Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

Кара-Кулжанын Алайкуу өрөөнүндөгүлөр жолдун катаалдыгынан 20 жылдан бери азап тартып келет.

Кышкысын көчкүдөн жол жабылып, райондун жана облустун борборунан бир айлап карым-катыш үзүлүп калат. Жолдун катаалдыгынан, шарттын начардыгынан улам мында жаштардын карааны калбай калды дешет элеттиктер.

Кытай менен чектеш аймакта жайгашкан Алайкуу өрөөнүндөгүлөр борбор жакка күнүгө кыйынчылык менен катташат. Начар жолдо унаа лөкүлдөгөн сайын кудайлап жакаларын карманып кете беришет. Өңгүл-дөңгүл жолдо каттаган унаанын далайы талкаланып бүттү.

Айдоочу Үмүт Маматалиев ылдый түшкөн сайын УАЗ машинесин устага көрсөтөт. “Жол тазалагычтардын иштебегендигинен улам ушундай болот”, - дейт ал:

- Ой-Тал айылынан нары деле тим эле Ошко баргандай болобуз.

Белге чыккандан кийин бизди жол тазалагычтар такыр эле унутуп коюшат. Таштарды тебелеп кете берип, унаам заматта эле талкаланып калат. Жок дегенде 3 айда бир карап, тазалап турушса болмок.


Айдоочулардын айтымында, Алайкууда турган жол сүргүч 2 унаа иштесе иштейт, иштебесе жок. Жылдын башынан бери болгону 5 км. жол тазаланган.

Асан Какаев жубайы менен
Райондук жол эксплуатациялык ишканасынын инженери Арстан Жалиевдин белгилешинче, каражаттын жетишсиздигинен улам жолду тез-тез тазалап турууга алардын мүмкүнчүлүгү жок:

- Күнүгө дей албайбыз, аптасына, же бир айда бир дей да албайбыз. Бирок жол жабылып калганда, же жер көчүп түшкөндө тазалап турабыз. Машине жүрүп турганга болот. Жүк ташыгыч машинелерибиз, жол тазалагыч машинелерибиз аз. Жетишпейт, же бошобой калат. Күйүүчү май болуп калса, эми жакындан баштап дагы бир сыйра тазалап чыгабыз. Жаман жерлерди түздөгөнгө аракет кылабыз.

Чөнтөктө түнөбөгөн пенсия

Мындан 2 жыл мурун Кара-Кулжа – Алайкуу жолунан автобус кырсыкка учурап, 19 киши каза болгон. Ошондон кийин бул жакка автобус аттуу такыр каттабайт. Анын ордуна УАЗ машинесин колдонушат. Жол акы болсо мурда 60 сом болсо, азыр 600 сомго чыккан.

Алайкуу айыл округунун тургуну Сатыбалды Кыдырмышев буларды айтып берди:

- Унаалар миң каттаган күндө да өздөрүн актай албайт. Жапжаңы машине да 1 жылда талкаланып жок болот. Эптеп эле келип кетишет.

Элдин тапкан-тышыганынын баары эле ушу техниканы оңдоп-түздөгөнгө кетет. Ошон үчүн жол кире кымбат. Райондун борборунан Алайкууну акыркы айылы Көк-Артка чейин 120 км. болсо, жол акы 600 сом. Ичпей-жебей барып келгениңде 1200 сом болот. 1 кг. жүк райборбордон 2 сом менен келет. Башкача айтканда 1 кап ун бул жерге 100 сом менен келет
.

Тамара Жусупбекова
Жол акынын кымбаттыгы Алайкууда азык-түлүктүн да наркын абдан көтөрүп салган. Дүкөнчүлөр борбордон алган нерсесин мында эки эсе кымбат сатышат. Көкарттык 78 жаштагы аксакал Асан Какаев 4000 сом пенсиясы мында эч нерсеге жетпей калаарын айтат:

- Бул жерде азык-түлүк кымбат. Бир кап ун 1600 сом. 2-сорту 1300 сом. Картошка 35 сом, пияз 35 сом, сабиз 40 сом. Алган кичине пенсиябыз ушуга эле кетет. Эгер батага, тойго деп ылдыйга бир-эки түшүп келсек, пенсия толугу менен жок болот.

Элин сагынган элет

Ал эми өрөөндүн Карагатты деген жерине болсо, машине түгүл адам да өтө албайт. АРИС куруп берген көпүрөнү суу алып кеткенден бери бул жактын балдары округ борборундагы мектепке бара албай калган. Карагаттылык тургун Тамара Жусупбекова:

Үмүт Маматалиев
- АРИС коому куруп берген көпүрөнү суу алып кеткен. Оңдоп беребиз деген кишилер бири-бирине шылтап, жасаган киши жок. Азыр го каникул, бирок жазында балдарыбыз мектепке барбай эле калып атты. Суудан өтө албай калат.

Дарыя киргенде чоң кишини агызып кете тургандай болот. Кечип өтөм деп 3 жигит, 1 келин агып кетти. Мектепке баратып 2 бала агып кетти.


Алайкуу өрөөнүндө 10 чакты айылда жалпысынан 25 миңден ашуун калк жашайт. Жашоо шарттын начардыгынан, жолдун алыстыгынан улам бул жактан борборду көздөй агылгандар көп. Кээ бири үйлөрүн сатып биротоло көчүп кетсе, жаштардын дээрлик көпчүлүгү ишсиздиктен кетишкен.

“Минтип отурсак элетте эл калбай калат го” деп түтөйт алайкуулук Сатыбалды Кыдырмышев:

-“Элет өнүкмөйүн өлкө өнүкпөйт” деп коёт элибизде. Элеттиктер мамлекеттин керегеси. Кереге болбосо боз үй тура албайт.

Бийлик айыл жергесинде жашагандарга жакшылап көңүл бурбаса элдин тагдыры кыйындап баратат. Бизде ички миграция, тышкы миграция деген өсүп кетти. Айылда 50 жаштан жогоркулар барбыз, ага чейинкилер кеткен. Чалдар менен балдар эле калды дегендей. Жаштарга жумуш жок. Анан алар чет өлкөгө, же шаарга кетип атышат. Аларды алаксытып кала турган нерсе таппай калдык.


Кышкысын 6 ай бою кар астында жаткан алайкуулуктар кээде 2 айлап деле борбор менен карым-катышсыз калат. Өздөрү айткандай шаардагысы шаарда, айылдагысы айылда жаз чыгарышат. Байкашымча, мындагылар бийликтин элден кабар алаарынан түңүлүп деле калышкандай.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG