Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Украина – Евробиримдик визасыз каттамды сүйлөшөт


Шаршембиде Брюсселде Украина менен Евробиримдик ортосунда визасыз каттамды киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр уланат. Ошентсе да украиналык дипломаттар жана Киевдин карапайым жашоочулары европалык өнөктөштөрү аларды алдап жатканын айтышууда. Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Елена Зеркаль Еврошаркет визасыз каттамды киргизүүнү жазында эле убада кылганын “Рейтерс” агенттигине курган маегинде айтты.

- Саммитке эки апта калганда француздар да, Германиянын өкүлдөрү да бул ирет да маселе оң чечилбесин кыйытышты. Мен бул адилетсиздик экенин айтып, көп тараптан украиналыктар дискриминацияга туш болуп жатканын айттым. Буга Германиянын өкүлү “жашоо өзү адилетсиз” деп жооп кайтарды.

24-ноябрда өткөн саммитте Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск Киев өзүнө алган милдеттенмелердин жарымын аткарганын айтып, визасыз каттам жыл соңуна чейин киргизилерине үмүт арткан. Визасыз каттамдын киргизилишин Түркия менен Грузия да күтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG