Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Мурдагы аскер соту 50 миң доллар пара алды деп айыпталууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Башкы прокуратура Аскер сотунунун мурдагы төрагасы Нурлан Ашымбековго “опузалап акча талап кылуу” жана “пара алуу” беренелери боюнча иш козгоду.

Маалыматта айтылгандай, өткөн жылдын сентябрь айында Башкы прокуратурага эки жаран кайрылып, аскер соту Нурлан Ашымбеков ишти алардын пайдасына чечүү үчүн 50 миң АКШ долларын талганын айтып арызданган.

Окуя боюнча иш козголуп, ал Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн. Ушул жылдын 17-февралында судья Ашымбеков кармалып, ага айып угузулган, бирок эки күндөн кийин Биринчи май райондук соттун чечими менен үй камагына чыккан.

Учурда иш Бишкек шаардык сотунда каралуу алдында турат.

Нурлан Ашымбеков 2010-жылдын апрель окуясы боюнча сотто төрагалык кылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG