Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

"Достуктагы" эл менен бийликтин талашы


"Достук" чек ара өтмөгү
"Достук" чек ара өтмөгү

Кыргыз-өзбек чегиндеги "Достук" чек ара өтмөгүнө жакын жашаган 34 үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү маселеси чечилбей турат.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин бул уюмдун элди бажыканадан алыс кармоо талабын аткарууга тийиш. Мындан улам өкмөт бул жердеги үйлөрдү сатып алууга аракет кылууда. Ал эми коңшу Өзбекстан чек ара тилкесине жакын жашаган тургундарын үч жыл мурун эле көчүрүп кеткен.

Абдусалам Турдукулов дал ушул чек ара тилкесинде жашайт. Ал учурда өзүмдүн үйүмдөй үй алып бербесе, эч жакка кетпейм деп турган чагы:

- Менин үйүмдү 1.5 миллион сомго баалашкан. Азыр ага эмне келет? Мисалы, менин тамаркам 12 сотых. Төрт бөлмөлүү үй, короо-жайым бар. Мен 1,5 миллион сомго жер сатып аламбы же там саламбы? Ансыз деле бул үйдө эки үй-бүлө жашайт. Агам балдары менен, мен балдарым, апам менен турам. Жер жоктугунан инилерим Орусияга иштегени кеткен. Булар эми бар үйүбүздү да тартып алганы жатышат. Мен мамлекетке каршы чыкпайм. Керек болсо алсын. Бирок ордуна менин жеримдей жер же үй куруп алганга жетерлик акча берсин. Биз ошого макулбуз. Болбосо мен үйдөн чыкпайм.

"Достук" өтмөгү Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында жайгашкан. Чек ара тилкесинен башка жакка көчүрүлүшү керек болгон 34 үй-бүлө да ушул айыл өкмөткө караштуу. Мындан улам "Достук" өтмөгү 34 үйдү сатып алууга 55 миллион сом сунуштап, элди көчүрүү милдетин айыл өкмөткө жүктөп койгон. Айыл өкмөттүн жер адиси Хамидолло Мадалиев буларды айтты:

- "Достук" өтмөгү көз карандысыз баалоочу мекемени жалдашкан. Алар чек ара бекетине жакын турган 34 үйдүн жалпы баасын 55 миллион сомго баалашкан. Азыр бажы кызматы ошол 34 үйдү толугу менен сатып алабыз деп турушат. Үй ээлери ал акчаны алып, башка жерден үй же жер сатып алабы ал өз иши. Биз аларга жер бере албайбыз. Анткени сугат жерлерди трансформациялоого мораторий кирип калган. Айыл өкмөттө жер жок.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда жеке турак жайларды мамлекетке сатып алуу эрежеси ушул күнгө чейин иштелип чыккан эмес. Үй сатып алуу түйшүгүнө Бажы кызматынын аралашканын да ошол эреженин жоктугу менен байланыштырышат.

Эл менен бийликтин эки жылдан бери чечилбей жаткан талашына эми "Интербилим" укук коргоо уюму киришти. Бул уюмдун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева үйлөрдү көчүрүү жараяны укуктук талаадан чыкпашын сот аркылуу талап кылышарын билдирди:

- Менин баамымда мүлктү баалоочу компания Бажы кызматынын буйругун гана аткарып жатат. Үйлөрдү калыс баалашкан эмес. Анын үстүнө мамлекет бир гана үй менен жерди баалабай, аны көчүрүү, башка үй курууга керектүү чыгымдарды, үй курулганга чейин убактылуу жашап туруу чыгымдарын жана жетилип калган бак-дарактардын жыл сайын бере турган мөмөсүн да кошо эсептеши керек болчу. Биз ушул 34 үй-бүлөгө акысыз юридикалык кеңештерди жана сотто алардын укугун коргогонго акысыз адвокаттарды беребиз. Мамлекет жеке турак жайларды сатып алууда мыйзам талаасынан чыкпашын сот аркылуу болсо да талап кылабыз. Азыр Бажы кызматы сунуштап жаткан акча менен эл сурап жаткан акчанын айырмасы үч эсе болуп жатат.

Бажы кызматы мүлктөрдү баалоону "Славянский Восток" компаниясына тапшырган. Ал компания тилкеде жайгашкан 34 үйдүн баасын орточо эсепте 1.5 миллион сомдон деп бычкан. Бирок жер ээлери өз короо жайларын мындан үч эсе кымбат айтышууда.

XS
SM
MD
LG