Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Коогалаң: айыптуулар эркиндиктеби?


Ош шаарынын бир катар тургундары июндагы коогалаңга байланыштуу козголгон кылмыш иштерин иликтөө солгун жүрүп жатканын айтып, нааразылыгын билдирип жатат. Шаардык милиция мындай дооматтарды четке кагууда.

“Ош шейиттери” коомдук уюму жайдагы коогалаң боюнча кылмыш иштери жакшы иликтенбей жатканын билдирди. Уюмдун жетекчиси Тургунай Айтиева “кылмыштарды иликтөө учурунда тартип коргоо кызматкерлери коррупцияга жол берип жатат”,-деди:

Тургунайым Айтиева
- Жайдагы окуяларга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан кылмыш иштери массалык түрдө, эптеп кутулуу аракетинде “сот, тергөө иштери жүрүп жатат экен” дегендей эле болуп атат. Биринчи болуп кылмыштарга тиешеси бар башкы күнөөлүүлөрдүн, адамдарды өлтүргөндөрдүн эч кимиси жок. Бардыгы Өзбекстан, Орусия, Түркияда качып жүрүшөт. Жабыркагандар кылмышкерлерди кармап келип, колдоруна тапшырып койсо да, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен чыгарып, ал жерге чыккандарды андан ары качырып жиберишүүдө. Аларды эмне десе болот? Жалпы жүргүзүлүп жаткан иштерде коррупция болуп жатканы ачык эле сезилип турат.

Гүлзада Султанова
Уюмдун мындай билдирүүсүн коогалаңда жолдошунан айрылган Гүлзада Султанова да бышыктады. Анын белгилешинче, июнь айындагы тополоң учурунда жолдошу, милициянын полковниги Адылбек Султановдун өлүмү боюнча күнөөлүүлөрдү тартип коргоо кызматкерлери качырып жиберишкен:

- Менин күйөөмдүн соту нормалдуу өткөн жок. Күйөөмдү өлтүргөндөрдүн бири да жок, аларды карап турган, көрүп калгандар, жөнөкөй эле бирөөлөр кармалып калган. Башкы кылмышкерлердин бардыгы качып кеткен. Башчылары кармалбаса бул жерде кандай чындык болот? “Кармалды, азыр ооруканада турат” деген жерден качырып жиберишти.

“Кыңыр иш кырк жылда билинет”

Ал эми тартип коргоо органдары мындай айыптоолорду четке кагууда. Шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Башкур Абдыкалыков козголгон кылмыш иштеринин бир тобунун бети ачылгандыгын маалымдады.

- Жакшы иликтенбей жатат деген менен макул эмесмин. Биз колубуздан келишинче иштеп жатабыз. Болгон нерселердин баарын иликтеп жатабыз. Мисалы, июндагы башаламандыктар учурунда 74 киши дайынсыз жоголсо, алардын 16сы эле калды, калгандарынын өздүгүн аныктап бердик. Өздүгү аныкталбаган өлүктөр боюнча 66 болгон, бардыгы биригип. Бүгүнкү күндө алардын да 14ү эле калды. Калган бардыгынын өздүгүн аныктаганбыз.

Башкур Абдыкалыков
Башкур Абдыкалыковдун белгилешинче, июндагы коогалаңга байланыштуу жалпысынан 3 миңден ашык кылмыш иши козголгон:

- Июндагы коогалаң боюнча жалпысынан 3051 кылмыш иши, анын 3029 иш кылмыш иликтөө багыты боюнча. Анын ичинен адам өлтүрүү факты болсо, ал кылмыш иштердин 25инин бети ачылган.

Козголгон кылмыш иштерин иликтөө жакшы жүрбөй жатканына байланыштуу жабырлануучулар тарабынан нааразылыктар арбын болуп жатканын өз кезегинде Ош шаарынын прокурору Латыпжан Жумабаев да билдирди. Прокурордун “Азаттыкка” маалымдашынча, ушул тапта шаардык көзөмөл органы атайын топ түзүп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ишин текшерүүгө алууда:

- Карапайым адамдар тарабынан милиция кызматкерлеринин дарегине карата кылмыш иштери начар иликтенип жаткандыгы тууралуу, күч органдары аларга карата орой мамиле жасап жаткан тууралуу арыз дооматтар көп түшүп жатат. Ошол себептүү прокуратура кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топ, тергөө кызматкерлеринин, оперативдүү иш алып баруучу милиционерлердин ишин текшерүүгө алып жатат.

Коогалаңга байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча шектүү делип 300 киши кармалган. Алардын 268и убактылуу кармоо жайында жатат. Маалым болгондой, этностор аралык кагылышуу учурунда мерт болгон 429 кишинин денеси табылган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG