Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Барак эксклавынын тургундарын жаңы конушка которуу үчүн өкмөт үч миллион доллар бөлдү. Бирок эксклав жашоочулары жер коңшу өлкөгө берилеби деп кабатыр.

Үч миллион доллар барактыктарды Кара-Суудагы Беш-Үй участкасына көчүрүп келүү, ал жерге инфраструктура курууга жумшалмакчы.

Кошумча ар бир кожолукка 200 миң сомдон ссуда берилгени турат. Бирок барактыктар алардын үй-мүлкү бүт эксклавда калганын айтып, жардамды көбөйтүүнү өтүнүшүүдө. Алар ошондой эле айыл биротоло Өзбекстанга өтүп кетеби?" деп кабатыр.

Кыргыз өкмөтү 3 млн. доллар, дээрлик 150 млн. сомдон ашык каражатты барактыктарды көчүрүүгө жумшоо боюнча жарлыкка кол койду. “Бул сумма Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл округундагы Беш-Үй жаңы конушун жаратууга жана барактыктарды ал жерге которуп келүүгө жумшалат" дейт өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев:

- Барак эксклавынын жашоочуларын бул жакка которушубуз керек. Аларга Кара-Суудан жер берип жатабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жардамы менен биз курулуш материалдарын Сары-Колотко алып барганбыз. Бюджеттен 155 млн. сом бөлүп, ошол жерде инфраструктураны тургузууга жумшайбыз. Бул акча ошол эле жол, энергетика жана башка социалдык жайларды курууга кетет.

Жогорудагы суммадан Беш-Үй участкасына үй сала турган ар бир тургунга 200 миң сомдон кайтарымсыз ссуда берилмекчи. Бирок барактыктар үй-жайы, мүлкү бүтүн бойдон эксклавда калып кеткенин, ошол себептүү бул жардамды дагы бир аз көбөйтүү зарылдыгын айтышууда. Учурда Кара-Сууда батирде жашап аткан Барактын тургуну Камилжан Амирбаев мындай деди:

Кыргызстандан өткөн суу биздин жаныбыздан, зым тордун ары жагынан агып кетип жатканын көрөбүз. Сууну ачайын десең, алардын аскерлери аткандан кайра тартпайт. Азыр ал жакта жыйырмадан ашык киши эле жашап атат.

- Башында бир үйгө 1 млн. сомдон бермей болушкан. Кийин жардам 500 миң сомго, анан 400 миң сомго азайды. Эми 200 миң сомдон жардам беребиз деп жатышат. Анын да баарын бир бербейт экен. Антсе биз ага эмне сатып алабыз? 200 миң сомго азыр эч нерсе келбейт, коррупция, бюрократия деген нерселер жоголо элек. Колубузга жеткиче эле ортодогу чоңдор ал акчанын баарын жеп салса эмне болот? Ошо бөлүштүрүлө турган акча толук жаңы конушка жумшалабы? Же аны губернатор менен акимдер кымырып коюшабы? Ушул маселелер бизди ойлондуруп жатат.

Айылдыктардын дагы бири Дилшад Эрматов өкмөт бир кылка турак- жай салып берсе деле жакшы болот эле деген ниетте:

- Азыр чек берилип атат, даярдыктар көрүлүп жатат деген сөздүн баары жалган. Мобу сенин жериң, бул жер сага карайт деп бөлүштүргөн киши жок. Биз ал жерге барып үй салып баштайлы десек, же жол жок, же суу жок, кайракы, суу акпайт экен. Чынында бизге аябай оор болчудай. Азыр барактыктардын баары ар ар жерде батирде, туугандарында сагалап жүрөт. Тапкан кирешелеринин, топтогон дүнүйөлөрүнүн баары жок болду. Жаныбызда күнүмдүк тамак-ашыбызга жете тургандай эле акча бар. Ушунун баарын эске алып, өкмөт бизге бир кылка кылып, кичинекей болсо да үй салып берсе жакшы болмок.

​Барактыктар азыр өз айылына азап-тозок менен барып келишет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бир кичиавтобус уюштурулган болсо, анысы да жумасына бир, кээде эки аптада бир каттайт. Жарым сааттык жол үчүн дээрлик 600 чакырым айланып, Кызыл-Кыя аркылуу катташууда. Азыр эксклавда кароол катары жыйырмадай гана үй-бүлө туруктуу жашайт. Камилжан Амирбаев кайрадан кепке кошулду:

Барактыктарды көчүрүп кетсе, биз ал эксклавдан баш тарткан болуп жатпайбызбы. Бул албетте улуттук кызыкчылыкка карама-каршы келет. Барак эксклавы - бул кыргыздын жери, ал жерде биздин кыргыздар түбөлүккө жашачудай шарт түзүп берүү керек.

- Мурда пахта экчү элек. Күздүк буудайды оргондон кийин жаздык эгинди эгип, дагы бир түшүм алчубуз. Азыр болсо жүгөрүдөн башка эч нерсе эге албайбыз. Ага дагы суу жок, Өзбекстан суу бербей жатат. Кыргызстандан өткөн суу биздин жаныбыздан, зым тордун ары жагынан агып кетип жатканын көрөбүз. Сууну ачайын десең, алардын аскерлери аткандан кайра тартпайт. Азыр ал жакта жыйырмадан ашык киши эле жашап атат. Үйлөрдү кайтарып турбаса, Өзбекстандан чыккандар эшик - терезени жулуп, мал-жанды бөктөрүп кетүүдө.

Барактыктарды ушу тапта кыжаалат кылган нерсе, элдин баары көчүп баса берсе, эксклавдын жери эмне болот деген суроо. Анда дээрлик 300 гектарга жакын жер бар. “Мунун баары Өзбекстанга өтүп кетет окшойт” деген ойдо Барак айылынын башчысы Бурканбек Ашырбаев:

- Эл жашап турганда кирип-чыгуу кыйын болуп жатат. Анан эл калбай калганда Барактын келечеги кандай болот? Өзбекстанга өтүп кетеби, же мамлекеттер аралык келишимге ылайык бирөө коруп турабы, кыскасы башыбыз маң. Негизи буга чейин эки вариант болгон. Өзбекстан эксклавга өтүүгө коридор берсе же коңшу өлкө менен башка жерди алмаштыруу деген сунуш. Алмаштырганда бирдей категориядагы жер гектарына гектар алмаштырылат деген кептер болгон. Ошондо маселе өзүнөн өзү чечилмек. Бул сунуштар Акаевдин тушунда да, Бакиевдин тушунда да айтылган. Кийин чек ара боюнча өкмөттүн өкүлү Курбанбай Искандаров бизге барып “Баракка кетчү жолдогу Өзбекстанга караган жер, документтерге ылайык Кыргызстандыкы экенин, ал жерди кайра алууга болоорун” айтып жубатып кеткен. Бирок эми көчкүлө деп жатышат, ал жактын тагдыры бизге белгисиз бойдон турат.

Ал арада айрым саясатчылар барактыктардын көчүп чыгышы улуттук кызыкчылыкка каршы келип жатканын айтып чыгышты. Коомдук ишмер Эдил Байсалов, тескерисинче, өкмөт экславдын өзүндө жашоого шартты оңдошу керек эле дейт:

- Жоомарт Оторбаев кыргыз жерин таратуу үчүн кызматка келди беле? Барактыктарды көчүрүп кетсе, биз ал эксклавдан баш тарткан болуп жатпайбызбы. Бул албетте улуттук кызыкчылыкка карама-каршы келет. Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары тез арада чогулуп, чечимди жокко чыгарып, мындай туура эмес саясатка бөгөт коюш керек, кыргыз жерин тарата турган өкмөттү жоопкерчиликке тартуу зарыл. Барак эксклавы - бул кыргыздын жери, ал жерде биздин кыргыздар түбөлүккө жашачудай шарт түзүп берүү керек. Муну Оторбаевдин өкмөтү болобу, же башка бийликтер болобу, Барактан баш тартып, аларды көчүрүп кетүүнү туура көрүп атышса, маселени оңой деп ойлоп атышат экен. Кыргыз жеринин бир чарчы метринен биз баш тартпашыбыз керек.

Канткен менен ссуда алуу боюнча барактыктардан жүздөй адамдын тизмеси аныкталды. Дагы жетимиштей кишинин аты-жөнү такталууда. Аз күндөн кийин алар баары көчүп чыкканы турушат.

Барак анклавы Кара-Суу районуна карайт. Аталган айыл беш чакырым ичкери Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Өткөн жылдагы чек ара чатактарынан кийин коңшу өлкө айылдын чек өтмөгүн жаап койгон. Эксклав тургундары Кыргызстанга келип-кетүү жыл өткөн сайын кыйындап баратканын айтып, кыргыз бийликтеринен көчүрүп кетүүнү суранып келген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG