Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Өкмөт күнөсканаларды көбөйтүүгө белсенди


Коондун көчөтүн талаага отургузууга даярдык. Ош облусу

Коондун көчөтүн талаага отургузууга даярдык. Ош облусу

Өкмөт башчы Темир Сариев Ошто күнөсканаларды кыдыруу учурунда аймактын тажрыйбасын өлкөгө жайылтуу керектигин айтты.

Соңку эки жыл ичинде Ошто күнөсканалар дээрлик эки эсе көбөйдү. Мурда облуста болгону 100дөн ашыгыраак күнөскана болсо, учурда алардын саны 270ке чукулдаган. Бирок дыйкандар бул тармакка берилип жаткан насыялардын шарты татаал болуп жатканын билдирүүдө.

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну Абдыманап Алдаяров күнөскана иштетип атканына бир жыл боло элек. Ал азыр алгачкы түшүмүн алып, кирешесинин даамын тата баштады. Бир гектар жерде учурда помидор, бадыраң, болгар калемпирин өстүрүүдө:

- Помидордун “лямля”, бадыраңдын “арзу” деген сортун эгип жатабыз. Түшүмдүүлүгү жакшы экен. Бир түп помидор 3-5, бадыраң 5 килограммдан жогору түшүм берет экен. Жазында андан да көп болот дешти. Декабрда жыйнаган түшүмдөн 4 миллион сомдой киреше таптым. Буюрса, дагы көбөйөт. Бирок бул бизнесте чыгаша да болосуң. Маселен, күнөскананы курууга 10 миллион сом насыя алгам, аны төлөшүм керек. Кызматкерлердин айлыгы, урук, көчөт, жылуулук берүү кыскасы, азыр тапкан акча ушуларга гана жумшалып турчудай.

Күнөсканалардын саны Ош облусунда жалпы 268ге жетсе, анын 137и эле Кара-Суу районуна туура келет. Ал эми көпчүлүгү Араван районунда. Аймакта күнөсканалардын көбөйүшүн адистер эки нерсе менен байланыштырууда. Биринчиден, талаада дыйканчылык кылуу өзүн актабай калды. Экинчиден, бул соңку кризистик кырдаалда кирешелүү тармакка айланган.

Бирок бул бизнестин да өз тобокелдиктери барын аравандык дыйкан Ыктыяр Ахмедов айтып отурду:

- Былтыр талаа дыйканчылыгынан жыйналган жашылча-жемиш да, күнөсканада өстүрүлгөндөр да жакшы баада сатылбады. Анткени базарда алар аябай арзан болду. Ал тургай дыйканчылыкка кеткен чыгымды да актаган жок. Быйыл деле бизде ушундай коркунучтар жок эмес. Эми баары базардан көз каранды. Кокус баары арзан болуп кетсе, дыйкан банкрот болот, кымбат сатып, кирешелүү болуп кетиши да мүмкүн. Бирок күнөсканага болгон көз караштар өзгөрүп, башка дыйкандар да ушуга өтүп атышат.

Ош облусундагы иш сапарынын алкагында күнөсканаларды кыдырган өкмөт башчы Темир Сариев ишкерликтин бул түрүн Кыргызстандын бардык аймактарына массалык түрдө жайылтуу керектигин айтты. Ал ошондой эле Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки негизги пайда алып келчү иштердин бири күнөскана болорун да белгиледи:

- Араван району күнөсканалардын көптүгү боюнча Ош облусунда биринчи орунга чыгышы керек. Ал эми Ош облусу өлкө боюнча биринчи орунда турушу зарыл. Бул аймакта кышкысын күн жылуу, жер шарты дыйканчылыкка, күнөсканага ылайык. Биз куду ушундай максат менен иш алып барышыбыз керек. Анткени, мунун пайдасы жөнөкөй жерге караганда 10 эсе көп болуп атпайбы. Дыйкандар эки жолу түшүм алат, жашылча-жемиш да мол болот. Жумушчу орундар түзүлүп, салыктар да арбыйт, эң негизгиси жарандардын турмуш-тиричилиги оңолот.

Жашылча-жемиш базары. Бишкек

Жашылча-жемиш базары. Бишкек

Деген менен дыйкандар арасында жашылча-жемиштерди сыртка экспорттоо мүмкүн болбой атканына нааразы болгондор бар. Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев быйыл күздө экспорт күчөйт деп айтты:

- Былтыр дыйкандар сыртка жашылча-жемишин сата албай калганы чын. Себеби, биз Евразия экономикалык биримдигине июнда кирмекчи болуп, бирок ноябрга жакын гана толук кандуу мүчө боло алдык. Ошондон кийин гана биздин дыйкандар Орусия, Казакстанга жашылча-жемиш сатууга мүмкүнчүлүктөрдү таба баштады. Быйыл дагы Тараз шаарында өтө турган ЕАЭБдин айыл чарба жармаңкесинде, кыргыз дыйкандарынын азыктарын сатканга шарт түзүп беребиз. Буюрса быйыл сыртка азык-түлүк экспорттоо жакшы жолго коюлат.

Кыргыз өкмөтү быйыл Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күнөсканалардын санын көбөйтүүнү пландаган. Бул үчүн өкмөт 15 миллиард сом бөлүүгө даяр экенин айткан. Каражат ишкер, дыйкандарга беш жылга бир жылдан кийин төлөй баштоо укугу менен берилет.

Мындан сырткары Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программасынын алкагында 1 миллиард долларлык өлчөмдө күнөскана ачкысы келгендерге 12 пайыз үстөк менен насыя берилмекчи. Аталган фонддун насыясы «Айыл Банк» жана «РСК-Банк» аркылуу учурда жүздөн ашык мекемелерге берилген. Бирок дыйкандар бул насыяларды берүүдөгү шарттар татаал болуп жатканын ортого салышты:

- Банктардын талабы боюнча, насыя дыйкандын чөнтөгүнө түз түшпөйт да, күнөскана куруп бере турган фирмага же атайын ишканага гана түшөт. Анан алар акчаны алып, дыйканга келип, антип-минтип олтургуча кыйла убакыт өтүп кетет экен. Анүстүнө андай ишканалар бизде район боюнча жок. Алар сырттан келип дыйкандарга куруп бергиче убкыт да өтөт экен. Насыяны дароо эле дыйкандын колуна бергенде, ал өзү курдуруп алмак, - дейт күнөскана иштеткен дыйкан, Араван районунун Төбө-Коргон айыл округунун жетекчиси Хамракул Жаныкулов.

Оштогу көчмө жыйында премьер-министр Темир Сариев күнөскаларды курууга насыяларды берүү боюнча жеңилдетүү жолдорун иштеп чыгууну тапшырды. Жазгы талаа иштерине даярдык көрүүнү талкуулаган кеңешмеде ал ар бир аймакта логистикалык борборлорду курууну күчөтүү милдетин койду.

Баткенде лимон өстүргөн багбан. 24-январь, 2016-жыл

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG