Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Оппозиция бийликке каршы кадам таштады


2015-жылы да Ак үй алдында Конституцияны өзгөртүүгө каршы митинг өткөн.
2015-жылы да Ак үй алдында Конституцияны өзгөртүүгө каршы митинг өткөн.

Кыргызстанда оппозициячыл “Референдумга жол жок” кыймылы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жана парламентти таратуу боюнча кол топтоо баштады. Ал ортодо бийлик референдумду 4-декабрда өткөрүүнү сунуштады.

Аталган кыймыл бийликти жарандардын пикирин эске албастан Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин жасап жатат деп айыптоодо. Ал ортодо Жогорку Кеңешке Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрда өткөрүү боюнча мыйзам долбоору келип түштү.

“Референдумга жол жок” кыймылынын чечими

Референдум өткөрүүгө каршы жана азыркы чакырыштагы парламентти таратуу боюнча кол топтоо башталганын “Референдумга жол жок” кыймылы Бишкектеги жыйынында жарыялады.

Кыймылдын төрайымы, Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Элмира Ибраимованын айтымында, учурдагы Жогорку Кеңеш мыйзамдарды бузуу менен элдин пикирин эске албастан Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө аракет кылууда:

- Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору адам укугу, гендердик жана антикоррупциялык экспертизалардан өткөрүлгөн жок. Бул мыйзам долбоорду тезинен кабыл алууну жактагандар жогорку жактан бекитилген график боюнча ишти жүргүзүү керектигин ачык эле айтып жатышты. Жогорку Кеңештин мыйзамдарды бузган, регламентти бузган, элдин пикири менен эсептешпеген иш-аракети анын легитимдүүлүгүнө доо кетирди. Бул мыйзамсыз жараянга тиешеси бар парламенттин легитимдүүлүгү боюнча да маселе жаралды. Мындай кырдаал Жогорку Кеңешти бийликти узурпациялоонун катышуучусу, өз элине каршы жасалган кылмыштын катышуучусу катары саноого жол ачты. Буга байланыштуу “Референдумга жол жок” кыймылы жарандарыбыз арасында референдум өткөрүүгө каршы жана Жогорку Кеңешти таратуу боюнча кол топтоону баштоо чечимин кабыл алды.

Кыймылдын мүчөлөрү кол топтоо 40 күн болорун жана алгачкы жыйынтыгы 8-октябрга белгиленген курултайда жарыяланарын айтышты. Алар мындай жол менен бийликти Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинен баш тарттыруу максатын көздөйт. Кол топтоону эл аралап жүргүзүү пландалууда.

Бирок бул өнөктүк аймактарда кандай жүргүзүлөрүн, канча кол топтоо планы бар экенин кыймыл мүчөлөрү так айта алышкан жок.

“Референдумга жол жок” кыймылынын негизги жүйөсү - Конституцияны өзгөртүү үчүн бардык укуктук талаптар одоно бузулууда. Бул тууралуу кыймылга жаңыдан кошулган УКМКнын мурдагы төрагасы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Кеңешбек Дүйшөбаев да белгиледи:

- Мен да, Элмира айым да (Ибраимова) Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгонбуз. Ошондо эл алдында ант берип, Баш мыйзамды өзгөртпөй турганыбызды айтканбыз. Ошондуктан, бул антыбызга туруу үчүн кыймылга кошулуп жатам. Ал эми Алмаз Шаршенович болсо өзүнүн антын бузуп жатат деп эсептейбиз. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум болбошу керек. Ал эми референдум өткөрүүгө даярдык биздин мамлекеттеги бардык мыйзамдарга жана Конституцияны бузуу менен өткөнү жатат.

Референдумга даярдык уланууда

Оппозициянын референдумду өткөрүүгө каршылыгына карабай, бийлик Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин улантууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин мүчөсү Исхак Масалиев оппозициячыл кыймылдын парламентти таратуу боюнча дооматтары жүйөсүз экенин айтууда:

- Азыр бир гана душман Жогорку Кеңеш эле болуп калды окшойт. Бир нерсе болсо эле бизди күнөөлөйт. Бул жөн гана саясий күрөш. Айрым парламентке келбей калган топтор кызыкдар болуп атса керек. Ал эми референдум боюнча мыйзам эскирип калды. Шартка жарашпайт. Мына ушул мыйзам өз нугу менен каралууда.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Дүйшөмбүдө референдумду 4-декабрда өткөрүүнү караган мыйзам долбоор Жогорку Кеңешке келип түштү. Анда өкмөт менен Борбордук шайлоо комиссиясына референдум өткөрүүгө даярдык көрүү тапшырмасын берүү каралган.

Парламенттин аппарат башчысы Абдыманап Кутушев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, талкуунун жүрүшүндө референдум өткөрүү күнү өзгөрүшү да ыктымал:

- Эреже боюнча алгач аны Конситуциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети карап, андан соң жалпы жыйынга чыгарылат. Акыркы чечим талкуулардан соң кабыл алынат.

Бул мыйзам долбоор ушул аптада тиешелүү комитеттерде каралып, андан соң парламенттин кароосуна чыгарылат. Мындай жол менен бийлик референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге өткөрүүнү пландоодо. Азырынча БШК жергиликтүү шайлоонун мөөнөтүн жарыялай элек. Буга чейин Жогорку Кеңеш 22-сентябрда “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоорду экинчи окууда кабыл алган.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Анда биринчи окууда айтылган, тиешелүү комитеттин жыйынында сөз болгон долбоор боюнча парламенттик талкуу уюштуруу, көз карандысыз экспертизадан өткөрүү, референдумду белгилөө боюнча демилге көтөргөн адамдардын санын тактоо өңдүү бир катар сунуштар эске алынган эмес.

Кайталанган каталар

Конституциялык укук боюнча адис Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жараян мурда болуп келген каталарды кайталоо менен өтүп жатат:

- Кыргызстандын эгемендик 25 жылдык тарыхында 10 жолу реформа өттү. Мына ушул реформаларга мүнөздүү белгилерди аныктап чыктым. Биринчиси - реформаны бийлик өзүнө керек болгон учурда өткөрөт. Экинчиден, башка альтернативаларды карабай, өзүнүкүн гана туура деп эсептейт. Буга кошумча, коомдук терең талкууга койбой туруп кабыл алат. Буга чейин ушундай түрдө кабыл алынып келген. Бул жолу да ушундай эле жол менен кетип баратат.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси саясий кырдаалга таасирин тийгизди. Буга чейин бир тарапта болуп келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жаатташтырып, мамилесин бузду.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси өткөн аптада БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз болду. Анда Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун көпчүлүк лидерлер өз элинин кызыкчылыгын унутуп жатканына токтолду. Баш катчы айрым өлкө башчылары Конституцияны кайрадан жазып, шайлоо процесстерин буйтап, өтүп жатканын белгилеген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG