Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Милициянын өлүмүнөн от алган чыр


Жол кайгуул кызматкерлери. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Жол кайгуул кызматкерлери. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

18-июнда Ош облустук сотунда милиция кызматкеринин өлүмүнө себепкер болгон айдоочу Уларбек Амановдун кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Күмүшбек Ыбыкеевди жабыркаган тараптын өкүлдөрү сабады деген маалымат тарады.

Адвокат Күмүшбек Ыбыкеевдин "Азаттыкка" айтымында, кырсыкта каза тапкан милиция кызматкеринин жакындары аны ур-тепкиге алган. Сот имаратынан чыгып ооруканага келгенде да артынан барып коркутушкан.

"Кылым шамы" укук коргоо борбору адвокаттын сабалышына байланыштуу тынчсыздануу билдирип, мындай көрүнүштөр көбөйүп, бирок күнөөлүүлөр жазаланбай жатканын айтып чыкты.

Адвокат Күмүшбек Ыбыкеев учурда Токмок шаарындагы ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болду. Ага баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Адвокат өзүнө кол көтөрүү боюнча буларды айтты:

- Беш-алты адам келип эле мени дубалга такап, “Эмнеге жазасың?” деп токмоктоп киришти. Аларга жооп бергенге чамам да келген жок. Ээгим жарылып кетиптир. Эшикке чыгып баратсам, белге эки-үч жолу тээп калышты.

Адвокат бул кол салуу жөн эле жерден чыкпаганын, жабырлануучу тарап ага эмнеге нааразы экенин мындайча түшүндүрдү:

- Мен коргоп жаткан айыпталуучу Уларбек Аманов катуу ылдамдыкта баратып жол тосуп чыккан милиция кызматкери Рустам Макамбаевди коюп кетет. Кара-Суу райондук милициясы өз кезегинде бул жол кырсыгы боюнча иш козгогон. Бирок кийин иш жол кырсыгы эмес эле, милиция кызматкерин өлтүрдү деген берене менен сотко өткөн. Анан сот да милиция кызматкерин өлтүрүү деген берене менен Уларбек Амановду 15 жылга күчөтүлгөн режимде камоо боюнча чечим чыгарган. Биз ошого окуя туура баалансын, милицияны ал атайын өлтүргөн эмес деп даттануу жазганбыз.

Бирок адвокатка кол көтөрдү делген тарап бул дооматты четке кагууда. Жол кырсыгынан каза болгон милиция кызматкеринин агасы Чыӊгыз Макамбаев адвокат менен чатакта апасы жабыркаганын айтууда.

- Биз дагы жабыр тарттык. Адвокат колундагы баштыгы менен апамды ургулап салды. Экөө айтышып, анан бири-бирине асыла кетишкенде ажыратып койгом. Болгону ошол. Апамды ооруканага көрсөттүк. Азыр башы ооруп, көӊүлү айнып, тамак жебей жатат. Бети, колу сыйрылган.

Окуяга күбө болгон айыпталуучунун атасы Абдыманап Аманов болсо Чыңгыз Макамбаевдин айтканын төгүндөп, адвокат Ыбыкеев тепкичтен көтөрүлүп бараткан кезде ага кол салуу болгонун билдирди:

- Маркум Руслан Макамбаевдин агасы жалган сүйлөп жатат. Менин жактоочум Күмүшбек Ыбыкеев тепкичтен көтөрүлүп баратканда эле сабап киришти. Ага ошол жердегилердин баары күбө. Керек болсо сот имаратында орнотулган видеокамералардан да далил табылар.

Кан жолдогу каргашадан ырбаган чыр

2014-жылдын 19-январында Ош - Өзгөн жолунда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталып, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Аны кармоо максатында Кара-Суу райондук жол кайгуул кызматкерлери менен Жаӊы-Арык айылынын участкалык милиция кызматкери Руслан Макамбаев да жол боюнда шектүү унааларды текшерип жаткан. Ошол учурда Өзгөн тарапты көздөй катуу ылдамдыкта бара жаткан БМВ үлгүсүндөгү автоунаа милиция кызматкерин коюп кеткен.

- Иним катуу келаткан унааны тоскон. Бирок ал токтобой, сүзүп кеткен. Катуу соккудан Русландын баш сөөгү, акыреги, кабыргалары, буту-колу бир нече жеринен сынып, жүлүнү үзүлүп кеткен,- деди маркумдун агасы Чыӊгыз Макамбаев.

Кызмат учурунда каза тапкан 26 жаштагы Руслан Макамбаев жаӊы эле үйлөнгөн. Артында жесир калган келинчеги кош бойлуу.

