Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

13-февралда Оштогу Бабур атындагы өзбек академиялык театрында Алишер Навоинин жана Захруддин Бабурдун удаа келген туулган күндөрүнө арналган спектакль коюлду.

Театрдын башкы режиссеру Набиджан Мамажановду репетициядан алаксытып, кепке тарттык:

- Театрдын репертуарында бир комедия бар, аны даярдап жатабыз. Чыгышта эң таанымал акындар Алишер Навоинин, Бабурдун мааракелери өтүп жатат, ага карата алардын чыгармаларынан үзүндү ойноп жатабыз. 13-февралда чоң салтанаттуу кечээ болот.

Акын, философ, мамлекеттик ишмер Алишер Навоинин туулган күнү 9-февралда. Захруддин Мухаммед Бабур болсо 14-февралда туулган. Ал Улуу Моголдордун 16-17-кылымдагы башкаруучусу, мамлекет куруучусу жана акын, философу катары тарыхта калган.

Алишер Навоинин 572-жылдыгына арналып, 9-февралда Ош шаарындагы борбордук парктагы Навоинин эстелигинин алдында майрамдык маараке өттү. Навоинин туулган күнү Ошто жыл сайын белгиленет. 2010-жылдагы Ош окуяларынан кийин ушул гана маараке үзгүлтүксүз өткөрүлүп келатканын Бабур атындагы театрдын директору Бахтиер Тухтаматов айтып өттү.



Бахтияр Тухтаматов февраль айы “театр үчүн Навоинин жана Бабурдун, поэзиянын, эл арасындагы достуктун айы болот” деп кошумчалады.

Азыр сахнада коюлуп жаткан Навоинин жана Бабурдун чыгармачылыгына арналган спектаклде ойноого мектеп окуучулары да тартылган. Алардын бири - кыргыз тилинде мыкты сүйлөгөн Рабия Инатуллаева.

- Мага роль ойноо аябай жагат. Кийимдер, көркөм окуу жагат.

Набиджан Мамажанов дал ушул театр эки элдин ортосундагы көпүрө дейт.

- Биздин театр кыргыз драматургиясын, кыргыз тарыхын сахна аркылуу көрсөтөт. Кайсы жакка барбайлы, биз кыргыз маданиятын өзбек тилинде жеткиребиз.

Рабия Инатуллаева

Рабия Инатуллаева

Бабур атындагы Ош областтык өзбек музыкалык-драма театрына 2004-жылы президенттин жарлыгы менен академиялык деген статус берилген.

2010-жылы Ош окуялары учурунда Бабур атындагы театр өрттөлүп, Навоинин эстелигинин колу сындырылып, бирок кийин баары калыбына келтирилген.

2012-жылы күзүндо Бабур атындагы Ош академиялык өзбек драма театрынын 94-сезону Султан Раевдин “Канышанын көз жашы” драмасы менен ачылган. Ошондой эле театрдын репертуарында “Лейли менен Мажнун”, “Жарыктык карылар”, “Жүрөктөрдү уулантпайлы”, “Мекеге карай жол”, “Тозок” жана “Муножат” деген спектаклдер коюлуп келет.

10-февралда соңку үч жылдан бери Ошто алгачкы жолу жергиликтүү өзбек ырчыларынын чоң концерти болду. Аны Оштогу "Ынтымак" телерадиокомпаниясы уюштурду. Бабур атындагы өзбек драма театрынын сахнасында өткөн бул концерт "Сизди сагындык" деп аталды.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG