Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Алайда жол тоскондор шарт коюп тарады


Ош - Эркеч-Там жолун тосуп тургандар, Алай, 24-ноябрь, 2013.
Ош - Эркеч-Там жолун тосуп тургандар, Алай, 24-ноябрь, 2013.

Камалган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери жекшембиден бери бууп турган Ош - Эркеч-Там жолун дүйшөмбү күнү кечке жуук ачып, бийликке үч күндүк убакыт чектеди.

Ош - Эркеч-Там жолу жекшембиде Акматбек Келдибековдун туулган айылы Сопу-Коргондун тушунан буулган. Адегенде жеңил унаалар өткөрүлүп, жүк ташуучу машинелер гана токтотулуп турса, бүгүн түшкө жуук жол таптакыр буулду. Натыйжада жолдун эки тарабында топтолгон унаалардын саны беш жүзгө чамалап барды.

Бүгүн кечке жуук нааразылык акциясына чыккандар менен Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен эки күндөн бери буулуп турган жол ачылды. Бирок Келдибековдун тарапкерлери өз талабын аткарууга бийликке үч күндүк мөөнөт чектешти. Алар үч күн ичинде Келдибеков үй камагына бошотулбаса, Ош-Эркеч-Там жолун кайрадан бууй турганын эскертишүүдө.

Жол тоскондор депутат Келдибековдун үй камагына бошотулушун талап кылып турушту: Алардын бири Алтынай Ташматова жекшембиде “Азаттыкка” буларды билдирген:

- Азыр бул жерде эки миңдей адам топтолду. 3 боз үй тигилди. Биз Акматбек Келдибековду тергөө бүткөнчө үй камагына бошотууну талап кылабыз. Келдибековдун камалышы - саясий буйрутма. Ага жалган жалааларды жабыштырып жатышат. Тергөө чын-жалганына жеткенден кийин деле камаса болот да. Талаптарыбыз аткарылмайынча жолду тосо беребиз.

Жол тосулган жерден сүрөт баян
(Тойчубек Артык уулунун сүрөттөрү, Kloop.kg)



Бул учурда (жекшембинин кечинде) тартип сакчылары жол тоскондордун саны 50гө да жетпейт деген маалымат таратты. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев Келдибековдун тарапташтары менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлаган.

- Азыр 40ка жакын адам бар. 3 боз үй тигилген. Ош облустук ИИБ башчысы Ашым Тагаев элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылып калышы мүмкүн. Жол тоскондор жеңил машинелерди коё берип, жүк ташыган унааларды тосуп жатат. Азыр 30дай жүк ташуучу машине турат.

Келдибековдун тарапташтары буга чейин милиция кызматкерлери жол тоскондорду четинен кармап кетип, алардын үйүнө чейин кыдырып, кысым көрсөтүп жатканын айткан эле. Бул маалыматты.Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашев жокко чыгарды:

- Бул туура эмес маалымат. Милиция эч убакта үймө-үй кыдырбайт. Алар болгону элдин коопсуздугун сактоо үчүн турушат. Акцияга чыкпагыла деген кысым эч убакта болбойт. Анткени биз буга жол бербейбиз.

Жергиликтүү журналист Тойчубек Артык уулу Сопу-Коргон айылына барып, жол тоскондорду өз көзү менен көрүп келген. Ал жол тоскондордун көбү аялдар жана жашы өткөн адамдар экенин “Азаттыкка” айтып берди:

- Сопу-Коргонго түшкү 12лерде (жекшембиде) бардык. Биз барганда 500дөй адам топтолуп турган экен. Көпчүлүгү аялдар жана жашы өткөн адамдар. Алар жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатышат. Кечке жуук биз кетип баратканда 300 чамалуу адам турган.

Ал эми Алайдан Ошко көмүр тартып иштеген айдоочу Нурланбек Сайпидинов 7 сааттан ашык жолдо турганын айтууда:

- Бизди өткөрбөй жатышат. Мен Чоң-Алайдан Ошко көмүр тартып бараткам. Түшкү экиден бери ушул жерде турабыз. Азыр мына түнкү он болду.

Ошентип Келдибековдун тарапкерлери эки күн дегенде жолду араң ачышты. Эми алар бийликке шарт коюп, үч күн ичинде Келдибеков бошотулбаса кайрадан жол тосоорун эскертишүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков 22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Башкы прокуратура Келдибеков жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөндө мамлекеттик казынага баш-аягы 30 миллион сомдук зыян келтирген деп айыптап жатат. Келдибеков 20-ноябрда кармалган. Андан бери депутатты жактагандар Алайда, Ошто жана Бишкекте нааразылык акцияларын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG