Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Коогалаңда жабыркагандар кышка кам көрүүдө


Ош жана Жалал-Абадда үй-жайынан ажырагандардын кыш алдындагы абалы кандай? Кандуу калабада өрттөнүп кеткен 2000дей үй ордуна убактылуу турак-жай салынган. Жабыркагандар там-таш салынганы менен адамдардын жанын ачыткан ошол окуялардын таасири дагы эле калып жатканын айтышууда.

Ош шаарынын Мажүрүм тал кварталынын 180-үйүндө иш кызуу жүрүүдө. Үйдүн ээси Мурапжан Абдыкадыров усталарга кошулуп өзү да иштеп атат.

Абдыкадыровдун үйү өткөн жылкы коогалаңда өрттөнүп кетип, кийин дирекция 2 бөлмөлүү убактылуу турак-жай куруп берген. Эми минтип убактылуу үйүн дагы кеңейтип жаткан экен:

- Курулуштарыбыз токтоосуз түрдө жүрүп атат. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы DRC компаниясы менен биргеликте бардык каражатты алып келип берди. Аларга кошулуп өзүбүз да иштеп атабыз.

Мурапжан Абдыкадыров
Мурапжан Абдыкадыров
Үйүн тургузуп алуу үчүн Мурапжанга 16 миң бышык кыш, бир нече тонна цемент берилген. Уста акыларын да жардам берүүчү тарап көтөргөн.

Анча-мынча жетишпей баратканда тургундар өздөрү да ашар кыла коюп жатышкан экен:

- Азыр бардыгы өз иши менен алек. Эптеп кышка чейин бүтүрүп алсак деген ой. Усталар жетишпей баратканда коңшулар да келип жардамдаша койот. Кыргыз-өзбек дебей бири-бирибизге көмөктөшүп жатабыз.

Июнь окуясынан жабыр тарткандарга кыштан чыгуусуна да көмөк берилип келет. Өткөн жылы убактылуу турак-жайлар менен кошо ар бир үй-бүлөгө 2 тоннадан көмүр берилген.

Гүлчехра Абдыкадырова
Гүлчехра Абдыкадырова
Мурапжандын жубайы Гүлчехра Абдыкадырова суукта балдарынан кам санап жаткан экен:

- Үйлөр жаңы курулганына карабай көптөр кышында башка батирлерде жашап чыгышты. Бирок биз өзүбүздүн үйдө эле жашадык. Кыш анчалык суук болбогонгобу, балдарыбыз көп деле үшүбөдү. Берген көмүрлөрдү жагып аттык. Быйыл да көмүр беребиз деп жатышат.

Этностор аралык калаба учурунда Мажүрүм тал кварталынан 30дай үй жабыр тарткан. Алардын баарына убактылуу турак-жайлар курулуп берилген.

Бирок эми башкасынан да “адамдардын аң-сезимин калыбына келтирүү иштери жакшы жүрбөй жатат” дейт бул жердин башка бир тургуну Майрамкан Касымова:

- Үйдү калыбына келтирип, киргизип жашатып койсо болот экен. Бирок адамдардын аң-сезимин кайра калыбына келтирүү тозок иш тура. Балдардын жүрөгүнөн коркуу сезимин эмдигиче кетире албай жатабыз. Бийлик ушул жагын карап берсе жакшы болмок эле. Кантсе да жаңы келе турган президенттен үмүт кылып атабыз.

Маалым болгондой, 2010-жылкы кандуу капсалаңда 2000дей үй-бүлө үйүнөн ажыраган.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан өткөн кышка чейин 28 кв. метрден убактылуу жай салынып берилген. Быйыл анын 1634үнө дагы 50 кв метр кошулуп тургузулууда. Үйлөрдүн 578и Ош шаарында жайгашкан.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG