Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Жайма базардагы киши өлтүрүү боюнча сот өкүмү чыкты


Айыпталуучулар сот залында, 15-декабрь, 2010-жыл
Айыпталуучулар сот залында, 15-декабрь, 2010-жыл

Ош шаардык соту 13-июнда Ош шаарындагы жайма базарда адам өлтүрүү факты боюнча беш кишиге өкүмүн угузду. Ага ылайык бирөө өмүр бою эркинен ажыратылып, калган айыпталуучулар 25, 22, беш жана төрт жылга кесилди.

5 жолу жылдырылып, 15-декабрда уланган сот жараяны буга чейинки сот иштерине салыштырмалуу ызы-чуусуз жүрдү. Сот башталаары менен айыпталуучуларга акыркы сөз берилди. Алар өздөрүнө коюлган айыптарды мойнуна албай тургандыктарын билдиришти. Андан соң шаардык соттун судьясы Рамазан Кожомкулов кылмыш иши боюнча өз өкүмүн угузду:

Рамазан Кожомкулов
- 13-июнда Ош шаарындагы жайма базарда 33 жаштагы Аскар Турусбеков менен 32 жаштагы Сапарбек Эрмекбаевди мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталып жаткан башкы күнөөкөр Бабур Аманов өмүр бою эркинен ажыратылды. Андан кийин ага жардам берген Иматулло Талипов 25 жылга кесилди. Кылмыштардын жыйындысы боюнча мыйзамда эң жогорку жаза 25 жыл. Ошондой эле кылмышка аралашкан Надыр Салиев иликтөөдө тергөөчүлөргө жардам көрсөткөндүгү үчүн 22 жылга камалат. Кийинки айыпталуучулар Тахир Аманов беш жылга, Элдияр Рустамов төрт жылга кесилди.

Мындан тышкары сот жазага тартылгандардын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен аларды жабырлануучулардын материалдык жана моралдык чыгымдарын төлөтүп берүүнү буйруду.

Бирок жабырлануучу тарап сот өкүмүнө макул эместигин айтып, облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылмакчы болууда. Жабырлануучу Калыс Эрмекбаева:

- Биз соттун өкүмү менен макул эмеспиз. Облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылабыз. Тахир Аманов менен Элияр Рустамовдорго таптакыр эле аз берилип калды. Салиев Надырга деле өмүр бою бериш керек болчу. Себеби менин иним Сапарбекти өлтүрүп жатканда ошол кармап берген.



Ал эми айыпталуучулардын жактоочулары сот жараянына катышкан жок.

Калыс Эрмекбаева
13-июнда Ош шаарындагы жайма базарда 33 жаштагы Аскар Турусбеков менен 32 жаштагы Сапарбек Эрмекбаев мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алардын өрттөлгөн сөөгү 19-июнда Анжиян облустук ички иштер кызматкерлери тарабынан табылган. Мурдагы сот жараянында мамлекеттик айыптоочулар күнөөлөнүп жаткан беш кишинин баарынын үй-мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен үчөөнү өмүр бою жазага тартууну соттон суранган болчу.

Расмий маалыматтарга ылайык, жайдагы тополоңго байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча шектүү делип 300 киши кармалган. Июнь окуялары учурунда мерт болгон 429 кишинин денеси табылып, алардын 47си бүгүнкү күндө таанылбай жатат. Учурда жакындарын жоготкондордон 127 арыз келип түшкөн. 38 киши дайынсыз жок болууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG