Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Жаңы Ош шаарынын планы талкууланды


Ош шаарында мына ушундай көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда.

Ош шаарында мына ушундай көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда.

Жайкы коогалаңда өрттөнүп кеткен үйлөрдүн ордуна салынып жаткан турак-жайлар Ош шаарынын генералдык планына туура келбейт. Ошондуктан шаар архитектуралык планы менен кайра курула турган болсо, убактылуу салынып жаткан турак-жайлар бузулушу мүмкүн. Бул тууралуу 3-декабрда Ош жана Жалал-Абад шаарларынын генералдык пландарын талкуулаган жыйында айтылды.

Ош шаары Түштүк борбор калаа деген макам алганы менен шаарды өнүктүрүү боюнча башкы план ушул күнгө чейин толук иштелип чыккан эмес. Мындан 11 жыл мурда кабыл алынган план да өзгөрүүлөргө учурап, 2009-жылы кайрадан каралган. Жайдагы окуялардан кийин шаардын баш планына дагы өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Ош шаарында өткөн Ош жана Жалал-Абадды шаарларынын өнүгүшүн талкуулаган жыйында да буга бир нече сунуштар айтылды. Долбоорду иштеп чыккан “Кыргыз шаар куруу” илимий изилдөө жана долборлоо институтунун башкы архитектору Жанызак Кулбатыров шаарды 2025-жылга чейин өнүктүрүү планы мурункуларга оңдоп-түзөөлөр менен сунуш кылынып жатканын айтат:

- Ош шаарынын мурунку генпланы 1999-жылы кабыл алынып, андан кийин 2009-жылы кайра иштелип чыккан. Эми ошол эле генпланга өзгөртүүлөр, алымча-кошумчалар киргизилип, жаңы генплан иштелип жатат. Буга чейинки пландарда Түштүк борбор калаасында 2025-жылга 500 миң киши болуш керек болчу, эми азыркы генпланда 600 миң кишиге ылайыкталып шаар курулат.

Адегенде турак-жай, андан кийин саясат

Сунушталып жаткан башкы план Жогорку Кеңеш кабыл алары менен ишке кирмекчи. Ал ишке кирсе шаардагы бир нече жер үйлөр бузулуп, алардын ордуна көп кабаттуу үйлөр түшөт. Адистердин айтымында, шаарды өнүктүрүү үчүн жайдагы коогалаңда өрттөнгөн үйлөрдүн ордуна салынып жаткан убактылуу турак жайларды да бузууга туура келет:

- Азыр Ошто баягы коогалаңда күйүп кеткен үйлөрдүн пайдубалына эле кайра турак-жай куруп жатканы туура эмес болуп жатат. Ал үйлөр буга чейин эле сейсмикалык жагынан да, генплан жагынан да туура эмес жайгашкан болчу. Азыр саясатты коюп эле ошого кетип жаткан каражатты кошуп ошол маалелерге кабаттуу үйлөрдү куруш керек болчу. Биринчиден, жерди үнөмдөйт болчубуз, экинчиден, көп элди үй менен камсыз кылганга болот эле. Ошон үчүн бул жагдай экономикалык жактан убаракерчилик болуп жатат.

Ал эми Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы үйлөр шаардык бийликтин уруксаты менен курулуп жаткандыгын айтууда. Дирекция жетекчисинин орун басары Кадамбай Бактыгулов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биз азыр үйлөрдү эл аралык донорлордун каражатына куруп жатабыз. Алардын талабы боюнча адам укуктары башкы орунда турат. Ошол үйлөрү күйүп кеткен тургундардын үйгө болгон укугун, жерге болгон укугун биз бузууга биздин акыбыз жок. Ошон үчүн кайсы жерде жабыркаган үй болсо, биз ошол жерге гана шаардык мэриянын макулдугу менен гана куруп жатабыз. Айрыкча Ош боюнча ушул маселелер менен кармалып, мына сентябрдан баштап гана курулуш баштадык.

План чийкиби?


Учурда Ош шаарында жайкы коогалаңда өрттөнүп кеткен 1000ге жакын турак-жай кайрадан салынууда. Алардын ээлери да азырынча турак-жайларынын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү салууга макулдугун берише элек. Оштун Навои көчөсүнүн тургуну Шахабидин Хамракулов өз оюн мындайча бышыктайт:

- Азыр биздин үйлөргө канча каражат кетип жатат. Эгер бул жерлер шаардын генпланына туура келбей турса, эмне үчүн башында айтышпайт? Менин оюмча бул биздин маалелер эски шаар катары кала бериши керек. Жаңы шаарды түзсө шаарда башка жерлер бар, мисалы, Батыш кичи району. Ошолорго көп кабаттуу үйлөрдү кура берсин. Эми минтип араңдан бүтүп жаткан үйлөрдү кайра бузам десе, дагы канча каражаттар бекер кетет.

Ош шаардык мэриясы коогалаңдан кийин үйлөрдү курууга убактылуу гана уруксат берилгендигин билдирүүдө. Биринчи вице-мэр Таалайбек Сабировдун айтымында, паландын негизинде түшкөн кабаттуу үйлөрдөн жер үй ээлерине батирлер берилгенден кийин гана шаардагы маалелер бузулат. “Ал жерлерге да кабаттуу үйлөр салынат” дейт ал.

- Дирекция тарабынан салынып жаткан үйлөр убактылуу гана уруксат берилген. Эгер генплан ишке кирсе, ошого туура келбеген үйлөр бузулуп, кабаттуу үйлөр түшөт. Ал жерлерге да кабаттуу үйлөр түшөт. Ал жерде жашагандар менен шаардын ортосунда келишим түзүлөт, анан башка жерге курулган кабаттуу үйлөрдөн аларга батир берилет. Же акчалай компенсация беришибиз мүмкүн, же шаардын башка райондорунан жерлер берилет.

Бул аралыкта серепчилер Ош шаарын өнүктүрүү баш планы дагы деле чийки бойдон калып жатканын белгилешүүдө. Серепчи Базарбай Сөлпиевдин пикиринде, Түштүк борбор калаасы бир топ жылдарга чейин “чоң кыштак” бойдон кала берүү коркунучу бар:

- Менин оюмча генплан толугу менен иштелип чыга элек. Анын долбоорун иштеп чыгып жаткандар бүгүнкү күнгө чейин генплан кандай болушу керектигин айта алышпайт. Буга чейинки бийлик, мына 2009-жылга чейинки шаар жетекчилери деле бул маселеге кайдыгер мамиле жасап келген. Азыркы өкмөт деле Ош шаарына чектеш райондордун жерлери шаарга өтөбү, өтпөйбү алигүнчө чече элек. Бирине бири шылтап, биринен бирине өткөрүп келатышат. Эгерде ушул мышык-чычкан дагы деле уланып кете берсе, келечекте шаар курулбайт да, баягы эле “чоң кыштак” аталышы бойдон кала берет.

Канткен менен коомчулуктун талкуусунда турган Ош шаарын өнүктүрүү жана өстүрүү планы Жогорку Кеңештин сунушуна коюлмакчы. Анда белгиленгендей, шаарда 2025-жылга чейин бир нече кабаттуу үйлөр курулушу керек. Ошондой эле калаанын ичинде турган жакынкы райондорго тиешелүү 14 миң гектардан ашык жер Түштүк борбор калаасынын карамагына өтүшү керек.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG