Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Кыргызстанда киберчабуулдарга каршы борбор түзүлөт


Кыргызстанда компьютердик киберчабуулга туруштук берүү үчүн атайын аналитикалык борбор түзүлөт. Орусиялык адистер менен сүйлөшүүлөр жүрүп, пилоттук негизде алгачкы программалар иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте маалыматтык технологияларга арналган “КИТ-2017” форумунда айтылды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдиргендей, жакын арада борбордун түзүлүшү боюнча расмий буйрук чыгат.

-Бул үчүн атайын жабдууларды сатып алыш керек. Ал кымбат экенин белгилей кетейин. Учурда киберкоопсуздук боюнча УКМК жана Коргоо кеңешинде адистер иш жүргүзүшөт. Менин билишимче, ушул жуманын ичинде президент атайын документтерге кол коёт. Анда атайын аналитикалык борбордун түзүлүшү жарыяланат.

Киберчабуулга туруштук берүү маселеси учурда дүйнөлүк актуалдуу маселе болуп жаткандыктан Кыргызстан форум аркылуу эл аралык тажрыйбага байкоо салууда. Бишкектеги “КИТ-2017” форумуна Орусия жана Казакстандан IT-адистер катышууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG