Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Имам Рашод Камаловго сот өкүмү чыкты


Рашод Камалов сотто. 24-февраль, 2015-жыл

Рашод Камалов сотто. 24-февраль, 2015-жыл

Кара-Суу райондук соту "Ас-Сарахси" мечитинин мурдагы имамы Рашод Камаловду 5 жылга жатак абакка кести. Сот имамды диний кастыкты козутуу, экстремисттик материалдарды сактоо жана таратуу беренелери боюнча соттоду.

Ага буга чейин Сирияга адамдарды жөнөткөн деп коюлган айып далилденген жок.

Сегиз айдан бери каралып жаткан соттук иш боюнча өкүм 7-октябрь күнү кечки саат тогуздарга барып гана чыкты. Кара-Суу райондук соту Рашод Камаловдун имамдыкка дайындалуусу тууралуу муфтияттын буйругу жок болгонун, анын үй-бүлөсү бар экендигин жана буга чейин мыйзамсыз иштерге аралашпагандыгын эске алуу менен абактагы мөөнөтүн кыскартты. Тагырак айтканда, ал 5 жылга жатак абакка кесилди. Имамдын жактоочусу Валерьян Вахитов мындай дейт:

- Бул сот мындай айыптоо боюнча процесстердин ичинен эң узун иш болуп калды. 4 айдын ичинде 17 жолу соттук угуу болду. Кайра-кайра жылдырып атышты. Биз 20 жолу өтүнүч келтирдик. Иш боюнча жети күбө жана 10 чакты эксперт-адистер тартылды. Иштин көлөмү жалпы 5 томдон ашып кетти. Алар сотто Камаловдун күнөөсүн эч кандай далилдей алышкан жок. Бирок ошого карабай, сот Камаловду беш жылга жатак абакка кести. Бирок биз бул чечимге макул эмеспиз, кайрадан аппеляция беребиз.

Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сарахси” мечитинде имам болуп жүргөн Рашод Камалов жыл башында, 9-февралда кармалган. Ага башында экстремизм чакырыктарын жасаган, халифат курууга аракет кылган жана Сирияга адамдарды жөнөткөн деген айыптар коюлган.

Ошо кезде ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Рахим Салимов Камалов өз мечити аркылуу 30дай жаранды Сирияга жөнөткөнүн айткан эле:

- Камалов өзүн Кара-Сууда “рухий лидермин” деп атап келчү. Ал мечитинин ичинде өзүн бир кудай эле сезип алган адам экен да. Мунун "куйруктары", окуучулары ар жактан адамдарды таап, мечитке ээрчитип келишет, а ал болсо келгендердин башына халифат идеясын куят. Анан адамдар мечиттен чыккандан кийин эле агылып, Сирияга кете беришет. Бул бир эле Баткен, Ош облустары боюнча эмес, башка жактардан адамдарды алып келип, Сирияга айдап турчу экен. Ата-энелер ыйлап-ыйлап, “муну жок кылгылачы, болбосо бүтүн Кара-Суунун баарын жихадка айдап жибермекчи болду” деп атышат. Камалов өзүнүн имамдык кызматын пайдаланып туруп, өтө көп кишини Сирияга жөнөткөн. Азыр бизге 10дон ашык жаран, “туугандарыбызды, балдарыбызды Камалов Сирияга жихада алдап кетирген” деп арыз жазды. Дагы бир тобу арыз жазгандан коркуп атышат. Мындан сырткары Камалов Сириядан башка, Ирак жана Ооганстанга да адамдарды жөнөткөн болушу мүмкүн.

Бирок соңку соттук процестте Камалов Сирияга жарандарды жөнөткөнү далилденген жок.

Ошондуктан бир жылча убакытка созулган бул ишти айрымдар саясий себептер менен да байланыштырууда. Жергиликтүү байкоочу Азамат Кожоев буларга токтолду:

- Камаловдун экстремисттик уюмдарга байланышы барбы жокпу, эми аны күч кызматтары аныкташар. Бирок ал жаманбы, жакшыбы, Кара-Сууда кадыр барктуу имам. Казы менен имамдар расмий бекитилгени менен, көп имамдар ушул кишинин көзүн карашчу. Бул отурган мечитте, башка жерлерде деле мунун таасири аябай чоң. Элди бул жакка айдаса бул жакка, тиги жакка айдаса тиги жакка кете бере тургандай башкарып алган. Анан ошол массаны бир күнү мамлекетке каршы айдап жибербесин, же дагы бир тополоңго себепчи болуп калбасын деп, муну “тынч отур” дегендей кылып, абакка киргизип коюшту. Түз айтканда жергиликтүү бийликтер мындан коркту.

Имам Рашод Камалов өзүнө коюлган айыптарга макул эмес. Соттогу акыркы сөзүндө да ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишти саясий буйрук деп атаган. Ал муну өзүнүн бийликке карата катуу сын айткан пикирлери менен байланыштырууда.

Камалов 2014-жылдын 21-декабрында Оштогу коопсуздук жыйынында жарандардын Сирияга агылышына укук коргоо органдарын күнөөлөгөн эле:

- Президент диний кырдаалды оңдойлу, туура эмес жолго кеткендерге чара көрөлү деп айткан. Бирок күч органдарынын көп кызматкерлери мына ошондон пайдаланып, эптеп бир шылтоо таап, жарандарды алып кирип, уруп, жылаңачтап, аялдарынын, балдарынын көзүнчө кыйнап жатышат. Керек болсо мага келип ыйлап, “органдар бизден 10 миң доллар сурап, камап салам деп жатат” дегендер толтура. Анан ушундай зулумдукка чыдабай, “мени кыйнаган адамды өлтүрбөсөм болбойт” деп кетип жатышат. Эмне үчүн бул туурасында да баш катырбайбыз? Кетип жаткандардын баары органдар чакыргандан кийин 1-2 күндөн кийин качып кетип жатышат. Эмне үчүн? Анткени алар себепсиз келтек жегенден коркуп, күнөөсүз акча бергенге чыдабай жатышат. Мына ушул нерсеге да көңүл буруп коюшуңарды каалайм.

37 жаштагы имам Рашод Камалов диний таалимди атасынан алганы айтылат. Атасы Рафик Камалов 2007-жылы күч кызматкерлеринин террордук аракетти алдын алуу операциясы жүрүп жаткан учурда каза тапкан.

Камаловдордун дагы бири - Садыкжан Камалов өткөн кылымдын 90-жылдары Кыргызстанда муфтийлик кызматты аркалаган жана депутат да болгон.

Кыргызстанда ар кандай себептер менен буга чейин диний лидерлерге кылмыш иши козголгон учурлар жок эмес.

Маселен, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп айыпталып, иш козгоолгон. Бирок кийин райондук сот Чубак ажыны актаган. Мындан 10 күн мурда Жогорку Сот да жогорудагы айып боюнча Жалиловду күнөөсүз деп тапкан чечимин чыгарды.

Чубак ажыдан кийин муфтий болгон Рахматулла Эгембердиевге да ажылыктан түшкөн каражаттын салыгына жана Соцфонд төлөмүнө байланыштуу айып тагылган.

Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгы Эгембердиевге 2013-жылкы сот жараяндарына келбей койгондугуна байланыштуу бир жыл өткөн соң эл аралык издөө жарыялап, ал кийин Казакстанда кармалган.

Андан көп өтпөй экс-муфтий Казакстандан камактан чыгып, Кыргызстанга кайтып келген. Ошондой эле ага карата козголгон кылмыш иштери токтотулганы кабарланган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG