Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

"Армиясыз жашайбыз деген туура эмес болгон"


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ошко бир күндүк иш сапары менен барып, аскер кызматкерлерине жаңы батирлерди бөлүштүрүү салтанатына катышты.

Куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги үйлөрдү бөлүштүрүү калыс жүргүзүлгөнүн айтууда. Бир күндүк иш сапарын андан ары улаган президент Ноокат райондук аймактык ооруканасынын абалы менен да таанышты.

Президент Алмазбек Атамбаев Ошко бир күндүк иш сапары менен келип, Ош чек ара бөлүгүнүн кызматкерлерине 77 батирдин ачкычын тапшырды. Былтыр курула баштаган жатакана 137 млн. сомго бүткөрүлгөн. Батирлерди тапшырууга келген президент мурда армиясыз жашайбыз деген саясаттын айынан көп техникалар сатылып, жоокерлер унутта калганын сынга алды. Ал мындан ары Куралдуу күчтөргө көңүл буруу күчөтүлөрүн айтты.

- Эгемендүүлүктү жаңы алган жылдары “Кыргызстан армиясыз жашайт” деген саясаттын айынан көптөгөн техникалар сатылып кеткен. Куралдуу күчтөргө жарытылуу көңүл да бурулбай калган. Ошого чыдап келе жаткан сиздерге рахмат. Мындан ары андай болбойт. Учурда дагы үйлөр курулуп жатат. Кудай буйруса, алардын ачылыш салтанатына да катышам деген оюм бар. Үйүңөр кут болсун! Мындагы балдарды улутка, адамдын өңүнө, көзүнүн же чачынын түсүнө карап бөлүнбөй турган кылып тарбиялагыла.

Анткен менен мамлекеттен үй алууну самагандар абдан көп. Ош гарнизонунда эле дагы жүз элүүдөй аскер кызматкери батир алууга кезекте турат. Учурда Куралдуу күчтөр үчүн Бишкекте 400, Ошто 200, Баткенде 100 батирлүү үйлөрдүн курулушу башталган.

Бирок буга чейин аскер кызматкерлерине берилген үйлөр боюнча талаш чыгып, бир нече жетекчиге кылмыш иштери ачылган болчу. Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев буга учкай токтолуп, ага мурунку министрлер жооптуу экенин айтты. Ал азыркы батирлер калыс берилип жатканына токтолду.

- Эгерде 10 же 8 миң киши үй алууга кезекте турса, анын 80-100үнө берилип жатса, мага да берсе болот эле деген наразылык болбой койбойт. Бирок азыркы үй бөлүштүрүүдө эч кандай криминал болгон жок. Аскерлердин күжүрмөн духун колдоо үчүн кылган ишине, кызматына жараша берилди.

Бүгүн президенттин колунан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын алгандардын катарында Феруза Чыракова да бар. Ал өзү да, жолдошу да аскер кызматкери. Алар буга чейин жеке менчик батирге айына 5 миң сомдон төлөп жашачу.

- Старшина Нурлан Калбердиевдин келинчеги болом. Буга чейин аскердик шаарчадагы батирди ижарага алып жашап атканбыз. Ага айына 5 миң сомдон төлөчүбүз. Жолдошум 16 миң, мен 5 миң сом айлык алам. Экөөбүз тапкан 20 миң айлыкты батирге, коммуналдык кызматтарга, балдардын мектеп, бакчасына берип, айдан айга жетпей калчубуз. Эми үй берип жатканына кубанып атабыз. Мындан ары батирге акча төлөбөй жашайбыз.

Президенттен жардам күткөн оорукана

Президент иш сапарын Ноокат райондук ооруканасында улантты. Ноокат райондук аймактык ооруканасынын жетекчиси президентти 2011-жылдагы селден кийин иштен чыккан имараттын абалы менен тааныштырып, аны оңдоого колдоо сурады. Башкы дарыгер Асамидин Мариповдун айтымында, жаңы имарат кургандан көрө эски имаратты оңдоого аз каражат жумшалат.

- Ноокат райондук аймактык оорукана 405 орунга гана эсептелген. Бирок элдин өсүшү менен орун жетишпей калды. Азыр жаңы имарат курууга 200 млн. сомдой каражат керектелет. Ошондуктан ушул имаратты кайра оңдоодон өткөрүп берүүгө көмөк сурап атабыз. Буга 40 млн. сомго жакын акча кетет. Анткени бул имараттын дубалдарынын абалы жакшы эле. Болгону селге каршы тосмо орнотуп, көчкөн дубалдарын кайрадан түптөп чыгыш керек. Эгер оңдоодон өтүп калса, аймактык оорукананын чоң неврологиялык бөлүмү кылып кайра ачсак кыйла орундар пайда болмок. Буга кадрлар жетиштүү.

Селден жабыркаган оорукана имараты менен таанышкан президент аны оңдоого керектүү каражатты таптырууну убада кылды. Райондун башкы дарыгери Асамидин Мариповдун айтымында, район калкынын саны 265 миңге жеткен. Райондо жыл сайын 10 миңге жакын бала төрөлөт. Саны тез өсүп жаткан калкты тейлөөгө райондук ооруканада орун жетишпей калган.

XS
SM
MD
LG