Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Ош менен Токмокто добуш сатып алуу аракеттери көп байкалууда


Шайлоо 11-декабрда өтөт
Шайлоо 11-декабрда өтөт

“Таза шайлоо” ассоциациясынын маалыматы боюнча үгүт иштерин жүргүзүү учурунда добуш сатып алуу аракети Ош облусунда жана Токмок шаарларында көп байкалууда. Мындай көрүнүшкө аталган уюмдун мүчөлөрү күбө болуп, талапкерлерге, саясий партияларга эскертүү беришкен. Бул тууралуу “Таза шайлоонун” укуктук эксперти Канат Темирболот уулу бүгүн журналисттерге билдирди.

Кодекс боюнча шайлоого катышып жаткан талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүү үчүн атайын шайлоо фондун ачышы керек. Байкоочулар көп талапкерлер эч кандай фондсуз эле адам жалдап, иштетип жатышканын белгилешүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG