Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

Ош: жаңы автобекет айдоочуларга жакпады


Оштогу автобекет. 2015-жыл.
Оштогу автобекет. 2015-жыл.

Ош мэриясы эл көнүп калган эски автобекетти шаар сыртына көчүрүү демилгесин көтөрдү.

Бийлик муну менен шаардагы жол тыгынын чечүүнү көздөп жатканын айтууда. Ал эми Оштун борбордук базарына жакын жайгашкан бекетке эл ташып көнгөн кичи автобустардын ээлери иш таштайбыз деп коркутушууда.

Бүтүндөй түштүк аймагын тейлеген Оштун эски бекетинде кышы-жайы элдин аягы тыйылбайт. Ал Ош шаарынын борбордук базарына жакын жайгашкандыктан эл бекет менен базарды бирдей пайдаланганга көнгөн. Бирок шаардык бийлик эски бекетти калаадагы унаа тыгындын, экологиялык зыян заттардын негизги булагы деп, аны калаа четине чыгарууну чечишкен.

Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдрахман уулу 10-майда эски бекет жабыларын айтты:

- Азыр иштеп жаткан эски бекет нормативдик актыларга жооп бербейт, лицензиялык документтери боюнча да ал имарат бекет катары иштөөгө акысы жок экени белгилүү. Бул аргасыз абалда гана пайдаланылып жаткан бекет болчу. Ошол эле учурда бир кыйла шарттары бар, атайын адистештирилген шаардык автобекет бир топ жылдан бери пайдаланылбай жатат. Биздин оюбузча шаар четиндеги бекет ишке кирсе, шаардагы унаа тыгындар көйгөйү кыйла жеңилдейт. Ошондуктан 10-майдан тарта эски бекетти жаңысына жылдыруу чечимин кабыл алдык.

Бирок шаар бийлигинин бекетти калаа сыртына чыгаруу демилгеси алыскы райондордон Ошко эл ташыган кичи автобустардын айдоочуларын кыжырлантууда. Алардын бири Аскар Көкөев эски бекет жабылса, борбордук аянтка пикетке чыкканга чейин барабыз деди:

- Биз эч кайда жылбайбыз. Ал жакта кандай тирилик болот? Шаардын наркы четине эл барабы? Мурда да эки жолу көчүрүшкөн. Болгон эмес. Ушул жылат дегенден бери маанай бузулуп атат. Биз кимге жолтоо болуп атабыз? Өздөрү шаардагы жол эрежелерин жакшылап караса эле унаа тыгыны болбойт. Эгерде бизди көчүрсө, иш таштайбыз. Чогулуп, аянтта пикет өткөрөбүз.

Эски бекеттин шартынын начардыгы жана аянтынын тарлыгына карабай аймактагы соода кылгандар үчүн мааниси чоң. Мындан улам аймактардан келген жүргүнчүлөр эски бекет Оштун борбордук базары менен бирге көчүрүлүшү керек деген пикирде.

Шаар бийлиги каршылыктарга карабай бекетти сыртка көчүрүүгө чечиндүү киришкендей. Маселен, ушул апта аягында көпүрө курулушуна байланыштуу эски бекетке канаатташ турган "Аргымак" бекети жабылары айтылууда. Бийликтин айтымында, аймактар аралык кичи автобустар менен аймактарга каттаган жеңил унаалар да жаңы бекетке топтолмокчу. Вице-мэр Кутманалы Абдрахман уулу:

- Шаардагы унаалар бир жылда 860 тонна уулуу зат чыгарат экен. Эми ошончо түтүндү шаардын чок ортосуна алып келип таштап койгондой эле болуп жатпайбы. Бул кимге пайда, кимге зыян? Буйруса майы айынын акырына чейин жаңы бекеттин иштей башташына жетишүүнү милдет кылып койгонбуз. Жаңы бекетке аймактарга каттаган кичи автобустар менен кошо аймактарга каттаган жеке таксилер да көчүрүлөт. Мындан ары шаардагы ар бир кесилишти такси токтоочу жер кылганга жол бербейбиз.

Шаар бийлиги калаадагы унаа тыгындарынын себебин эски бекеттен издеп жатат. Бирок бийликте жаңы бекет менен шаарды байланыштыруучу жаңы жолдорду ачуу аракети байкалбайт. Союз убагынан калган эски бекетти азыр жеке ишкер иштетет. Күн сайын ага түштүк аймагындагы 44 багыттан 312 кичи автобус каттайт.

XS
SM
MD
LG