Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Жумаев: "Жетинчи канал" Ташиевдики эмес


Коомчулукта депутат Камчыбек Ташиевге таандык экени айтылып жүргөн "Жетинчи каналдын" эфирге чыкканына ушул айда эки жыл толду.

Өткөн жылы «М-Вектор» уюму жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, телеканал Кыргызстанда эң көп көрүлгөн каналдардын катарына да кошулган. Бирок ошол эле учурда медиа-эксперттер каналдын баяндарында журналистиканын мыйзамдары сактала бербейт деген сын пикирлерин да айтып келишет.

"Жетинчи каналдын" башкы директору Алтынбек Жумаев "Азаттыкка" маек курду:

- Алгач "Жетинчи каналдын" эки жашка толушу менен куттуктайм. Айтсаңыз, канал жаңы жумуш баштап жаткан кезде алдыга коюлган пландар бул аралыкта кайсы даражада ишке ашты?

- Биз 2010-жылдын 18-сентябрында эфирге чыкканбыз. Эки жыл мурун алдыбызга койгон пландардын баары ишке ашты дегенден алысмын.

2010-жылдагы коогалаңдуу окуядан кийин түштүк жергесинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбү жабылып калды. Жаңылыктарды журналисттер Бишкекте отуруп эле телефондон тактап, тарата башташты. Чыныгы абалды көрсөткөн жергиликтүү каналдар жок болуп, адамдар боштукта калгансыды. Биз ошол маалымат жетишсиздигин жоюуга аракет жасадык жана ал колубуздан келди деп ойлойм.

- Аз убакыттын ичинде сиздердин канал карапайым калк арасында ордун таба алды. Бирок медиа-эксперттер бул каналда журналистиканын эл аралык стандарттары, этикалык нормалары көп сактала бербей турганын айтышат…

- Жумуш бар жерде кемчилик жана сын пикир болот. Биз телеканал аркылуу карапайым калктын үнүн бийликке же чоңдорго жеткиребиз деген максатты алдыбызга койгонбуз.

Эгер адамдар оюн тийиштүү жерге жеткире албаса, анда ал көтөрүлүштөргө, нааразычылыктарга себеп болот. Ошондуктан биз элге аянтча болуп берели деген максатты көздөйбүз. Биздин каналдын журналисттери бир тараптуу маалыматтар менен иштешет, журналистиканын нормаларын сакташпайт дегенден алысмын. Бирок аны сырттан карап көрүш керек. Адамдын кемчилиги өзүнө билине бербейт.

Мен дайыма кабарчыларыма бир окуяны чагылдырууда, же кимдир бирөө жөнүндөгү баянды даярдоо учурунда экинчи тараптын тең пикирин сөзсүз алгыла деп айтып келем.

- «"Жетинчи канал" Камчыбек Ташиевдин менчиги, ошондуктан булар ал кишини гана мактайт, саясаттагы жаңылыктарды ошол кишинин көз карашы менен гана элге жеткирет» деген пикирлерге кандай жооп бере аласыз?

- Ташиевди мактап-жактаган көрсөтүүлөрдү көп беребиз дегенден алысмын. Биздин көрөрмандар жакшы билишет, ал киши жөнүндө кай бир жерде сын пикир айтылса, аны да эфирде беребиз.

- Деги бул каналды Камчыбек Ташиев каржылайт дегени чынбы?

- Ташиев каржылабайт деп ачык айта алам. «Жетинчи канал» Ташиевдики деген сөз туура эмес. Башында демөөрчү катары анча-мынча кол кабыш кылганы чын. Азыр биз эл аралык уюмдардын колдоосунда жана рекламанын негизинде эле өзүбүздү каржылап келе жатабыз.

- Сиздердин каналда берилчү айрым маалыматтарда бийликте иштегендердин аты-жөнүнүн аягына «чик» дегенди кошуп, сүйлөмөй адатыңар да бар. Жетекчи катары эмес, сырттан көз салып турган адам же журналист катары буга кандай баа бересиз?

- Мен эч кандай маалыматты бурмалабай, кандай болсо ошондой берем. Андайлар биздин "Сайтка саякат" берүүбүздө айтылат. Сайтка чыккан маалыматты оңдоп берүүгө укугум жок. Биздин каналды карап, кемчилик издеп отургандар бар. Эгер биз сайттагы сөздөрдү оңдоп берсек, анда алар "кабарды бурмалады" деп чыгышат.

- "Жетинчи каналды" Улуттук коопсуздук кызматынын адамдары көп текшерүүгө алат экен деген маалыматтар бар. Бул канчалык чындык?

- Түзмө-түз келип эле текшере беришет дегенден алысмын. Бирок "кабарчылар менен таанышалы, эч кандай текшерүүгө келген жокпуз, жөн эле чогуу иштешели2 деген шылтоолор менен келип турушат. Биз алардын максатын билебиз. Жок нерсени тапкылары келип турат.
XS
SM
MD
LG