Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Ош: кырдаал канчалык кооптуу?


Ош шаардык бийлиги Эл аралык Кризистик уюмунун жана Брюсселдеги Алишер Навои институтунун "Ошто тополоң дагы кайталанышы мүмкүн" деген билдирүүлөрүн четке кагууда.

Мэрия өкүлдөрү аймакта кырдаал стабилдүү экенин жана улут белгисине карата кодулоолор жоктугун билдирүүдө. Ошол эле кезде айрым шаар тургундары элде аз болсо да кооптонуу бар экендигин ачыкташууда.

Эл аралык Кризистик тобунун жана Алишер Навои институтун "Ошто улут аралык кагылышуу кайрадан чыгышы мүмкүн" деген билдирүүлөрү аймакта бир топ эле кызуу пикирлерди жаратып койгондой. Бир катар бейөкмөт уюмдары жана бийлик өкүлдөрү маалыматтарды төгүнгө чыгарууга аракет кылышууда.

Ош шаардык мэриясынын коргонуу жана укук коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Айтпай Масалиев эл аралык уюмдардын билдирүүлөрүн чагымчылык катары баалады:

- "Мышыкка оюн, чычканга өлүм" дейт. Алар тиги жакта туруп алышып, каалаган нерселерн айтып койо беришет экен. Ал эми бул жакта коогалаңды көрүп калган эл шыбырт эткен нерсенин баарына эле чоочуп атышат. Бизде азыр шүгү, абал абдан жакшы, стабилдүү. Тургундар тиргилигин кадимкидей өткөрүп жатышат. Бейөкмөт уюмдар, мэрия тарабынан эки элдин ынтымагын чыңдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бирок ошолордун баарын көрбөй туруп, асмандан түшкөнсүп билдирүүлөрдү, чакырыктарды таштап атканы бул чагымчылык, провокация.

Масалиев Эл аралык Кризистик уюмдун "Ошто улуттук негизде кодулоолор уланып жатат" деген билдирүүсүн да четке какты:

- "Өзбек улутундагы кадрларды кызматтан алып жатат, кодулап жатат" деген кеп да карандай жалган. Ош шаардык мэриясында жана мэриянын ар кайсы кызматтарында иштеп аткан өзбек тектүү жарандар эч кандай кызматтан кетпей эле кадимкидей иштеп атышат. Укук коргоо органдарында да жок дешкен экен, бул да төгүн. Азыр шаардык милициянын биринчи орун басары өзбек улутунан, ал эмес шаар мэринин биринчи орун басары өзбек тектүү, президенттин өкүлүнүн орун басары кызматына көтөрүлдү.

Кооптонуу бар

Шаардык бийлик белгилегендей, бир жылдан бери аларга улуттук белгисине карата басмырлоого байланышкан арыз-даттануулар жок. Шаар тургундары да Ошто азыр мурдагыдай болбогон нерселер үчүн чокуша кетмейлер азайып калганын белгилешет. Өзбек тектүү тургун Салтанат Файзуллаева "Азаттыкка" мындай деди:

- Учурда кырдаал мурдагыга караганда жакшы эле болуп калды. Милиция өкүлдөрүнүн анча-мынча коркутуп, үркүтүүлөрүн эске албаганда жеке менин көз карашымда өзбек тектүү тургундарга кодулоолор жокко эсе. Анан "жакында уруш чыгат, тополоң чыгат экен" деген ушак-айыңдарды да эшиткеним жок. Тескерисинче, ошол уюмдардын билдирүүлөрүнөн кийин эл ичинде кабатырлануулар жаралууда.

Бирок айрымдар эл аралык уюмдардын соңку билдирүүлөрүн эскертүү катары кабылдоо керектигин айтышат. Серепчи Жыргалбек Жээнбеков билинбеген менен калк арасында кооптонуу дагы деле сакталып турганына токтолду:

- 2010-жылга салыштырмалуу аз, бирок эл ичинде кооптонуу дагы деле бар. Муну миң четке какканыбыз менен биздин талылуу маселебиз бойдон калып жатат. Утур жаңы ушак кеп чыгат, аны бийликтер жокко чыгарышат, ошентип эле келе жатабыз. Мына азыр деле эл ичинде "жакында Ош шаарында террористтик акт болот экен" деген сөздөр бар. Улут аралык маселе боюнча ар кандай айыңдар бар. "Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт" дегендей менимче бул нерселер деле жөн жерден чыгып жатпаса керек.

Талдоочу Жээнбеков улуттук азчылыктарда да кооптонуулар бар экендигин кошумчалады:

- Бул жердеги бейөкмөт уюмдар улуттук азчылыктардан сурамжылоо жүргүзүшкөн. Ошондо көпчүлүк өзбек тектүү тургундардан кооптонуу бар экендигин айтышты. Демек элде психологиялык кооптонуу дагы деле бар.

Калк эмне дейт?

Шаар тургуну Шахрух Саипов: "Мен эл аралык уюмдун отчетуна толук кошулам. Көйгөй бар, эл аралык уюмдар бул жакка келип, ошол нерселерди өз көздөрү менен көрүп, изилдеп, ушул отчетту чыгарышкан. Отчетто айтылган көйгөйлөр азыркыга чейин турат, өзүм болсо алардын жазганын толугу менен колдойм."

Ал эми укук коргоочу Равшан Гапиров бүгүн өз башынан өткөргөн окуяны мындайча айтып берди: "Саат бештерде Шейит-Дөбөдөгү светофордун алдында эч кандай эреже бузбасам да мени ГАИ токтотту. Документимди алган кызматкер машинеде отурган улук кызматкерге берип койду. Эмне себептен андай кылганын териштирсем, "жөө адамды өткөргөн жоксуң" деген жалган айып койду. Анан тиги улук кызматкер мени тааный коюп, документтеримди кайта берди. Эгер менден башка өзбек болгондо айып пул төлөйт болчу. Азыр Ош шаарынын ичинде ГАИ кызматкерлери жалаң өзбектер жашаган маале-кыштактарда акча жасап жүрөт. Бул өзбектер кысымга кабылып жатканынын бир гана мисалы, болбосо андай окуялар күнүгө болот."

Ош шаарындагы дагы бир укук коргоочу Алима Шарипова: "22 айда ынтымак толугу менен калыбына келди деп айта албайбыз".

Март айынын этегинде Эл аралык Кризистик уюм Ош аймагында өзбек тектүү тургундарды кодулоо уланып жаткандыгын жана бул этностор аралык чыр-чатактын кайрадан тутанышына алып келиши мүмкүндүгүн айтып чыккан. Брюсселдеги Алишер Навои институту "Ош шаарынын жакасындагы Папан суу сактагычынын жанында Мелис Мырзакматов куралдуу 300дөй жигитти машыктырып, урушка даярдап аткандыгын" өз докладында белгилеген. Бирок бийликтер мунун баарын четке кагууда.
XS
SM
MD
LG