Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Өзбекстанда президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев жеңди


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев жеңишке жетти. Бул тууралуу 5-декабрда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

"Интерфакстын" маалыматы боюнча, Мирзиёев 88,61% добуш алды. Шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улукбек Абдусаламов жекшембидеги президенттик шайлоого добуш берүүгө укуктуу жарандардын 90 пайызга жакыны катышканын билдирген.

2003-жылдан бери Өзбекстан өкмөтүн башкарып келе жаткан 59 жаштагы Мирзиёев Ислам Каримов көз жумгандан кийин мамлекет башчынын милдетин да аткарып калган. Ал шайлоо өнөктүгү учурунда Ислам Каримовдун саясатын улантарын билдирген. Ал Либерал демократиялык партиядан талапкер болгон.

Мирзиёевден тышкары шайлоого Элдик демократиялык партиядан Хатамжон Кетманов, Улуттук кайра жаралуу партиясынан Сарвар Отамуратов жана Адолат партиясынан Нариман Умаров өлкө башчылыкка ат салышты. (AiT)

XS
SM
MD
LG