Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:51

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл округунда кургак учук менен ооругандар киши санына эсептегенде Борбор Азияда биринчи орунга чыккан.

Бул жерде 6 миң чамалуу жашоочуга 105 кургак учук туура келет. Адистер дартка чалдыккандардын көбү чет жактан жуктуруп келип аткандыгын айтууда. Жергиликтүү дарыгерлер оорунун масштабы коркунучтуу эмес деп эсептешет.

Кара-Суунун Ак-Таш айыл округунда кургак учук менен ооругандардын саны Орто Азия боюнча алдыңкы катарга чыкканын Ош облусттук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясы айтып чыкты.

Кызматтын жетекчиси Төлөгөн Келдибаевдин белгилешинче, округда 6 миңден ашык адамдын ар бир 65инчиси бул дартты жуктуруп алган:

- Дүйнөлүк статистикада 100 миң адамга 50 киши кургак учук менен ооруса бул норма катары саналат. Ошого карап эсептей турган болсок Ак-Таш айыл өкмөтүндө 3 эле адам бул илдетке чалдыгышы керек. Биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги чыгарган нормага салсак, 6 эле адам кургак учук болушу керек. Ал эми бул жерде 105 болуп атат. Салыштыра келгенде Борбор Азия боюнча мындай жер жок экен.

Келдибаев мындай маалыматтар буга чейин ачыкка чыкпай келгени үчүн бул дарт менен күрөшүүчү кызматтарды айыптоодо:

- Кургак учук менен ооруган бир адам бир жылда 20 адамга жуктурат экен. Буга ишенсек ал жерде жогорудагы сан мындан да көп болушу мүмкүн. Бирок муну жергиликтүү бийлик, тубдиспанперлер жашырып, айтпай келе жатышат. Ар кимиси өз камын ойлоп, сөгүш алып калуудан качып атат. Союз убагында койдун башын көбөйтүп жазгандай эле, булар өз кызыкчылыктары үчүн оорулуулардын санын азайтып жазып атышат. Бул алардын кайдыгерлиги.

Ак-Таш айылдык кеңештин медициналык кызматкерлери мындай маалыматтарды четке кагууда. Кургак учук боюнча адис, дарыгер Эсен Адибаев оорунун масштабы айылда анчалык көп эмес экендигин айтат:

- Өтө эле көп дегенге кошулбайм. Бизде азыр айыл округ боюнча болгону 38 гана адам кургак учук жуктуруп алганы тууралуу маалымат бар. Былтыр 40 киши гана катталган. Бирок эми алардын көпчүлүгү жаштар болуп атканы чын. Алар көбүнчө Орусия, Казакстанга чыгып жуктуруп атышат. Анткени ал жакта жакшы шарттар жок. Ал эми бул жерде болсо бирин-экин гана картаң ооруп атат.

Дарыгер кургак учукка чалдыккандар жергиликтүү бийликтин кароосунда экендигин белгиледи. Быйылкы эле айыл округдагы оорукчандарга "Кургак учук – 3" деген программанын алкагында 36 миң сомдой жардам берилген экен:

Эсен Адибаев

Эсен Адибаев

- Кургак учук менен ооруган адамдарды элден бөлүп, изоляция кылышыбыз керек. Бирок азыр ага мамлекеттин алы жетпейт.

Ошентсе да ооруга чалдыккандарды 2 ооруканада, 4 ай үйүнө барып 3 маал дары берип карайбыз. Жакшы болуп кетсе жакшы болуп кетти, болбосо кайра дагы тынбай дарылап турабыз.


Деген менен Ак-Таш айыл округундагы кургак учукка кабылгандар мындай жардамдын четин да көрбөгөндүгүн айтышат.

Манас Малаев өзүнүн пенсиясы менен гана дарыланып жаткан экен:

- Жыл сайын 2 жолу 2 айдан жатып дарыланам. Бул оору ушундай экен, кайра-кайра эле кармап кала берет экен. Кудай акы, 2006-жылдан бери тынбай дарыланып жаткан болсом, мамлекет тарабынан бир да жардам берилген жок.

"Гуманитардык жардап келди, берип атат" дейт, бирок бизге бир да берген жок. Өзүм да биринчи топтогу майыпмын. Кургак учугун кой, майыптыгыма берилген пенсиямды араң алам. Жылда документ толтуруп, анысы борборго барып кайра келип, 4 ай деген убакытта арзыбаган акча берет. Же аным дарыга жетсе бир өлөйүн.

Буга карабай кургак учукка чет өлкөдөн чалдыгып келгендер оорудан толук айыкпай туруп, бир аз дарыланып, кайра эле кетүүнү адат кылып алышты. Мындай кайдыгерлик алардын эле ден соолугуна зыян болбой, алар менен бирге иштеп, бирге жашаган мигрант жердештерине да оорунун жугушуна алып келет дешет дарыгерлер.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG