Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Ак-Буура: Сак бол, эс алуучу!


Соңку бир айдын ичинде Оштогу Ак-Буура дарыясы жети адамды агызып кетти.

Кырсыктын минтип адаттагыдан арбын катталышы суунун жылдагыдан көп болуп жатканы менен түшүндүрүлүүдө. Ошол эле мезгилде жайкы эс алуучу жайдын бирине айланган дарыя жээктеринде тургундардын коопсуздугун камсыздоочу маалыматтар жокко эсе.

Жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу дарыянын суусу жаз башынан бери кыйла эле көбөйдү. Анын айынан 7 адам бейажал набыт болгонун “Азаттыкка” Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, алар дээрлик аптаптан качып, салкын жээкке сергигени келгендер:

- Жети кишинин эч кимисинде кастан өлтүрүлгөндүгү боюнча белгилер жок. Ошондуктан жээкке эс алганы келип, сууга түшкөн кезде агып кеткен деген тыянак чыгууда. Агып кеткендердин үчөө аял, төртөө эркек. Бардыгы Кыргызстандын жарандары. Сөөктөрдүн бири Өзбекстандын аймагынан табылган. Тагыраак айтканда, Оштон агып, кошуна өлкөнүн аймагына өтүп кеткен.

Жогоруда айтылган жети кишинин бирөөсүнүн кимдиги аныктала элек. Кыргызстандык болушу мүмкүн деп жоромолдонгону менен, жашаган жери, аты-жөнү такталбай турат.

Замир Сыдыков билдиргендей, агып кеткендер жөнүндө маалымат түшөрү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана милициянын куткаруучулары окуя болгон жерге бир заматта келишет.

Милициянын маалыматынан соң Ак-Бууранын жээгине барып, ал жерде эс алып жүргөндөр арбын экенин көрдүм. Ушул күндөрү сууга агып кеткендер көбөйүп жатса да, эс алуучуларды этиятыкка чакырган эскертүү тактайлары орнотулганына көзүм түшкөн жок. Ал эмес, жарандар сууга агып набыт болуп жаткандар жөнүндө уга электигин айтышты. Дарыянын жээги атайын эс алуучу жай болуп эсептелбегендиктен, бул жерде куткаруучулар да жок.

Ош шаарынын 60 жаштагы тургуну Майрам эне дарыянын жээгине неберелерин ойнотуу үчүн алып келиптир. Ал жети адам кайгылуу ажал тапканы менен Ак-Бууранын жээгине эскертме илинбегенине кейиди. Бирок шаар бийлигинин же куткаруу кызматынын аракетин гана күтүп отура бербей, адамдар эс алуу маданиятына өздөрү да көңүл бурушу керектигин кошумчалады:

- Адамдар ичип алып, суунун ортосуна чейин барып, өзүн эптей албай, ошонун айынан агып жатат да. Кечээ бир бала велосипедди аябай тез айдап ушул жээкте жүрдү эле. Кокусунан жыгылып, сууга түшүп кетти. Өмүрү бар экен, кишилер сактап калышты, бирок велосипеди агып кетти.

Улуу муундун өкүлдөрүнүн айтымында, буга чейин Ак-Буурада жазында гана суу көбөйүп, жай мезгилинде кыйла тартылып калчу. Кишилердин агып кетүү фактысы да жылына бир-эки жолу катталбаса, үрөй учурган окуялар көп болгон эмес.

Быйыл болсо Ак-Буура дарыясында суунун качан тартылары белгисиз. Адистер жаан-чачын көп болорун эскертип жатканын эсепке алсак, дарыянын суусу жакында азаяры деле күмөн.

XS
SM
MD
LG