Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Министр Батыралиев митингчилер менен жолукту


Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев анын кызматтан кетишин талап кылган акция катышуучулары менен жолугуп, талаптарын укту. Митинг бүгүн министрликтин алдында өттү.

Акциянын уюштуруучулары медициналык академиянын клиникалык базалары “Ата-Түрк –Ала-Тоо” университетине берилип жатканына каршылык билдиришти. Андан тышкары, министрдин кадрдык саясатына нааразы болгондор анын кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Министрликтин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Батыралиев аткарылган иштерде мыйзам бузуулар болбогонун, акция катышуучулары көтөргөн маселелер каралып чыгарын белгиледи.

Нааразылык иш-чарасын “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси башында турган бир катар коомдук уюмдар уюштурду. (SE)

XS
SM
MD
LG