Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:37

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов “Азаттыкка” маегинде июнь окуялары боюнча эл аралык корутундулар жана сунуштар боюнча жеке пикирин ортого салды.

“Азаттык”: Мэр мырза, сиз былтыркы июнь коогасы боюнча эл аралык корутундуларды окудуңуз болуш керек, Оштогу кыргыз калкы, өзбек калкы аны кандай кабыл алып жатат?

Мырзакматов: Эл аралык топтун чыгара турган жыйынтыгы алдын ала белгилүү болчу. Бир тараптуу, калпыс, эки элди бириктирүүчү фактор болбойт деп биз күткөнбүз. Ошондой эле чыкты. Бүгүнкү күндө кыргыз элине деле, өзбек элине деле эч кандай ашыкча кызмат көрсөтүүнүн кереги жок.

“Азаттык”: Ошол каргашага бир жыл болоюн деп калды. Ошто ар кандай ушак-айыңдар, имиштер жортуп жүрөт. Бүгүнкү күндөгү кырдаалга сереп таштасаңыз?

Мырзакматов: Биз салыштырмалуу тынчтык орното алдык. Бул тынчтык өтө назик. Жарака абдан терең болгондуктан, 1-2 жылда жакшы болуп кетет деп айтуу кыйын. Бул жарааттын сакайышы көп жылды талап кылат.

“Азаттык”: Оштон келип калган кыргыз болобу, өзбек болобу: күндүзү жайдары эле жүрөсүң, кечке маал – 6-7ден кийин кыргыздар өзбек маалелерге, өзбектер болсо кыргыздар жашаган жерлерге бара албай калабыз, дагы эле коркунуч бар дешет.

Мырзакматов: Кандайдыр бир деңгээлде бул сөздөрдүн чындыгы бар. Жараат терең, аны акырындап дарылаш керек. Карапайым калк андай терс иштерге барбайт. Муну дагы эле ошол үчүнчү күч дейбизби, чагымчылдар дейбизби, ошолордун шаарда жок экендигине эч ким кепил бере албайт.

“Азаттык”: Тактай кетсеңиз, үчүнчү, төртүнчү, башка күчтөр жөнүндө айтып жатасыз. Бул кайсы күчтөр болушу мүмкүн?

Мырзакматов: Мен ачыгын айтайын, июнь коогалаңы Жалал-Абадда башталган. 47 адам жараат алып, төрт адам набыт кеткен май айларында. Муну бардыгы эле көрүп турат. Бирок тополоң ушунчалык тез басылды. Себеби эки тарап тең идеологиялык жактан даяр болгон эмес. Ошол кээ бир күчтөр даярдап, максатына жетпей калды.

Муну кимдир бирөө уюштуруп жатканын, туура эмес багытта кетип жатышканын эки тарап тең тез түшүндү. Ошондуктан бул жаңжал 4-5 күндүн ичинде тез басылды. Карапайым калк да “биз адашкан экенбиз, билген эмеспиз, чакырыктар болду эле” дешет.

Киммо Килюнен
Тилекке каршы, эл аралык комиссия дейбизби, өкмөттүк комиссия дейбизби, көп фактыларга көңүл бурушкан эмес. Маселен, ошол комиссия мүчөлөрүнүн бири да июнь коогалаңына катышкан эмес, өз көзү менен көргөн эмес. Имиш, жоромолдордун негизинде өз жыйынтыгын чыгарып жатышат.

Чындыгында бул жердеги жашоо, окуялардын чыгуу себептери такыр башка. Аны ырастай ала тургандай далилдер, аргументтер, фактылар бизде бар. Бирок биз бардык күчүбүздү тынчтыкка, ынтымакка жумшашыбыз керек.

“Азаттык”: Жергиликтүү тартип коргоо органдары, атап айтканда, милиция, прокуратура бир эле улутка жан тартып, кыйноолорго алып, айрыкча кечкисин жалгыз калгандарды карма кетип, кун сурап дегендей имиштер жортуп жүрөт. Бул канчалык чындыкка жакын?

Мырзакматов: Июнь окуясы башталаар алдында да биздин тартип коргоо органдарын каралаган шамал жүргөн. Бул алдын ала даярдалган. Тартип коргоо органдары колдон келгенин жасап жатат. Бандиттин же террорчунун улуту жок. Анын ким экенине, кайсы улуттан экенине карабай катуу чара көрүлүш керек. Ошондой мезгилде улут маселесин көтөрүп чыгышат, кокуй бул кыргыз, же бул өзбек эле, анан ушундай болуп атат деп.

“Азаттык”: Эл аралык отчетто набыт болгондордун 75 пайызы өзбек тектүү кыргызстандык жарандар, ошол эле кезде азыр камакка алып сурак бергендердин 80 пайыздан ашыгы өзбек тектүүлөр деп айтылып жүрөт. Буга кандай комментарий бере аласыз?

Мырзакматов: Эгер ошол калыс, келечекти көздөгөн бүтүм боло турган болсо мындай сандарды чыгарбаш керек. Ал жерде эч ким улутуна карап бөлгөн эмес. Бул жерде чоң трагедия болду. Ошол башаламандыкта эч ким улутуна караган эмес. Бул бардыгыбыздын трагедиябыз. Ошондуктан мындай сандар эки элди достоштургандын ордуна, тескерисинче касташтырышы мүмкүн. Болоор иш болду. Бүгүнкү күндө элдин бийликке койгон талабы ошол: жараны чукубагыла, туз куйбагыла.

“Азаттык”: Эл аралык докладда кыргыз өкмөтүнө бир катар сунуштар берилген экен. Айталы: өзбек тектүүлөр жыш жайгашкан жерде өзбек тилин колдонууга мүмкүнчүлүк берүү. Ошондой эле укук коргоо органдарына, атап айтканда, милиция, прокуратура, сот органдарына өзбек улутундагы кызматкерлерди көбүрөөк алуу жөнүндө. Бул сунуштар канчалык алгылыктуу деп эсептейсиз?

Мырзакматов: Тил боюнча тескерисинче бул жерде биз эки элди бөлбөйлү, кыргызча окуталы балдарыбызды, кыргыз алфавитине өтөлү деп айтып жатышат. Мына Өзбекстанда латын арибине өтүп кетишти. Бул жерде өзбек улутундагы студент же окуучу ал жакка барып, тил түшүнө албайт. Ошондуктан, тескерисинче демилгечи топтор кыргызча окуйлу, кыргызча билим алалы, кыргызча тарбияланалы, качанкыга чейин бөлүнөбүз, бир тууган эл болсок деген маселелерди көтөрүп чыгышууда.

Ал эми мамлекеттик кызматта бүгүн иштеш пайдасыз, айлыгы төмөн, жөнөкөй соодагер андан көп акча табат. Эмне үчүн ошол эл аралык комиссия бөлөк улуттун өкүлдөрүн чек ара кайтарганга чакыралы, ушул мекен бардыгыңардын мекениңер, бирдей жоопкерчиликте болушуңар керек, бирдей коргошуңар керек деп айтпайт?

Биздин прокуратурада, ошол эле тартип коргоо органдарында жетишерлик түрдө бөлөк улуттун өкүлдөрү иштейт. Ошого кызыкдар адам жок. Себеби ар бир элдин өзүнө жараша менталитети болот. Ар бир региондун менталитети болот. Биздин эл, регион соодага жакын, түбүнөн ошондой эл келген. 100 доллар айлыкты карап отургандан көрө соода кылганга көбүрөөк ынтызар болот.

Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылындагы самсакана.
“Азаттык”:
Июнь каргашасында Ошто бир топ ишканалардын ээлери качып кетти, ишканалар күйүп кетти. ошол ишканаларды рейдерлик кылып басып алуу жолдору болуп жатат деген сөздөр жүрүп жатат. Буга кандай комментарий берет элеңиз?

Мырзакматов: Мен сөзүмдүн башында айттым, имиш-имиш жана жоромол. Бүгүнкү күндө “менин ишканамды басып алды, кафемди, ресторанымды тартып алды” деген бир дагы арыз жок. Туура, убактылуу жабылып турду. Себеби кооптуу жагдай бар болчу. Азыр шаардагы ишкана-мекемелер, кафе-ресторандар чекесинен иштеп, соодасын жасап жатат.

Мен эркин микрофондон пайдаланып айтат элем: биз эгемен мамлекетпиз, мыйзамыбыз, менталитетибиз, маданиятыбыз, тарыхыбыз бар. Аны ачык эшиктер мамлекетине айландырбаш керек. Биздин ушундай мөңдүрөп турганыбыздан, кансырап турганыбыздан пайдаланып, ар кандай жоромолдорду жасап, ар кандай көрсөтмөлөрдү берип, ушундай кылсаңар жакшы болот эле дегендей сунуштардын бизге кереги жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG