Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Ош шаарын оңдоодогу оош-кыйыштар


Ош шаарындагы эски үйлөрдү бузуп, көчөлөрдү кеңейтүү иштери. 10-август, 2012.

Ош шаарындагы эски үйлөрдү бузуп, көчөлөрдү кеңейтүү иштери. 10-август, 2012.

Ош шаарынын борбордук бөлүктөрүндөгү мыйзамсыз курулуштарды жана үйлөрдү бузуп, көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин экинчи этабы башталганы турат.

Бирок айрым байкоочулар ал жерде жашагандарды башка жакка көчүрүүнүн экинчи этабы жергиликтүү тургундар менен шаар бийлигинин ортосунда карама-каршылыкка учурашы мүмкүндүгүн айтууда. Анткени жергиликтүү бийликтин мындай аракеттерин өзбек тектүү жарандар жапырт отурукташкан аймакта кодулоо катары кабыл алган учурлар арбын. Мына ошондуктан жергиликтүү коомдук уюмдар бийликти калк арасында түшүндүрүү ишин жүргүзүп, бузула турган үйлөрдүн кожоюндары ыраазы болгон шартта гана ишти баштоого чакырууда.

Иликтөөнүн радиоверсиясын бул жерден угуңуз




Быйыл 29 үй бузулушу керек

Ош шаардык кеңешинин 2012-жылкы токтомуна ылайык, шаардын Монуев, Мажирүм тал, Кара-Суу, Ош, Навои жана Мамыров сыяктуу борбордук көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулуштарды алдыруу чечими кабыл алынган. Анткени аталган көчөлөрдүн эки чекесинде жайгашкан үйлөр жана соода-сатык жайлары 1978-жылдагы шаардын башкы планына каршы келип, мыйзамсыз курулуп калган. Ошондой эле мыйзамдуу курулуп, бирок шаарды байланыштыруучу көчөлөргө туура келип калган объектилер да катталган.

Ош шаарындагы көчөлөрдү кенейтүү иштери, 10-август, 2012.

Ош шаарындагы көчөлөрдү кенейтүү иштери, 10-август, 2012.

Өткөн жылы августь айынан баштап Монуев көчөсүн аягына чейин ачуу үчүн 23 жеке турак үй жана эки соода жайы бузулган. Быйылкы мерчем боюнча Ош жана Навои көчөлөрүндөгү 29 үй жана бир нече ишкер жайлары бузулуш керек.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Таалайбек Сабиров калааны ирээтке келтирүү аракеттери соттук териштирүүлөргө чейин жетип жатканын белгиледи:

- Мыйзамсыз курулган курулуштарды алдыруу талабы боюнча сотко чейин барып, кээ бир учурларда соттор мына ошол жарандардын пайдасына чечим чыгарып коюп жатышат. Бирок биз баштаган ишти орто жолго таштабай, мыйзамсыз курулуштарды буздуруп, шаарды тазалоону аягына чейин ишке ашырууга эркибиз жетет. Анан учурунда мына ошондой жер тилкелерине мамлекеттик акт берилип калган ээлерине жергиликтүү бюджеттен каражат төлөп, чоң суммадагы акчага аларды кайра сатып алганга аргасыз болуудабыз.

Кодулоонун “коңгуроосубу”?

Буга чейин шаар бийлиги бузулган үйлөрдүн кожоюндарына - ар бирине 600 миң сомдон эки миллион үч жүз миң сомго чейин төлөп берген. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен былтыр 16 миллион сом каралган. Мындан сырткары аларга жаңы үй тургузуу үчүн шаардын башка бир бөлүгүнөн жер тилкелери бөлүнүп берилген.

Анткен менен мыйзамсыз курулуштарды алдыруу этникалык азчылык өкүлдөрүнүн нааразылыгын жараткан учурлар да бар. “Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева өзбек тектүү жарандар жапырт отурукташкан аймактардагы мындай аракеттер аларды атайылап көчүрүү катары кабыл алынып жатканын белгиледи:

- Шаардын борбордук бөлүктөрүндө жашаган өзбек тектүү жарандардын үй-жайлары буздурулуп, жолдорду кеңейтүү иштери тескери кабыл алынган учурлар да бар. Алар мунун бардыгын бийлик атайылап уюштуруп, аларды шаардын борборунан сыртка сүрүп чыгаруу аракети катары баалаган пикирлер да үстөмдүк кылат. Өмүр бою жашаган үйүнөн чыгарып, жер тилкесин кошо алып, анан шаардын башка бир бөлүгүнөн жер берип, ошол жакка жашагыла деген талаптан улам, алар өздөрүн көп нерсе жоготуп, кемсинген адамдай сезишүүдө. Мына ушул жагдайларды калк арасында терең түшүндүрүп иш алып барбаса, андай аракеттерден улам нааразылык күчөп кетиши мүмкүн. Анан калса башында мына ошол өзбек тектүү жарандарды көчүрүп чыгара турган жер аянттарынын инфраструктурасын жана шартын түзүп берип туруп көчүрүшсө жакшы болмок.

Коңшулаш Өзбекстандын бийлиги эгерде жолду кеңейтүү же шаарларды көрктөндүрүү сыяктуу маселе чыга турган болсо, аны бир күндө эле чечип койгонун көрүп жүрбөйбүзбү. Биз алардан айырмаланып ал жердеги жашоочулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бузула турган үйлөрдүн базар баасындагы акчасын төлөп бермейин үйлөрдү мажбурлап буздурууга барган жокпуз.


Өткөн жылы 22-августта Ош шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгы Кара-Суу көчөсүн кеңейтүүгө байланыштуу Навои көчөсүнөн баштап Үч Көчөгө чейинки аралыкта жайгашкан үйлөрдүн кожоюндарына өздөрүнүн эсебинен үйлөрүн бузуу боюнча кабарландыруу жөнөткөн. Анда мыйзамсыз курулган курулуштардын ээлеринен башкаларына келтирилген зыянды шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы төлөп бере турганы маалымдалган. Коюлган талап аткарылбай турган болсо шаардык бийлик үйлөрдү күч менен буздурууга бара турганы эскертилген.

Турак жайы бузула турган жарандардын айрымдары жергиликтүү бийликтин чечимин алардын конституциялык укугун бузуу катары баалашууда. Ошол эле учурда андагы айрым бүлөлөр союз мезгилинде эле тиешелүү өлчөмдө үйүнүн кенемтесин төлөтүп алганы менен ал жерден көчүп чыкпай койгон фактылар бар.

Шаардык бийликтин маалыматы боюнча, быйыл бузула турган Ош көчөсүндөгү 29 үйдүн он беши 1989-жылы мамлекеттен кенемте акчасын алган. Өзүнүн ысмын атабоону суранган Ош көчөсүнүн тургуну кенемте төлөнсө деле киндик кан тамган ата конушун таштап, башка жакка чыгып кетүү ал үчүн оор экенине мындайча токтолду:

- Бул үйдү таштап каякка барышыбыз мүмкүн. Биз мына ушул үйдө туулуп өстүк. Балдарыбыздын бардыгы ушул үйдө чоңойушту. Бул жерде биздин ата-бабалар жашаган. Анан биз бул үйдү буздуруп, башка жакка кантип көчүп кетебиз. Мына ушул жагдайды жогору жактагылар качан түшүнөт болду экен.

Көкүрөк өйүгөн көйгөйлөр

Шаардын башкы планы боюнча Монуев, Кара-Суу, Мажүрүм тал жана Ош көчөлөрү калааны Ош аба майданына байланыштырган узун жолго биригиши кажет. Ошондой эле аталган жолдорду кеңейтип, узартуу иши шаардагы авто тыгындарды жөнгө салууга багытталганын шаар жетекчилиги эскерткен болчу.

Ош шаардык мэриясынын мерчеми боюнча, жалпысынан шаардын борбордук бөлүгүндөгү 250дөн ашуун турак үй жана соода жайлары башка аймактарга көчүрүлүүгө тийиш. Ош шаардык мэриясы калааны ирээтке келтирүү ишинде улут маселеси болбошу керек деген турумду карманат. Ошондуктан шаар башчылыгы калааны өнүктүрүү ишине этникалык түс берген маалыматтарды четке кагып келет.

Ош шаар мэринин орун басары Рустам Мырзаматов мыйзамсыз курулуштарды алдырууда бийлик жумшак усулдарды гана колдонуп келе жатканына мындайча токтолду:

- Коңшулаш Өзбекстандын бийлиги эгерде жолду кеңейтүү же шаарларды көрктөндүрүү сыяктуу маселе чыга турган болсо, аны бир күндө эле чечип койгонун көрүп жүрбөйбүзбү. Биз алардан айырмаланып ал жердеги жашоочулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бузула турган үйлөрдүн базар баасындагы акчасын төлөп бермейин үйлөрдү мажбурлап буздурууга барган жокпуз. Быйыл эми Навои көчөсүндөгү көпүрөнү оңдой албай шайыбыз ооп жатат. Быйылча мына ошонун чет жакасындагы көчөнү кеңейтүүгө тоскоол болгон үйлөрдү же объектилерди гана буздуртушубуз мүмкүн. Ошондо да жолдун мурдагы нугунан чыкпай туруп, көпүрө салганга аракет кылып жатабыз.

Өткөн жылы шаардын Монуев көчөсүндөгү үйлөрдү жана соода-сатык жайларын алдырууда башында түшүнбөстүктөр болуп, бирок кийин ал өз ара жайгарылган. Анда маселе бузула турган үйдүн же объектинин кенемтесин төлөп берүүнүн өлчөмүнө байланыштуу чыккан. Жергиликтүү коомдук уюмдардын кийлигишүүсүнөн кийин шаардык бийлик башында сунуштаган кенемтенин өлчөмү бир топ жогорулатылган.

Ош шаарындагы көчөлөрдү кенейтүү иштери, 10-август, 2012.

Ош шаарындагы көчөлөрдү кенейтүү иштери, 10-август, 2012.

“Интербилим” баш болгон коомдук уюмдар жана укук коргоо борборлорунун ортомчулугу менен бузула турган үйлөрдү базар наркында баалоо үчүн көз каранды эмес баалоочулар тобу түзүлгөн. Анда ар бир үйдүн жана ар бир объектинин наркы өз-өзүнчө аныкталган эле.

Ош шаарынын Монуев көчөсүнүн тургуну Ханифа Нурматова үйүн өзүнүн эсебинен бузуп, жаңысын тургузуу оңойго турбаганын айткан болчу:

- Эми мына ошол келишимге макул болуп, берген кенемтесин алганыбыз менен бийлик үйүбүздү буздуруп, көчүрүп берүү милдетин аткарбай жатат. Мен мына өзүмдүн күчүм менен үйдү буздуруп жатам. Берген акчасын жаңы үй курдурганга жумшайымбы же эски үйдү усталарга буздуруп, курулуш материалдарын ташыткан акысына беремби деп башым катып жатат. Биз үйүбүздү бузуп, жер тилкесин таштап чыгып кетип жаткан соң жумушчу күчүн берип, техникадан каралашса болбойт беле.

Ошол эле кезде шаардын борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдүн тилкесине туура келип калган үйлөрдүн айрымдарынын документтери жок болуп чыккан. Аталган үйлөрдү бузуп, ээсине анын кенемтесин төлөп берүү үчүн анын ээлик кылуусун тастыктаган документтердин жоктугу көйгөй жараткан.

“Интербилим” уюмунун өкүлү Гүлгаакы Мамасалиеванын айтымында, мына ошондой үйлөрдүн кожоюндарына кенемте төлөп берүүдөгү көйгөйлөр алардын нааразылыгын жараткан:

- Мына ошол айрым бир үйлөрдүн документтери жок болгондуктан жергиликтүү бийлик эмненин негизинде кенемте төлөп беребиз дешти да. Анан биз кийлигишип отуруп, комиссия түзүп атып анан аларга да бузула турган үйлөрү үчүн кенемте төлөтүп бердик. Бирок документтери бар үйлөргө караганда алардын баасы арзан болуп калды. Мына ошондон улам айрым жарандар түшүнбөстүк кылып, “эмнеге бизге аз төлөп койду” деп нааразы болушту.

Ирээтке келтирүү ишиндеги ирээтсиздик

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү ирээтке келтирүү иштеринин орчундуу учуру 2013-2014-жылга туура келиши мүмкүн. Анткени негизги мерчем боюнча, калк жыш отурукташкан аймактардан үйлөрдү жана ишкердик объектерин көчүрүп чыгаруу мына ушул учурга туура келет. Айрыкча Мажүрүм тал, мурдагы Зайнабединов жана Ош көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерине жана кенемте төлөп берүүгө жергиликтүү бюджеттен 60 миллион сомго чукул каражат талап кылынат.

Быйыл апрель айынан баштап Ош көчөсүндөгү 29 үйдү бузуп, көчөнү кеңейтүү иштери жүргүзүлмөк. Бирок каржылоонун тартыштыгынан жана үйлөрдү бузуу тартибинин иштелип чыга электигинен улам, ирээтке келтирүү иштери кечеңдеши мүмкүн экени айтылууда.

Оштогу Advocasy Centre укук коргоо борборунун жетекчиси Жеңиш Төрөев маселенин бардыгы бузула турган объектилер үчүн тиешелүү өлчөмдө кенемте төлөп берүүгө байланыштуу деп эсептейт:

Ош шаарындагы көчөлөрдү кенейтүү иштери, 10-август, 2012.

Ош шаарындагы көчөлөрдү кенейтүү иштери, 10-август, 2012.

- Навои, Ош жана Кара-Суу көчөлөрүндөгү үйлөрдү бузуу этабы мурдагыга караганда чоң көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Анткени бул жакта былтыркы Монуев көчөсүнө караганда көбүрөөк үйлөр бузулат. Бирок эмнеси болсо дагы жарандар менен бийликтин ортосунда ачык-айкын шарттар иштелип чыгып, ошол эрежелердин негизинде тургундарды нааразы кылбай турган кенемте төлөнүп берилсе эле эч кандай нааразылык болбойт. Кайсы гана улут өкүлү болбосун мына ошол жол өтө турган аймакта жашай турган болсо бардыгына бирдей мамиле болуп, калыстык болсо эле эч кандай чыр-чатак чыкпайт. Башкысы бардыгы мыйзамдын негизинде болушу кажет.

Ош шаарынынын борбордук бөлүгүндөгү жеке турак үй куруу жана ишкердик үчүн жер тилкелери мурдагы шаар башчыларынын учурунда мыйзамсыз берилип кеткен. 1978-жылы кабыл алынган шаардын башкы планы одоно бузулган учурлар 1994-жылдан 2007-жылга чейинки учурларды ичине камтыйт. Ош шаарынын мурдагы мэри, учурда өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү, транспорт жана курулуш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жумадыл Исаков мыйзамсыз курулуштарга кенемте төлөнүп берилип, бирок учурунда бузуп, көчүрүлбөй калган учурларды Совет доорунан бери келе жаткан өнөкөт катары мүнөздөдү:

- Бул эми мына ошол Совет мезгилинен бери келе жаткан көйгөй. Башкы планга каршы келген үйлөрдү бузуу үчүн кенемте төлөө жагы токтоп калганына жыйырма жылдан ашуун убакыт өттү. Себеби жергиликтүү бийликтин бюджети ал мезгилде өтө эле аз болчу. Мисал үчүн бизге мына ошол Совет мезгилинен бери же андан кийин үйлөрдү мыйзамсыз куруп алган жарандар жана аларга кенемте төлөп берүүнүн шарттары боюнча маалымат келип түшө элек.

Көп кабаттар менен көөнө тарыхтын аралыгы

Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Шейит-Дөбө, Мажүрүм тал жана Черемушка сыяктуу кварталдар өзбек тектүү үй-бүлөлөр жыш отурукташкан конуштар катары таанымал. Аталган маалелердин кайсыл доордо калыптана баштаганы тарыхый булактарда так көрсөтүлгөн эмес. Совет доорундагы шаарды урбандаштыруу учурунда Ош шаарынын борбордук бөлүктөрүнө көп кабатуу үйлөр курула баштаган. Бирок көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүгү шаардын түштүк-чыгыш, түштүк-батыш, батыш жана “Текстиль” аймактарына тургузулган.

Ош шаар мэринин орун басары Рустам Мырзаматов шаардын борбордук бөлүктөрүндө көп кабаттуу үйлөрдү куруу ири инвестициялык салымды жана мамлекеттик чоң чыгымдарды талап кылаарын белгиледи:

- Мисал үчүн Мажүрүм тал көчөсүндөгү эски жер там үйлөр шаардын чок ортосунда калган. Анын айланасына көп кабатуу үйлөр курулган. Башкы план боюнча ал жерге көп кабаттуу үйлөр түшүш керек эле. Эгерде жетиштүү каражат табылып, шаардын ортосундагы аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү куруу маселеси чечиле турган болсо биз мына ошол жерлерден уруксат берүүгө даярбыз. Биз учурда көп кабаттуу үйлөрдү курууга сырттан инвестиция тартууга аракет кылып жатабыз.

Угушума караганда “Ошту Астана сыяктуу заманбап шаарга айлантабыз” деген ураан бар экен. Бирок Оштун байыркы маданиятын жана тарыхын камтыган колоритти сактап калуу өтө маанилүү экенин түшүнбөй жатышат.

Ош шаары тарыхта байыркы шаар катары белгилүү. Анын калыптанышын илимпоздор үч миң жылдык тарых менен байланыштырып жүрүшөт. Ошондуктан 2000-жылы Оштун 3000 жылдыгы расмий белгиленип, ага республикалык маанидеги шаар макамы ыйгарылган болчу. Бирок шаардын инфраструктурасы начар абалда калып, бытыранды жайгашкан курулуштар үстөмдүк кылып келген.

2009-жылы Ош шаарын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки атайын концепциясы кабыл алынган. Бирок 2010-жылы адам курмандыктарына алып келген июнь коогасынан кийин аталган долбоорду ишке ашыруу артка жылдырылган. Андан кийинки үч жыл аралыгында өрттөнгөн жана талкаланган Ошту калыбына келтирүү иштерине мамлекеттен жана эл аралык донорлордон миллиондогон сом каражат жумшалган.

“Маданият+” коомдук корунун жетекчиси Алима Шарипова шаарды калыбына келтирүүдө анын тарыхый жана маданий баалуулуктары эске алынбай жатканын белгиледи:

- “Чоң шаар болгондон кийин шаар бизнес борборлорду, мейманканаларды, банктарды куруудан башталышы керек” деген ишкердик көз караштын алкагында демилге көтөрүлүп жатат. Бирок мында шаар жетекчилиги жөнөкөй коммерциялык кызыкчылыктан тышкары Ош шаарынын тарыхый жана маданий баалуулуктарын сактап, аны өнүктүрүү жагын эстен чыгарып койгондой. Угушума караганда “Ошту Астана сыяктуу заманбап шаарга айлантабыз” деген ураан бар экен. Бирок Оштун байыркы маданиятын жана тарыхын камтыган колоритти сактап калуу өтө маанилүү экенин түшүнбөй жатышат. Ошол эле маалелер Оштун негизги өзгөчөлөгүн белгилеп турган райондор да. Эгерде заманбап үлгүдөгү шаар куруу демилгеси болсо аны шаарды кеңейтүү аркылуу кошумча жер тилкелеринде өнүктүрсө деле болот да.

Жүзөгө ашпаган аралаштыруу аракети

2010-жылы июнь окуясынан кийин шаардын бир тектүү улут өкүлдөрү жыш жайгашкан кварталдарды аралаш отурукташтыруу демилгеси көтөрүлгөн. Мындай демилге коогалаң учурунда ар түрдүү этникалык топтор аралаш отурукташкан аймактарда талап-тоноочулуктун аз катталганы менен түшүндүрүлгөн. Ошондуктан Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов талкаланган жана өрттөнгөн маалелердин ордуна көп улуттуу үй-бүлөлөр аралаш жайгаша турган көп кабаттарды куруу сунушу менен чыккан. Бирок анын мындай демилгеси эл аралык укук коргоочу уюмдардын сынына кабылган. Мына ошондой жагдайда шаардагы оңдоп-түздөө иштерин аткарууну борбордук бийлик жаңыдан түзүлгөн Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияга тапшырган.

Ош шаарындагы үйлөрдү бузуп, көчөлөрдү кенейтүү иштери, 10-август, 2012.

Ош шаарындагы үйлөрдү бузуп, көчөлөрдү кенейтүү иштери, 10-август, 2012.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Таалайбек Сабиров аралаштырып олтурукташтыруу демилгеси ишке ашпай калганына мындайча токтолду:

- Бир заматта эле аралаштырып жиберүү оңой эмес экен. Бардыгы көп жылдан бери отурукташып калган. Маалелердеги ал үйлөрдү бузуп, ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курсак, анан аларга ар улуттун өкүлдөрүнөн турган үй-бүлөлөрдү киргизсек деген илгери үмүт болду эле. Бирок биздин мындай демилгени чет өлкөлүк донорлор, эл аралык уюмдар тескери түшүнүп, “силер андай кадамга бара турган болсоңор, санкция колдонобуз, каржылоону токтотобуз, антсеңер адам укугун бузган болосуңар” деп басым көрсөтүшпөдүбү. Ошон үчүн биздин жанагы бир тектүү этникалык топтун өкүлдөрү жайгашкан аймактарды башка улуттун өкүлдөрү менен аралаш отурукташтыруу максатыбыз ишке ашпай калды.

Ош шаарынын жаңы башкы планы 2007-жылдан бери иштелип чыгууда. Анын айрым бир бөлүгү адис-архитекторлордун жана эл аралык уюмдардын талкуусуна коюлган. Жаңы баш план боюнча шаардын аянты 72 миң чарчы метрге кеңейип, анын айланасындагы айрым айылдар да киргизилген. Аталган баш планга кошумча деталдуу долбоорлоо планы да иштелип чыккан.

Шаар курулушун долбоорлоо иштери 1978-жылы бекитилген шаардын башкы планынын негизинде иштелип чыгууда. Аталган баш план өкмөттүн жана парламенттин кароосуна сунушталып, бекитилген соң ишке киргизилмекчи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG