Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Мамдирекция курган үйлөрдүн машакаты


Ош шаары.
Ош шаары.

“Республика” фракциясынын бир топ депутаттары мамдирекция курган Оштогу үйлөрдүн абалы менен таанышып, сапатына канааттанбаганын билдиришти.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн сапатына жеринен көргөнү келген “республикачылар” канааттанган жок. Анткен менен “Республика” партиясынын лидери Назарали Арипов үйлөрдүн коопсуздугуна адистик бааны атайын эксперттер берерин айтты:

- Мамдирекция курган эки үйдү көрүп келдик. Сырткы көрүнүшү боюнча эки үй теӊ депутаттарды канааттандырган жок. Аны адистер экспертизадан өткөрүшү керек. Бул боюнча ишти кароону Башкы прокуратура менен Эсеп палатасына тапшырдык. Укуктук бааны ошолор берсин.

Назарали Арипов текшерүү учурунда дирекцияга бөлүнгөн акча максатсыз жумшалганын айтып өттү:

- 11 млрд. сом коротулган болсо, 6.5 млрд. сомдун түбүн таппай калдык. Бизден өткөн эмес деп, акчанын ээси жок болуп атат. Эгерде 11 млрд. сом эффективдүү пайдаланылганда Ош шаарынын абалы бүгүнкүдөй болбойт эле.

Мамлекеттик дирекция жалпысынан 173 объект курган. Азыр кээ бир үйлөрдүн шыбагы куюлуп түшүп, сапатсыз курулганы тууралуу даттануу көп. Мына ошондой үйлөрдүн биринде жашап аткан Оштун тургуну Мыйзам Абдуллаев депутаттарга өзү жашаган квартираны көрсөттү:

- Биз биринчи кабатта жашайбыз. Жогору жактан суу агып турат. Начар түтүктөр коюлган. Дайыма ным тартып турат, шыбагы көчүп түшүүдө. Эми мен кайра башынан оӊдотушум керек. Бирок анда деле көөп чыгат да.

Депутаттардын жана жаӊы үйлөрдүн жашоочулары тарабынан айтылган сындарды мамдирекция өкүлдөрү негизсиз деп аташууда. Алар шыбактын сыйрылып, суу түтүктөрүнүн жарылышына анда жашаган тургундардын жакшы карабаганы себеп дешүүдө.

- Шыбактын сыйрылышы сыяктуу кемчиликтерди айтып жатышат. Бул курулушта боло берчү көрүнүш. Миӊ-эки миң сом менен оӊдоп койсо болот, - деди
аталган дирекциянын курулуш бөлүмүнүн башчысы Курбанали Азимов.

Курбаналы Азимов муну менен катар депутаттар айтып жаткан акчага мамдирекция ээлик кылбаганын билдирди:

- Биз 3 жыл ичинде 4 млрд. 600 млн. гана сомду иштеткенбиз. Калгандары башка акча. Алар ар кандай донорлор тарабынан тамак-аш, чатыр же башка буюм катары келген. Дирекциянын эсебинен өткөн эмес.

Жогорку Кеӊештин 19-февралындагы отурумунда Башкы прокуратура мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерине карата 8 кылмыш иши козголгонун кабарлаган. “Республика” партиясынын депутаты Урмат Аманбаева ызы-чууга чекит коюлганга чейин Жантөрө Сатыбалдиевди кызматынан убактылуу чегинип турса деген пикирде:

-ч кандай жоопкерчиликтен качпайм. Баары аныкталсын" деп жатат. Биздин лидердин айланасында да ушундай чыр чыкканда кызматынан убактылуу четтеген. Азыр өкмөт башчы да ошондой кадамга барганда иликтөө калыс болмок.

Мамдирекция 2010-жылы 19-июнда түзүлгөн. Июнь коогасында жабыркаган Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү озуйпасын толугу менен аткарган деген жүйөө менен 2013-жылдан тарта ишин токтоткон. Анын ишин иликтөө тууралуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин парламенттеги "Республика" фракциясы сунуштаган.

Жогорку Кеңеш 19-февралда Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунан кийин токтом кабыл алган. Анда дирекциянын биринчи жетекчиси, азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жетекчилердин иши канааттандырарлык эмес деп табылган. Эсеп палатасына кайра текшерүүгө эки ай мөөнөт берилип, Башкы прокуратурага ири каржылык мыйзам бузууга жол берген дирекциянын жооптуу жетекчилирине жана дирекцияга байланыштуу козголгон кылмыш иштерди токтоткон прокурорлорго укуктук баа берүү тапшырылган.
XS
SM
MD
LG