Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Оштогу эң бай кишилердин бири Жалил Атамбаев коогалаңда “жабыркадым” деп өрттөнүп кеткен бир эле турак жайы үчүн төрт үй алганы айтылууда. Коогадан жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөр дагы 40тай кишиге мыйзамсыз берилген.

Коогадан кийин үй алгандардын көбү 2010 - жылкы окуяларга эч кандай тиешеси жоктугу жана документтерин жасалма жол менен тапшырганы маалым болду. Бул фактылар турак жайларды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын 13-отурумунда айтылды.

Бай дагы батир сурайт...

2010-жылкы кандуу окуяда ишкер Жалил Атамбаевдин Ош районундагы өзүнө таандык “Каныкей” ресторанынын артында жайгашкан анча чоң эмес үйү өрттөнүп кеткен. Кийин элдин баары үй алганы чуркаган кезде өзүнө таандык жер тилкесин Атамбаев жакындары: Төлөгөн Токтобаев, Төрөжан Бакалбаев жана Айнура Тургунбаевага каттатканы маалым болду. Мунун арты менен кийин ал төрт батир алган.

Ошто эң бай киши катары таанымал, ресторан-кафе, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси, Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы Жалил Атамбаевге батирлер мамлекеттик комиссиянын 2011-жылдын 22-июнь күнкү отурумунда берилген.

Мамлекеттик комиссиянын, атайын жумушчу тобунун төрагасы, парламент депутаты Абдыжапар Бекматов бул фактыны Оштогу жыйында ортого салды:

- Жакындары каза таап, үйү өрттөнгөн адамдарга мамлекет батирден жардам бермекчи болгондо, айрымдар өрттөнгөн бир үйүнүн документин Мамлекеттик каттоо кызматына алып барып, кайра үч-төрт кишиге каттатып, анан алардын ар бирине бирден батир алган. Бир үйүнүн ордуна ошол эле ишкер Жалил Атамбаев төрт батир алып отурат. Аларды эжесинин, инисинин, жеңесинин наамына жаздырган экен.

Бир үйү өрттөнүп, бир нече батир алгандардын катары ишкер Атамбаев менен эле кыскарбайт. Шаар тургуну Перзаим Мамытова жараксыз абалдагы турак жайын үч кишиге бөлүп жаздырып, Гүлбарчын Орозмаматова жана Кочкорбай Конобаев аттуу кишилерге кошо батир алган. Данияр жана Камал Токторовдор, Асылбек жана Жумабай Байгазаковдор да ушул сыяктуу эле, бир үйдүн шылтоосу менен экиден төрт батир алышкан.

Кооганы көрбөй үй алгандар

Атайын жумушчу топтун корутундусуна ылайык, бул мүчүлүштүктөрдү мамлекеттик комиссия 2011- 2012 - жылдары кетирген. Алар эң негизги кемчилик катары коогалаңга тиешеси жок туруп батир алгандарды санашат.

Маселен, коогалаң башталганга чейин эле күйөөсү каза болгон Айгүл Жумаева жесир калганын коогалаңга шылтап, бир миллион сом жана эки бөлмөлүү батир алган. Жумаеванын күйөөсү Оштон сырткары жакта киши колдуу болгону жана ага айыптуу киши камалып кеткени тууралуу атайын соттун чечими да бар.

Күйөөсү жол кырсыгында каза болгон Тынымкан Алиева, аялы өз ажалы менен көз жумган Абдыманап Каримов жана уулу Сузак районунда өлгөн Айзада Асанова да маркумдардын атын сатып, 1 млн. сом менен бирден батир кенемте алышкан. Кара-Кулжа районунун Сай айылында сел айынан жоготкон Алтынбек Бекмаматов да өлүмдүн себебин Оштогу коогалаңга шылтап, үй алган.

Дагы бир калаа тургуну Надир Токторов Ош шаарында эки турак жайы барына карабай үй алган. Комиссиянын чечими жок эле Айзада Жумабаева да 1 млн. сомго жана батирге ээ болгон. Булардын баарынын документтери 2010-жылкы капсалаңга байланыштуу эмес.

Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Айбек Сейдалиев да негизсиз батир алгандардын катарын толуктайт. Ракыя Абдыкадырова, Айпери Абдрахманова, Махабат Акимбаева, Айзада Жумабаева, Чынарбек Турганов, Каныбек Калбаевдер да коогалаңда эч кандай жабыр тартпай туруп эле бирден батир алышкан. Калаа тургуну Надир Токторов болсо Ош шаарында эки турак жайы бар туруп дагы батир алууга үлгүргөн.

Ош окуясына эч кандай тишеси жок ноокаттык Динара Султанова да мыйзамсыз үй алган. Анын жолдошу Айбек Жаныбеков 2011-жылы 29-январда кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон.

Жолдошу каза болуп калган Айнуска Таабалдиева аттуу келин үч бөлмөлүү батир алганы менен үй анын кайнатасынын атына жазылып калган. Натыйжада өзү балдары менен кайрадан эле көчөдө калган.

Дагы бир кызык жагдай Жаныбек Кулуев аттуу жаран өзүнүн аялына да, жарандык никеде турган аялы Айнура Шайдуллаевага да үй алып берген.

- Булар мурдагы отурумдарда мыйзамсыз деп табылып, иликтөө үчүн күч органдарына тапшырылганы менен баары бир жыйынтыксыз калып келатат. Кээ бир жарандардын документтеринде каталар оркоюп эле көрүнүп, батирлерди жана миллион сомдорду кайра кайтарып берүү боюнча комиссиянын чечимдери чыккан менен алар эч кандай суу кечпей жатат. Мында атайын кызматтардын да, жергиликтүү комиссиянын да, соттордун да тиешеси бар экендиги көрүнүп турат. Ал тургай айрым адамдарды тизмеден чыгарсак, жергиликтүү бийликтер аларды кайра сунуштап, алдап кабыл алдырып жиберген учурлары бар, - дейт жумушчу топтун жетекчиси Абдыжапар Бекматов.

Бир ок менен, эки коён аткандар...

2010-жылы, Орусияда жүрүп, капсалаңдан кийин Ошко келген Кайрат Алмаматов Талантбекович “этностор аралык капсалаңда жабыркадым” үч бөлмөлүү батир алат. Андан кийин Талантбек уулу Кайрат деп туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн оңдотуп келип, эки бөлмөлүү үй алган. Ал биринчисинде башына темирден келтек жегенин, экинчисинде башына ок тийгенин “далилдеп” документ жасаткан. Алайлык Кайраттын иши тууралуу комиссиянын мурдагы олтурумунда да айтылып, бирок ага карата эч кандай чечим кабыл алынган эмес.

Экиден батир алгандардын дагы бири Надирохан Убайдуллаева. Ал дагы жабыркадым деп документ жасатып, биринчисинде бир бөлмө, экинчисинде эки бөлмө батир алган. Коогалаңда жабыр тарткан Мелис Карыбеков аттуу жаран алгач бир бөлмөлүү батир алып, кийин дагы эки бөлмөлүү батир илип кеткен.

Гүлүмкан Абдраева болсо мамлекеттен үч бөлмөлүү батир алган. Ага уулу бойдок болгону үчүн бир гана бөлмөлүү батир алышы керек болгон. Бакыт Ормонов, Чынарбек Турганов жана Созулбү Жусупова аттуу жарандар “жеңил жаракат” алганы үчүн эле бирден батирге ээ болушкан.

Соо баласын оору деп...

Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү багытында курулган курулган көп кабаттуу үйлөр жабыр тарткандардан сырткары дагы бир нече категорияга берилмек. Алар күч органдары, балдары СПИД жуктуруп алган энелер жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Бирок бул категориялардан да секирип, ортодон батир алгандар болгон.

Милиция кызматкери Улукбек Нарбаев жалгыз жаны үчүн үч бөлмөлүү батир алган. Ал үйдү 2012-жылы майда алып атса, ошол жылы күзүндө үйлөнгөн.

Жолдошу Асан Аташов Чернобылда кызмат кылган Гүлнур Боронова да мыйзамсыз үй алган деп эсептелүүдө. Ооганда каза болгон Асылбек Досбаевдин атын жамынып, анын жесири Бураймакан Максудова да атайын батир алган.

Ибараткан Алакова болгону беш балалуу болгону үчүн эле батир алып калган. Ирода Талипова, Назира Шакирова, Гүлмира Акунова аттуу аялдар – балдары СПИД делип батир алышканы менен, комиссия текшерген учурда булардын биринин да перзенттери бул дарт менен оорубагандыгы далилденген.

ЭлТР телеканалынын Оштогу жетекчиси Султан Абдырахманов болсо турак жайларды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Оштун мурдагы губернаторунун орун басары Кушбак Тезекбаевдин “бир сөзү” менен батир алып калган. Ал коогалаңга керектүү документтери тургай, комиссияга өзүнүн паспортун да тапшырган эмес.

Депутат Бөдөш Мамырованын өтүнүчү менен үч эмдин энеси Жылдыз Кармышакова батир алган. Анын да коолагаңга эч кандай байланышы жок болгон.

Бул көрүнүштөрдү иликтеген жумушчу топтун мүчөсү Авазхан Ормонова буга мындайча комментарий берди:

- Бул фактылар биз коогалаңда жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөрдү тандап, айрымдарына эле кирип текшергендеги фактылар. Эгер дагы иликтей турган болсо мыйзамсыз алгандар чыгышы мүмкүн. Аны үй алгандардын өздөрү деле моюнга алышат. “Үй алып атканда буга мынча акча бердим, тигини чайга чакырдым” деп атышат. Үй алуу үчүн берилген паранын суммасы да аябай чоң экен. Үй алуучулардын тизмесине киргизип берүү 2 миң доллар, үй алгандардын тизмесине киргизүү 3 миң доллар турат экен, эгер алар үйгө кирип ордер алышса дагы 3 миң доллар берет экен. Башкача айтканда ушу менин эле кесиптештерим, комиссиянын мүчөлөрү ушундай кылып акча алып атышат экен. Мен ошонун ким экенин түшүнбөй атам.

Бийликтер эмне дешет?

Ошентип мамлекеттик комиссиянын атайын жумушчу тобу турак жайларды бөлүштүрүүдө жалпы 42 мыйзамсыз фактыны аныктаган. Үй алгандын баары учурда алган батиринде кадимкидей жашап атышат. Бирок эгер прокуратура иликтеп чыкса, бул үйлөрдүн баары мамлекетке кайтарылышы мүмкүн.

Турак жайларды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын 13-отурумунда, анын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев буларга токтолду:

- 2011-2012-жылдары комиссия тарабынан берилген турак жайлардын ичинен 42 адамга, ар кандай жолдор менен мыйзамсыз үй берилип кеткени аныкталды. Алардын документтери коогалаңга эч кандай тиешеси жок, же алдамчылык менен батир алышкан. Биз азыр бул отурумда ошону аныктап, Башкы прокуратурага өткөрүп бердик. Алар муну тактап эгер чындап мыйзам бузулган болсо, батирлер кайрадан мамлекетке алынат. Ар бир факты тыкыр иликтенет жана күнөөлүү адамдар сөзсүз жоопко тартылат,- деди Сарпашев.

Бирок коогалаңда уулун жоготуп алгандардын бири Шаани Топчубаева бийликтердин мындай убадасына таптакыр ишенбей турган чагы:

- Коогалаңда мыйзамсыз үй алгандарды аныктадык дешкени менен, бул чечими дагы эле ушул бойдон кала берет. Анткени батирди мыйзамсыз алгандарга документтерди ошол эле күч органдары жасап берген. Аларды кабыл алгандар мамлекеттик комиссия менен мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү. Алар өздөрү да кеминде эки-үч миң доллардан, болбосо 10 миң долларга чейин пара алып, анан коогалаңга тиешеси жок адамдарды тизмеге киргизип коюшкан. Эми өздөрүнүн кишилерин булар кантип чыгармак эле?

Июнь окуясында жапа чеккендер үчүн курулган турак жайларды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия акыркы, 13-отурумунда 38ден ашык сунушталган жарандын ичинен алты-жетисине батир берүү боюнча чечим кабыл алышты. Ал тизмелерди Ош шаардык мэриясы, Ош облустук администрациясы, Кара-Суу райондук администрациясы жана Жалал-Абад аймагынын бийликтери сунушташууда. Бирок ушул эле органдар сунуштаган мурдагы тизмеден тигинтип тиешеси жок адамдар үй алганы шардана болуп жатат.

Жогорудагы комиссия Ош шаарынан 633 жаранга үй берген. Анын ичинен күч органдарына жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да берилген. Азыр бериле элек дагы 594 батир бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG