Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

Чек арага жакын айылдардан борборду көздөй көчүп кеткендер көбөйүүдө.

Чоң-Алайдын Тажикстан менен чектешкен Жекенди айыл округунан эле бир жылда 700дөй кожолук жер которуп кеткен. Тургундар бул аймактарга мамлекет атайын кам көрбөсө, абал мындан дагы оорлошо турганын айтышат.

Өзгөчө быйылкы кыштан тажаган Ысак Туратов өзү туулуп-өскөн Карамык айылынан биротоло көчүп кеткени турат. Облус борборунан 350 чакырым алыста жайгашкан айылда ал үчүн 8 баласын багып, түтүн булатуу азыр кыйын болуп калды:

- Бир жылда 12 ай болсо, анын алты айы кыш болот. Же дыйканчылык жакшы болбойт, минтип кар оор болгон жылы малыбыз да кырылып калат. Анан бул жерде тирилик кылуу тозоктун тозогу. Же бир башка жумуштар болсо да иштеп, жанымды бакмакмын. Бирок турмуш бизде оор. Ошон үчүн Бишкек жакка көчүп кетейин деген ой бар. Колумдагы бар дүйнөм, мал-жаным менен барсам тирилик кылып кетээрмин.

Тажикстан менен чек аралаш турган Жекенди айыл округундагы Карамыктан башка кыштактарда деле борборду көздөй көчүп кеткендер көп.

Жекенди айыл округунун жашоочусу Зикиралы Жаркынов:

- Биздин Жекенди айыл округунан 700дөн ашык кожолук биротоло көчүп кетти. Алар го эми Кыргызстандын ичине эле жылып атышат, а жаштардын көбү иш жоктугунан Орусияга кетип жатат. Ар бир үйдөн 4-5тен киши сыртта жүрөт. Алардын дээрлик баары ошол жакта жарандык алып, кетип атышат.

Айылдарда 45-50 жаштан жогоркулар, анан мектеп жашындагы балдар эле калганбыз. Минтип отурсак чек арага жакын айылдарда киши калбай калат го. Киши калбай калса, коңшу өлкөнүн жарандары акырындап бери көздөй жылып келе берет.


Мындай пикирди райондун башка бир тургуну Абдрасул Капаров да бекемдөөдө. Анын белгилешинче, чек аралаш жерлерде элди кармап туруу үчүн мамлекет тарабынан кам көрүлбөсө, калктын суюлганы суюлган:

- Элдин курсагына аш салып бер деген жокпуз, жок дегенде ушундай жерде, ушундай кырдаалда, алыскы чек арада жашап атканы үчүн мамлекет элге компенсация төлөп бериши керек. Ошону менен гана эле жанын багып жашап турушу мүмкүн. Же үлүш жери жок болсо, же тирилик кыла турган башка нерсе жок болсо, кантсин анан эл? Болгону 12 сотиктен жер тийген, анын 6 сотик жери сай, таш. Ага өлүп кетсе да эгин болбойт.

"Чек арада жашагандарды салыктардан да бошотуу керек" дейт Чоң-Алайдын жашоочусу Абдилай Амитов:

- Биз "жардам бере албасаңар жок дегенде салыктардан бошотуп койгула" деп айтып атабыз. Бийлик бир да кулак салбай келет. Бул боюнча Жогорку Кеңеште бир-эки жолу маселе көтөрүлүп, ошол бойдон калып кетти. Чек араны кармап турган элге кам көрбөгөндө, анан кимге кам көрөт? Мамлекеттин чек арасын так ушул эл кармап турат. Тополоңдо жоокерлердин баары качып кеткенде да карапайым калк эч жакка кетпей, дубал болуп турган.

Ал эми бийлик элди элетте кармап калуу аракетинде экендигин белгилешет. Чоң-Алай районунун акими Азизбек Ашыралиев:

- Чынында биздин район бийик тоолуу, климаттык шарты катаал район болуп эсептелет. Кышыбыз алты айга чейин созулат. Так ушул мезгилде Чүй бооруна, Бишкек шаарынын жакасына жана Ош шаарына көчүп кетип жаткандар көп болуп жатканы чындык. Бирок биз элди бул жакта кармап туруу үчүн, айрыкча жаштарды алып калуу үчүн жумуш орундарын түзүү аракеттерин көрүп жатабыз. Районго инвесторлорду да тартууга колдон келишинче аракеттер бар.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 25 миңдей адам жашайт. Калктын негизги бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенсе, айрым жерлерде гана дыйканчылык кылууга болот. Тоолуу райондон борборду көздөй агылгандан өзгөчө кыш мезгилине туура келет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG