Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Оштун тургундары коммуналдык кызматтардын ишине даттанууда


Ош шаары
Ош шаары

Ош шаарында жамгырга байланыштуу ичүүчү суу берүүгө чектөө киргизилди. Андан тышкары акыркы күндөрү газ берүүдө жана интернет ылдамдыгында да көйгөй бар. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна айрым шаар тургундары кабарлашты.

Шаардык мэриядан жаан-жачынга байланыштуу Ак-Буура дарыясына суу кирип, булганып, таза суу берүүгө чектөө киргизилгенин тастыкташты. Калаада ачык суу сактагыч ыкмасы колдонулгандыктан, дайыма аба ырайы кескин бузулганда суу берүү токтотулат. Бул ирет дем алыш күндөрү өчүрүлгөн суу дүйшөмбүдө берилген. Тургундар түтүктөрдөн чыккан суу бир аз кир экенин айтышууда.

Оңдоо иштерине байланыштуу бир аптадай мурун электр энергиясы жана газ убак-убагы менен өчүп, азыр толук берилип жатканын шаар мэриясы билдирди.

Ал эми интернеттин ылдамдыгы бир жумадан бери жай болуп жатканын “Кыргызтелеком” авария болуп, азыр оңдоо иштери жүрүп жатканы менен түшүндүрдү. Ошол эле кезде жеке провайдерлердин интернети үзгүлтүксүз иштөөдө.

XS
SM
MD
LG