлкөдө антитеррор борборун уюштурдук. Анын негизги бөлүгү Ош шаарында жайгашат. Анткени республиканын бүтүндүгү бул түштүктүн тынч турушуна байланыштуу деп президентке да, башкаларга да тынбай айтып атам.

XS
SM
MD
LG