Русланды коюп кеткен айдоочу 25 жаштагы Уларбек Аманов да үйлөнгөнүнө бир ай гана болгон. Уларбектин ата-энеси ал ичпеген-чекпеген жогорку билимдүү жигит экенин айтты. Атасы Абдыманап Аманов каргашалуу окуя кокустук экенин, маркумдун туугандарына 11 жолу кечирим сурап барганын билдирди:

- Аксакалдарды ээрчитип, алдына 11 жолу бардым. Акыркы жолу алардын аксакалдарына да айталы деп мечитине барсак, баары тең ортого түшүүдөн баш тартты. Агалары "өлтүрөм, балаӊды түрмөдөн күтпөгүн, өзүңдү, бешиктеги балаӊды да жок кылам" деп жатат. Кандай кылышты билбей калдым. Мен уулумду актайын дегеним жок, кылганына жараша күнөөсүн тартсын деп жатам.

"Төрт миллион сом кун төлөсүн"

Окуя боюнча козголгон кылмыш ишти караган Кара-Суу райондук соту маркумдун жакындарына 1 миллион сом компенсация төлөө, Уларбек Амановду 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка камоо чечимин чыгарган. Бирок ага эки тарап теӊ нааразы. Маркумдун агасы Чыӊгыз Макамбаев айыпкер өмүрүнүн аягына чейин түрмөдө кармалышы керек деп эсептейт:

- Бул өкүм мындай кылмыш үчүн аз. Азыр тергөө абагында отурганын кошо эсептегенде арзыбаган 3-4 жыл гана калат. Сот калыс чечим чыгарган жок. Биздин оюбузча анын үй-мүлкү конфискацияланып, өзү өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылышы керек. Бизге моралдык жана материалдык зыян катары 4 миллион сом кун төлөп берсин.

Бирок айыпкер Амановдун туугандары буга макул эмес. Атасы Абдыманап Аманов уулу кылган күнөөсүн моюнуна аларын, бирок сот мыйзамда каралган жазаны чегериши керектигин айтууда:

- Эгер ал кылмышты алдын ала пландап, милиция кызматкерин атайын барып өлтүргөн болсо күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө камалышына мен каршы болбос элем. Бирок бул атайын ойлонулган кылмыш болгон жок. Кырсык болду. Балам өзү юристтин окуусун бүткөн, эч качан милицияга түшкөн эмес эле. Милиция кызматкерин өлтүрүү оор кылмыш экенин түшүнөм, бирок ошол сот учурунда да балам кылмышты атайын кылбаганы тастыкталды.

Милиция кызматкери жол тосушу керек беле?

Учурда бул иш Ош облустук сотунда каралып жатат. Адилет чечим чыгышына Оштогу адам укуктары боюнча "Эдвокаси" борбору да көз салууда. Аталган борбордун юристи Залина Абдулхакова:

- Милиционерлер өлкөнүн катардагы жараны сыяктуу эле укуктук жактан коргоого муктаж. Кызмат учурунда каза тапкан милициянын артында калган кош бойлуу аялынын укугун коргоодо Ош облустук ИИБ жетекчилиги кызыкдар болушу керек. Бизге ал укуктук жардам сурап кайрылды. Эми иш экинчи инстанциядагы соттун кароосуна өтүптүр. Эгер жабыркаган тараптын кызыкчылыгын коргош керек болсо адвокат беребиз, - деп билдирди.

Ал эми юрист Замирбек Султановдун пикиринде, кырсыктан каза тапкан милиция кызматкеринин аракети мыйзамсыз болгон.

- Ички иштер министринин азырга чейин күчүн жогото элек буйругу бар. Ал буйруктун негизинде жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларга алыстан даана көрүнө турган жерде турушу керек. Демек капыстан жолго чуркап чыгып, жол тосууга болбойт. Участкалык милицияга жол тосконго эч ким укук берген эмес. Машинени жол кайгуул кызматкери тосушу керек болчу.

Акыркы жылдары Кыргызстанда жол кырсыктары көбүрөөк каттала баштаганы айтылууда. Республикалык жол кайгуул кызматынын маалыматына таянсак, былтыркы жылдын алгачкы төрт айында өлкө боюнча 1783 жол кырсыгы катталып, 283 адам каза тапса, быйыл ушул эле мезгилде 2024 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 254 адам мерт кеткен. Анын 24ү жаш балдар. Жол кайгуул кызматы кырсыктын көбөйүшүнө айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганы себеп болгонун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG